Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Террорчулар 2013-жылга чейин өзөктүк чабуул жасашы ыктымалбы?


АКШ Конгресси түзгөн комиссия эларалык коомчулуктун чечкиндүү аракети гана террорчулардын массалык кыргын салчу куралды колдонуусуна жол бербейт деп санайт. Ушундан улам комиссия президент шайланган Барак Обаманын өкмөтүн террорчулар алаамат куралга жетчү өлкө - Пакистанга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

АКШнын Массалык кыргын салчу куралдарды жана террорчулукту жайылтпоо комиссиясынын иликтөөсүнө караганда, келерки беш жылда террорчулар дүйнөнүн кайсы бир бөлүгүнө биологиялык же ядролук чабуул жасашы мүмкүн. Комиссия Республикачыл жана Демократтык партия тарабынан түзүлгөн.

«2013-жылдын аягына чейин дүйнөнүн кайсы бир жеринде массалык кыргын салчу курал колдонулары калетсиз. Биз бул ядролук эмес, биологиялык курал болот деген бүтүмгө келдик», деп билдирди 3-декабрда Вашингтондо комиссиянын төрагасы, мурдакы сенатор Боб Грахам.

Ушул эле күнү комиссия АКШ президенти Жорж Бушту жана вице-президент шайланган Жон Байднды өз изилдөөсү менен тааныштырды.

Бул изилдөө АКШнын 20-январда бийликке келчү жаңы өкмөтүн Иран менен Түндүк Кореяны өзөктүк куралга жеткирбөөгө чакырат. Вашингтон Ирандан өзөктүк программасы ядролук бомба жасоону көздөйт деп шектенсе, Түндүк Кореяда андай куралы бар деп кооптонот. Ошондой эле «Бүгүн терроризм жана массалык кыргын салчу курлардардын картасында бардык жолдор Пакистанда кесилишет» деп белгиленет изилдөөдө. Мындан улам комиссия Барак Обаманын администрациясына Пакистандын өзөктүк жана биологиялык материалдарын коргоого жардамдашып, Түштүк Азияда ядролук жарыша куралдануунун күчөшүнө жол бербөөнү сунуш кылат.

Айрым талдоочулар террорчулар Пакистанда массалык кыргын салчу куралга ээ болушу ыктымал деген береги комиссиянын пикири негизсиз деп санашат.

- Ядролук куралдар террорчулардын колуна тийет деп көптөн бери сөз болуп жүрөт. Пакистандын өзөктүк программасына биринчи жолу сөөмөй кезелип жаткан жок. Комиссиянын баасы негизсиз: коркуу жана божомолго негизделген деп ойлом. Анткени, Пакистандын өзөктүк программасы кылдат кайтарылган, дейт пакистандык илимпоз Расул Бакш Раис «Азаттыкка».

Ак Үйдүн өкүлү Дана Перино эки жактуу комиссиянын бүтүмүнө ынанбоого чара жок деп, өлкөнү террордук чабуулдан коргоо ар качан көңүл чордонунда экенин маалымдады:

- Биз Американын жарандарына каршы чабуулду болтурбоого, өлкөдө жана дүйнөдө массалык кыргын салчу куралдардын пайдаланышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурабыз. Анүчүн бизде аларды жайылтпоо демилгеси бар жана көптөгөн өлкөлөр менен иштөөдөбүз.

XS
SM
MD
LG