Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Иран Жибек жолун кайра жандандырууну белгилеген чоң салтанат өткөрө тургандыгын жарыялады. Бул демилге Ооганстан жана Тажикстан сыяктуу кошуна мамлекеттер менен транспорттук байланыштарын жакшыртуу максаты менен шайкеш келет.

Ирандын Батыш менен бир топ оор мамилеси аны тарыхый соода жолунун кеңири долбоорунан четте калтырса да, эки жактуу далай келишимдердин ырасталышы баары бир Тегерандын ролунун өзгөчөлүгүн көрсөтөт, деп билдирет The Guardian басылмасынын кабарчысы Роберт Таит.

Иран Жибек жолун жандандыра турган бир канча долбоорлорду иштете баштады. Бул аракеттери анын аймактагы геосаясий маанисин көтөрүү жана Батыштын ага карата экономикалык жана стратегиялык обочолонтуу саясатын жокко чыгаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Өкмөт бир канча унаа жана темир жолдорду, тоннелди куруу, портторун кайра жасоо долбоорлорун баштаган. Айрым серепчилердин айтымында, Ирандын бул аракеттери илгерки соода борбору катары өзүнүн салттык ролун калыбына келтирүү максатында жасалууда.

6000 километрге созулуп, Европа жана Азияны бириктирген соода жолун кайрадан жандандыруу боюнча Батыш колдогон долбоордо Иран катышпайт. Мындан тышкары ал “Жаңы Жибек жолу” деп аталып келген Европа Биримдигинин “Европа, Кавказ жана Азия аркылуу Транспорттук Коридор” (TRACECA) долбооруна кол койгон эмес.

Анын ордуна буга чейин Иран кошуна өлкөлөр менен эки жактуу келишимдердин негизинде транспорттук байланыштарын өнүктүрүү менен чектелип келди.

Иран өкмөтүнүн өкүлдөрү Жибек Жолун калыбына келтирүү аракеттерине аябай эле толкунданып, иштин бүтүшүндө атайын чоң салтанат өткөрүү максаттары менен бөлүшүштү.

«Биз Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясынан Газвин, Рашт жана Астара провинцияларына чейин, андан ары Орусия жана Европага бара турган жолду ачууну көздөйбүз. Биз азыр Газвин-Рашт аймагында иштеп жатабыз. Жол министрлиги курулуш иштери бир жылда бүтүп калат деп ишендирди», - деди Ирандын вице-президенти Мохаммад Реза Рахими.

Анын айтымында, негизги максат - Ирандын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана Европа менен Кытайдын ортосундагы эки айлык деңиздеги транзиттин убагын жердин үстү аркылуу өтчү жолдор менен 11 күнгө чейин азайтуу. Кытай, өз учурунда, Ирандын бир канча энергетика долбоорлорун каржылап, өзүнүн кара май жана газ коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерин көрүүдө.

Швецияда орун алган Борбордук Азия-Кавказ Институту жана Жибек жолу Изилдөө Программасынын (Central Asia-Caucasus Institute and Silk Road Studies Program) долбоор директору Сванте Корнеллдин (Svante Cornell) айтымында, Ирандын демилгелери Америка Кошмо Штаттарынын Тажикстан, Ооганстанда жүргүзүп жаткан долбоорлорундай эле иштейт, бирок аларга эч кандай тиешеси жок.

«Эгерде кандайдыр бир стратегия болсо, анда ал Ирандын фарсы тилинде сүйлөгөн аймагын түндүк Ооганстан жана Тажикстан менен бириктирүү үчүн иштейт. Андан башка да Түркмөн-Иран карым-катнашы бар. Ал идеология же башка окшоштуктардын негизинде эмес, жөн эле кадимки прагматикалык кызыкчылыктарга негизделген мамиле. Түркмөнстандын Ирандын түндүгүнө экспорттогон кара майын мисал катары алса болот», - деди Корнелл мырза.

Иран Борбордук Азиянын Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан менен келишимдеринин негизинде иштетилбеген кара майды импорттоп, анын ордуна Перс булуңу аркылуу иштетилген майды кайтарып берет. Түркмөнстан болсо Иран аркылуу пахтасын экспортко чыгарат.

Ирандын демилгелеринин масштабы АКШ жана анын союздаштарынын Тегеранды экономикалык обочодо калтыруу саясатына карама-каршы келет. «Бирок экономикалык санкциялар, АКШ менен болгон кастыгы Ирандын Жаңы Жибек жолун жандандыруу боюнча аракеттерине негизинен тоскоол болгон жок» деп эсептейт Сингапурдагы Улуттук Энергетика Институтунун энергетика коопсуздугу жана геосаясат боюнча серепчиси Хуман Пеймани.

«Иран менен АКШнын ортосундагы кастык мында көп деле таасир эте албады. Анткени Борбордук Азия кургактык менен курчалган регион болгондуктан, анын Иран менен Орусиядан башка таяна турган кошуналары жок. Албетте Кытай бар, бирок ал эл аралык соода жолунан алыс. Ошондуктан Иран Борбордук Азия үчүн, өзгөчө Түркмөнстан үчүн, эң маанилүү партнер», - деди Хуман Пеймани.

«Таң калыштуусу - Батыштын Иранга койгон санкциялары өлкөнүн соода коридоруна айланышына түрткү болоорунда» дешет айрым серепчилер. Мисалы, Борбордук Азия-Кавказ Институту жана Жибек Жолу Программасынын расмий өкүлү Никлас Сванстрөм (Niklas Swanstrom) экономикалык санкциялар Иранга кытайлык, орусиялык жана индиялык соодагерлерди жана инвесторлорду тескерисинче тартат деп билдирди.

«Азыр кытайлыктар, орусиялыктар, жадагалса, индиялыктар ортосунда Иранда таасирин арттыруу үчүн талаш жүрүп жатат. Анткени ал жерде энергетика куурларын жаткыруу салыштырмалуу оңой жана арзан. Ошонун эсебинен инфраструктура куруп, аны монополизациялоо же андан кийин көзөмөлдөө оңой болгондуктан, ал өлкөлөрдүн кызыкчылыктары Иранда өтө чоң», - деп билдирди Никлас Сванстрөм.
XS
SM
MD
LG