Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Иранда оппозицияга кысым күчөдү


Оппозициянын камалган ишмерлеринин бири Алиреза Бешешти.
Оппозициянын камалган ишмерлеринин бири Алиреза Бешешти.

Соңку күндөрү оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусави менен реформачыл динаятчы Мехди Каррубинин кеңешчилери камакка алынды.

Камоолор Махмуд Ахмадинежаддын президенттикке кайра шайлануусун талашууну уланткан жеке адамдар менен топторго каршы куугунтук жүрүп жаткан учурга туш келди.

Кеңешчилери камакка алынган мурдагы премьер-министр Мир Хоссеин Мусави жана парламенттин мурдагы төрагасы Мехди Карруби 12- июндагы шайлоодо азыркы президент Махмуд Ахмадинежадга атаандаш болгондор.

Кабарларга караганда, Мусавинин кеңешчиси Алиреза Бешешти менен Каррубинин кеңешчиси Мортеза Алвири 8-сентябрь күнү үйүнөн камакка алынышкан. Бул эки инсан тең бийлик президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын күч менен таратканда адамдар каза тапкан, камакка алынган же укугу бузулган фактыларды иликтөө үчүн оппозиция түзгөн атайын комитеттин мүчөсү эле.

Алар камакка алынган күнү реформачыл динаятчы Каррубинин жана анын “Этемад – е- Мелли” партиясынын кеңсесинде рейд өткөрүлүп, документтер, компьютерлер алынып кеткен, Каррубинин интернеттеги сайтынын башкы редактору да камакка алынган.
Мехди Карруби жактоочуларын келерки аптада көчөгө чыгууга чакырган.


Коопсуздук күчтөрү мындан сырткары белгилүү адам укугун коргоочу Эмад Баги жетектеген, Саясий айыпкерлерди коргоо боюнча ассоцияцианын кеңсесине да рейд жүргүзүшүп, аны жабышкан.

Айрымдар кеңешчилеринин камакка алынышы, оппозициянын эки лидеринин өздөрүн түрмөгө отургузуу алдындагы даярдык деп чоочулашууда. Мусави да, Карруби да Махмуд Ахмадинежад президенттикке добуштарды бурмалоонун натыйжасында кайра шайланганын айтып чыгышкан.

Аналитиктердин айтымында, соңку камоолор ошондой эле бийликтин Мусави менен Каррубинин жактоочуларын коркутуу жана алардын келерки аптага мерчемделип жаткан нааразылык акциясына катышуусуна жол бербөө аракети болуусу мүмкүн. Маселен Карруби өз жактоочуларын мамлекет Иранда Кудс деп аталган Израилге каршы демонстрация уюштурган учурда көчөгө чыгууга үндөгөн эле. Жактоочуларын жаңы нааразылык акцияларына чыгууга 5-сентябрдагы билдирүүсүндө Мусави да чакырган.

Парламенттин мурдагы төрагасы Мехди Каррубинин уулу Хоссейин Карруби “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун фарсы кызматы – “Фарда” радиосуна берген интервьюсунда кайрадан жанданган куугунтук бийликке чакырык таштап, түрмөлөрдөгү зордуктоолор тууралуу далилдерди жарыялаган атасын коркутуу аракети экенин белгиледи. Бирок кысым, кичүү Каррубинин айтымында, анын атасын беттегенинен тайдыра албайт:

- Баары болуусу мүмкүн, бирок Карруби бекем турары, өз ишине өтө олуттуу мамиле жасары айдан ачык. Эмне болуп кетери ал үчүн мааниге эмес.

Иран оппозициясына карата кысымдын күчөөсү – расмий өкүлдөр, анын ичинде президент Махмуд Ахмадинежаддын өзү алар атагандай, шайлоодон кийинки “тополоңдордун” башчыларын камоого чакырып жаткан учурга туш келди.

Маселен ирандык парламентарийлердин бири Саид Али Мохамед Мусави Мобараке бийликчил “Кейхан” гезитинде шаршемби күнү жарыяланган маегинде Мусавиге каршы көрүлүп жаткан чара саясий топтордун жана коомдук пикирдин күткөнү экенин белгиледи.

Айтор азыр баары ушул жума күнкү намазды күтүп турушат. Аны жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи өзү башкарары күтүлүүдө. Хаменеи акыркы ирээт жума намаздын башында июнь айында турган жана Ахмадинежаддын кайра шайлануусун тааныбай, көчөгө чыккандарды нааразылыгын токтотууга чакырган эле. Бирок эртеси 20-июнда ирандыктар диний көсөмдүн өзүнө чакырык таштап, көчөгө чыгышкан болчу. Бийлик аларга каршы күч колдонуп, тынч демонстранттардын бир нечеси өмүрүнөн айрылган. Ал күн азыр кандуу ишемби деп аталып жүрөт.

Ирандык адам укугун коргоочулардын бири Хади Гаеминин ишениминде, соңку камоолор менен рейддер шайлоодон кийинки укук бузуулар боюнча чындыкты элге чыгарбоо максатын көздөйт:

- Берилген маалыматтарды иликтөөнүн ордуна, биз ошол иликтөөнү жүргүзгөндөрдүн өзүн камап жатканына күбө болуудабыз. Бул алардын иши бийлик үчүн кооптуу жана алар муну жашырууга ынтызаар дегенди туюндурат.

Оппозициянын камакка алынган ишмерлеринин бири Мортеза Алвири шайлоодон кийинки укук бузууларды иликтеп жаткандардын колу байланганын 30-августтагы интервьюсунда эле билдирген. Ал эми “Руз” деген интернет газета ал камалардан бир нече саат алдыда алган интервьюда Алвири иран коомундагы азыркы “жымжырттык” өлкөдө нааразылык жок дегенди билдирбесин, бомба адамдардын көкүрөгүндө экенин, ал качан болсо да жарылып кете аларын кошумчалаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG