Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Ооганстанда талиптер Гилмендин стратегиялык районун басып алышты


Талиптерге каршы согушуп жаткан өкмөттүк күчтөрдүн өкүлү. Лагман провинциясы, Ооганстан
Талиптерге каршы согушуп жаткан өкмөттүк күчтөрдүн өкүлү. Лагман провинциясы, Ооганстан

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 23-мартта талиптер өкмөттүк аскерлер чегинип кеткен соң, Сангин районун бир ок чыгарбай туруп басып алган.

Талиптердин өкүлү полиция участогу жана аскер базасы курал-жарактары менен алынганын маалымдады. Гилмендин администрациясы "аскерлердин тактикалык чыгарылышы" тынч тургундардын ичинен курмандыктар болбосун деген максатта жасалганын билдирүүдө. Бийликтин дагы бир өкүлү америкалык күчтөр абадан сокку уруп, базада калган курал-жаракты жок кылганын айтты.

Талиптердин режими кулагандан берки убакта Сангин куралдуу кагылыш көп болгон аймакка айланган. Бул жерде АКШ жана Британиянын аскерлери Ооганстандын башка аймактарына караганда көп кырылган.

Бул райондо апийим өстүрүү кеңири жайылган. Аймак Гилменд дарыясы менен Кандагар провинциясынын ортосунда.

2013-жылы НАТО Ооганстанда коопсуздукту камсыздоону бийликке өткөрүп берген. Ошондон бери өлкөдө талиптер жана башка экстремисттик топтор менен күрөшүү уланып келет.

АКШнын баамында ооган өкмөтү өлкөнүн 60% көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG