Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Ошто өспүрүмдү бычактоого шектүү кармалды


Ошто 13 жаштагы Жеңишбек уулу Туратбекти өлтүрүүгө шектүү 22 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жаран курман болгон өспүрүмдүн кошунасы болгон. Ал кандай себеп менен өспүрүмгө кол салганы белгисиз. Кармалган адамдын психикалык саламаттыгын текшерүү үчүн экспертиза дайындалды.

Набыт болгон мектеп окуучусу Оштогу белгилүү куудул Жеңишбек Айтиевдин уулу болгон. (YI/BkA)

XS
SM
MD
LG