Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:32

Тасмага «жашынган» чындык


«Ханзаада жана мен» тасмасынан Нахид Перссон (солдо) жана Фарах Пахлави

«Ханзаада жана мен» тасмасынан Нахид Перссон (солдо) жана Фарах Пахлави

Ирандын акыркы падышасынын аялы Фарах Пахлави жөнүндө «Ханыша жана мен» деген жаңы тасма тартылды. Аны мурдагы коммунист, 1979-жылкы революцияга катышкан режиссер Нахид Перссон тарткан. Тасмада мурдагы ханзаада өзү жашаганга мажбур болгон өлкө тууралуу ойлору камтылды. «Азаттыктын» кабарчысы Голназ Эсфандиари Фарах Пахлавини кепке тарткан.

Эмне үчүн сиз Нахид Перссондун «Ханыша жана мен» аттуу тасмасына тартылууга макул болдуңуз?

- Ирандын өзүндө жана андан ары да ийгиликке жетише алган жаш искусство ишмерлерине карата менин көңүлүм дайыма түз. Мен Нахид Перссондун буга чейин Ирандагы сойкулар жөнүндө аябай оор даректүү тасмасын үмүткө ишеним менен жасаганын, анан төрт аялы бар ирандык киши бешинчисине үйлөнүүнү каалап жатканы тууралуу тасмасын көргөн болчумун. Андыктан ал мага сунуш этип калганда, ойлонбой эле макул болдум.

Бирок тасманы тартуу учурунда сиз «бекер эле макул болгон экем» деп эч өкүнгөн учуруңуз болбодубу?

- Ооба, андай учур тасманы тартуу маалында болду. Биз бир канча убакыт бирге иштеп калгандан кийин, мен ал режиссер аял жаш кезинде коммунист болгону тууралуу, мен өмүрү укпаган коммунисттик топтун мүчөсү болгону жөнүндө интернеттен каттарды ала баштадым. Мен ошондо шектене баштагам. Өзүнчө ойлоп калдым: «Мен акыркы 30 жылдан бери жүздөгөн интервьюларда менин оппоненттерим мени кандай караласа, аларга жооп иретинде монархиянын чыныгы жүзүн кандай түшүнөөрүмдү, чындык жана бүгүнкү Иран жөнүндө эмне ойлой турганымды айтып жүрдүм. Бул аял жаш кезинде кедей үй-бүлөдөн чыккан болсо керек. Андыктан акыйкаттык болуш үчүн коммунизм орношу зарыл деп эсептегендир» деп калдым. Бирок мен өзүм учурунда коммунисттик деп эсептелген мамлекеттерге да баргам. Аларда да мен эркиндиктин, акыйкаттыктын белгисин көрө алган эмесмин. Анан: «Эмне үчүн мен жаш кезинде меникинен башкача саясий ойдо болгон адам менен сүйлөшпөшүм керек?» деп ойлоп калдым. Эң башкысы – биз ирандыкпыз, Ирандын келечеги жөнүндө ойлошубуз керек. Ошол кезде оппозицияда жүргөндөрдүн айрымдары кийин келип, кечирим сурашканын билем. Албетте, ал кезде айрым кыйынчылыктар, жетишпөөчүлүк болгон. Бирок мындай орой революция сөзсүз эле болушу керек эмес эле. Бул боюнча пикирин такыр өзгөртпөй тургандар да бар.

Сиз тасманын эң кызыктуу бөлүгү деп кайсыл жерин атай аласыз?

- Мен үчүн бул даректүү тасманын эң кызыктуу жагы – эки такыр башкача позицияда жана саясий пикирдеги адамдар бирге отуруп, сүйлөшкөнү болду. Тасмада биз атайын расмий форматта жолукпайбыз. Жөн гана бири-бирибизге өзүбүздүн проблемалар тууралуу айтып беребиз. Бул, ушул мааниден алып караганда, кызыктуу болсо керек, бирок аны көрарман өзү чечээр. Ар ким тасмадан өзүнө кызыктуу жактарын бөлүп алат деп ойлойм.

Перссон менен алгачкы жолугушууңуз кандай өттү? Ал сизге башка дүйнөнүн адамындай сезилген жокпу?

- Мурда деле монархиянын учурунда бизде айрым министрлер же коммунисттик, же солчул позицияны кармангандар болгон. Андыктан бул мен үчүн анчалык жаңы нерседей деле туюлбады. Биринчи ирет жолукканда биз бири-бирибизди жакшы билчү эмеспиз. Саясий көзкараштарды эске албаганда да, жөн гана жаңы адамга көнүп, анын жүрүш-турушуна үйрөнүүнүн өзү да бир канча убакытты талап кылат. Кийинчерээк биз бири-бирибизге көнүп калдык, анан жеңилирээк сүйлөшө баштадык. Мен акыркы 30 жылдан бери мурдагы статусум менен жашабасам да, өзүмдүн өлкөмдүн жарандарына өзгөчө сезимим бар.

Сиз өзүңүз бул даректүү тасманын акыркы версиясын көрө алдыңызбы? Ал жөнүндө кандай ойдосуз?

- Ооба, акыркы версиясын көрдүм. Айрым айтылган нерселерге кошулбайм. Автор кайсыл бир деңгээлде өз пикирин ачык айтканга мүмкүнчүлүк алды. Мага да ушундай эле мүмкүнчүлүк беришин каалагам. Менимче, ошондо даректүү тасма кызыктуураак да, акыйкаттуураак да болмок.

Ирандын акыркы падышасынын аялы Фарах Пахлавинин айтымында, бул тасманын башкы мааниси – эки башка идея менен, эки башка саясий көзкараш менен жашаган адамдар канчалык жакын боло алаарын көрсөтүү эле, аны менен катар Ирандын келечеги үчүн позициялар канчалык жакындай алаарын айгинилөө болду. Иран революциясынын 30 жылдыгы тууралуу ойлоп, ал окуялар болбогондо азыр Иран алда канча өнүккөн мамлекет болмок, дейт мурдагы ханзаада.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG