Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Иран ыңкылабы 30 жашта


Махмуд Ахмединежад: «Иран Батыштан коркпойт!», 10-февраль, 2009

Махмуд Ахмединежад: «Иран Батыштан коркпойт!», 10-февраль, 2009

Иранда Ислам революциясынын 30 жылдыгын белгилеп жатышат. Майрамдык сөзүндө президент Махмуд Ахмединежад «Эгерде акыйкат жана бири-бирин түшүнүүгө негизделе турган сүйлөшүү болсо, анда Иран АКШ менен диалогго барууга даяр» деп билдирди.

Президент М.Ахмединежад бүгүн Тегерандын Эркиндик аянтына чогулгандарга кайрылып, АКШнын жаңы президенти Барак Обама Иранга карата саясатын «тактикалык эмес, фундаменталдык» мүнөздө өзгөртүшү керек деди. «Иран эли чыныгы өзгөрүүлөрдү сүйүнүч менен кабыл алат», - деп айтты ал.

Андан бир күн мурда АКШ президенти Обама «Эми Ислам мамлекети менен тикелей сүйлөшүүлөргө барыш керек» деп айткан болчу. Бул эки мамлекет тээ 1979-жылдагы революциядан бери алыш-беришин токтотуп коюшкан.

Президент Обама дүйшөмбүдө Иранга байланышкан кооптонууларга карабай, анын мамлекети Тегеран менен сүйлөшүү үчүн жаңыча жолдорду караштырып жатканын айткан.

Ахмединежад болсо Тегерандагы ыңкылап майрамында сүйлөп жатып, Иранды бүтүндөй дүйнө менен достук гана мамиледе болууну көздөгөн негизги күч катары сыпаттады: «Иран, негизги күч экенине карабай, ал баардык улуттардын, өзгөчө ушул региондогу элдердин бир тууганы, - деп айтты президент. - Кудайга шүгүр, бүгүн Иран эли региондогу калган улуттар менен достук, боордоштук мамилесин сактап келатат».

Ирандагы маалымат каражаттары бүгүнкү майрамда он миңдеген адам демонстрацияга чыгып, «Атомдук энергияга укугубуз бар!», «Америкага өлүм!», «Израилге өлүм!» деп кыйкырып турушканын кабарлады. Ирандын негизги мамлекеттик ИРНА маалымат агенттиги болсо бүгүнкү окуяны «Ирандын өзөктүк энергия боюнча референдуму» деп да атап салды.

Мамлекеттин башында турган истеблишмент бул күндү, адатта, учурдагы башкаруу системасына карата элдин ишенимин көрсөткөн акт катары карайт. Бирок күн өткөн сайын 30 жылды карыткан Ислам революциясы өз максат-мүдөөлөрүнө жетпей калганын, убадалар дале аткарылбай келатканын айткан жөнөкөй ирандыктардын саны көбөйүүдө.

Ирандык бир угарманыбыз бизге телефон аркылуу кайрылып: «Бул ыңкылап элге кайгыдан башка эч нерсе алып келбеди. Иранга келип, элдин чыныгы абалын көрсөңөр болот. Бир күн Газанын күнүн белгилешет, экинчисин Хамастын күнү дешет, үчүнчү күнү «Америкага өлүм», «Израилге өлүм» деп кыйкырып чыгышат. Деги качан биз кыйналган жөнөкөй ирандыктардын күнүн белгилейбиз?», - деп даттанды.

Быйылкы ыңкылап майрамы Ирандын өзөктүк программасы менен байланышкан кооптонууларга туш келди. Иран өзүнүн өзөктүк программасы жалаң гана жайчылык максатта иштелип жатканын айтып келет. АКШ жана бир топ Батыш мамлекеттери болсо Иранды атомдук бомба жасап жатышы мүмкүн деп чочулашат.

Февралдын экисинде Тегеран орбитага «Yмүт» деген ракетасын учуруп, ушул өңдүү кооптонууларга шыкак бергендей болду.

Ахмединежад болсо майрам учурунда элге кайрылып: «Бүгүн Иран Батыштын санкцияларынан да, аскерий чабуулдарынан да коркпойт», - деп жар салды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG