Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Иран уранын четке жөнөтүүгө чын эле даярбы?


Махмуд Ахмадинежад уран боюнча жарыясынын артынан эле үч спутниктин жана технология жаатындагы башка жетишкендиктердин бет ачар салтанатына катышты.

Махмуд Ахмадинежад уран боюнча жарыясынын артынан эле үч спутниктин жана технология жаатындагы башка жетишкендиктердин бет ачар салтанатына катышты.

Иран аз байытылган уранын ийине жеткире байытуу үчүн башка өлкөгө жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул жарыя расмий Тегерандын турумундагы олуттуу өзгөрүү болушу ыктымал.

Уранды өзүндө эмес четте байытуу Иранга дүйнөнүн ири алты өлкөсү тарабынан сунуш кылынган келишимде каралган. Соңку айларда иран бийликтери ал планды сынга алып келген.

Ирандын турумундагы ыктымал өзгөрүүнү президент Махмуд Ахмадинежад мамлекеттик теледен сүйлөгөн учурунда жарыялады:

- Бизде аз байытылган уранды четке жөнөтүү боюнча проблема жок. Айрымдар ( Батыш өлкөлөрү) обу жок эле чуу салышты. Бул жерде эч кандай проблема жок. Анткени биз отун алмашуу жөнүндөгү келишимге кол коюуга даярбыз. Биз аларга 3,5%га байытылган уранды беребиз, кайра төрт же беш айдан кийин 20%га байытылган уранды бизге кайтарышат.

Махмуд Ахмадинежад макул болуп жаткандай маселе - Ирандын маалымат каражаттары жана расмий өкүлдөрү соңку айларда сындап келген келишимдин түйүндүү бөлүгү.

Иранга алтылык же АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия Улуттар уюмунун ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдө сунуш кылган келишим боюнча Тегеран аз байытылган уранынын 70%ын 20%га чейин байытуу үчүн четке жөнөтөт. Мынчалык деңгээлде байытылган уранды реактордо өзөктүк отун ирээтинде колдонууга болот, бирок өзөктүк курал жасоого жарай тургандай материалга жеңил эле айландыруу мүмкүн эмес.

Бул пландын максаты - Иранда өзөктүк курал жасоого жеткидей көлөмдөгү уран кору жыйналуусуна жол бербөө. Батыш өлкөлөрүнүн Иран өзөктүк курал программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоону көздөйт деген ырастоосун Тегеран такай төгүндөп келет.

Тегерандан түшкөн жаңылыкка АКШ этият мамилесин билдирди. Аны эң алгачкылардан болуп комментарийлеген америкалык расмий өкүл - Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин маалымат катчысы Майк Хаммердин айтымында, эгер Ахмадинежаддын сөздөрү чын эле Ирандын кайра каралган турумун чагылдырса, ал ириде МАГАТЭге маалымат берүүсү керек.

Бирок АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Филип Кроули Вашингтон баштапкы келишимди кайра талкуулоого кызыкдар эместигин белгиледи. Мамдепартаменттин өкүлү мында Иран президентинин уран четке жөнөтүлгөндөн кайра "төрт-беш айдан соң кайтып келет" деген сөзүн эске алган болушу ыктымал.

Себеби Иранга алтылык тарабынан сунушталган келишимде байытылган уран бир жыл ичинде берилери көргөзүлгөн. Бул шарт дагы эгер Ирандын бомба жасоо ниети болсо, ага бөгөт салууну көздөйт.

Президент Ахмадинежад өз сөзүндө келишимдин дагы бир өңүтүнө токтолгон жок. Сунуш кылынган долбоордо уранды бир партия менен гана жөнөтүү каралган. Бул шарттын максаты да Ирандын колунда топтолгон байытылган уран корун азыраак кылуу. Иран бийликтери болсо буга чейин алар уранды бир топтом менен эмес, бөлүк-бөлүк кылып жиберип турууну көздөшөөрүн айтып келишкен.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки 2-февралда Анкарада, ТРТ Түрк телеканалына берген интервьюсунда уран алмашуу кандай жүрүшү мүмкүн экендиги тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
-Эгер биз убакыт жана көлөм боюнча макулдашууга жете алсак, анан орун жөнүндө сүйлөшөбүз. Бир вариант – Түркия, Ирандын өзү да вариант. Биздин Бразилия менен Жапониядагы достор да буга даярданып жатканын билдиришкен.

Тегерандан түшкөн кабарды алтылыкка кирген өлкөлөр ичинен Орусия жылуу кабыл алды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, “эгер Тегеран уранды байытуунун мурда макулдашылган схемасына кайтса, Орусия муну кубаттайт”.

Бирок бул маселеде Иран президентинин жүрөгү чындап жибигенине анча ишенбегендер да бар. Айрым кабарчылардын көз карашында, учурда АКШ Иранга каршы БУУнун санкцияларынын жаңы айлампасы киргизилүүсүн талап кылып жатканын эске алганда, Ахмадинежаддын айткандары Коопсуздук кеңеши жаңы санкция боюнча мунасага жетүүсүн созуу жана убакыттан утуу аракети гана болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG