Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Иракта ал-Малики жеңет-жеңбейт


Ал-Малики шайлоо өнөктүгүндө, 26-феврал
Ал-Малики шайлоо өнөктүгүндө, 26-феврал

Мындан бир нече ай мурда Нури Камал ал-Малики Ирактын өкмөт башчысы болуп кайра шайланат деген ишеним күчтүү эле. Бирок 7-мартта парламенттик шайлоодо анын дагы төрт жыл бийликте калаары улам көбүрөөк күмөн туудурууда.

Сөздү таптап, так сүйлөгөн, келбети ары сүрдүү, ары кабелтең ал-Малики шайлоо өнөктүгүндө бир ойду улам кайталап айтып келет. «Бүгүн Ирак 2005 же 2006-жылдагы Ирак эмес» деген сөзү менен премьер бир чети кечээ жакындагы кандуу согуштун басаңдашындагы өз өкмөтүнүн салымын каңкууласа, бир жагынан ал капсалаң оңой эле кайтып келиши мүмкүн экендигин эскерткендей.

Бирок быйыл 60ка чыгып жаткан өкмөт башчынын тагдыры кылдын учунда, ал ушул жекшембидеги добуш берүүдө элдин элегинен өтпөй калса, анын колдоочулары да таң калбайт болуш керек.

"Азаттыктын" Багдаддагы кабарчысы Лайла Ахмед буларды айтат:

- Премьер-министр Нури ал-Маликинин бедели түшүп кеткенин Ирактын көчөлөрүнөн эле байкоо мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнүн начарлашы менен катар, коопсуздук абал солгундап кетти, соңку жардыруулар да анын аброюн түшүрүп койду.

Өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы, "ал-Иракия" шайлоо коалициясына кирген Ияд Аллави да 26-февралда Анкарада сүйлөгөн сөзүндө абалга камтама болгонун жашырган жок:

Шайлоо алдындагы кырдаалга биз абдан тынчсызданып жатабыз. Тынч болсо, добуш берүүгө жагымдуу шарт болсо, Ирак эли шайлоодо кеңири добуш берсе деген элек. Тилекке каршы, азыр шайлоо укуктары бузулуп, тыюу салынып, коркутуулар, камакка алуулар болуп жатат.

Ал-Маликинин жактоочулары да премьердин элден алыстап, сиркеси суу көтөрбөй калгандыгы белгилешүүдө. Бирок албетте анын кайра шайланышына ал таасир эте албаган кырдаалдар да болуп жаткандыгы шексиз. Азырынча байкоочулар адатта бийлик төңкөрүштө же мамлекет башчысын тиги дүйнөгө аттантуу аркылуу гана алмашып келген аймакта өкмөт шайлоо аркылуу оошкондун өзүн жетишкендик деп баалаш керектигин белгилешүүдө.

Ал-Маликини ажардуу, адамга жагымдуу, шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз өткөргөндү билген кесипкөй саясатчы деп айтыш кыйын. Бирок «Гералд Трибюн» гезити белгилегендей, кечээ жакында эле террордук чабуулдардан солкулдап, кан суудай аккан өлкөдө тынчтык орнотуудагы анын буга чейинки эмгегин атаандаштары да моюнга алышат.

Ал эми карапайым элчи? «Мен аны өлкөнү сактап калган киши деп эсептейм» дейт Басра шаарында мугалим болуп иштеген 56 жаштагы Самира Али. Бир кездери шийит согушкерлери былк этпей кармап келген бул шаарда ал-Малики 2008-жылы согуштук операция өткөрүүгө буйрук берип, борбордук бийликти калыбына келтирген эле.

XS
SM
MD
LG