Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Саддамдын эң жакын сакабасы дарга асылат


Багдад -- Тарик Азиз былтыр марттагы сот маалында.
Багдад -- Тарик Азиз былтыр марттагы сот маалында.

Ирактын жогорку кылмыш соту өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри жана вице-премьери Тарик Азизди өлүм жазасына өкүм кылды. Ага кошо дагы эки киши – мурдагы ички иштер министри Саадун Шакер менен Саддамдын катчысы Абид Хамуд да дарга асылат.

Ирак сотунун өкүмүндө Тарик Азиз диний азчылыктардын өкүлдөрүн кысмактаган кампанияларга активдүү катышканы, Саддам Хуссейндин саясий оппоненттерине, айрыкча шийиттердин партияларына кызыл уук куугунтук уюштурганы үчүн эң жогорку жазага өкүм кылынганы айтылат.

Өкүмдү уккан соң Тарик Азиз эски режимге чын ыкыласы менен кызмат кылганы үчүн гана күнөлүү экенин, бирок өзү ал кездеги өлкөнүн мыйзамдарына өөн келген эч кандай иш кылбаганын билдирди.

Баасчылардын башкы идеологу
Иракка америкалыктар кирген соңКувейтке, Иранга жана өз элине каршы аскерий кылмыштарды жасаган адамдарга издөө жарыяланып, тизменин сап башындагыларга Тарик Азиз да кирген. Ал Багдад кулагандан көп өтпөй америкалыктардын колуна түшүп берген. 2006-жылы Саддам Хуссейндин сотунда күбө катары суралган жана эски бийликти жактап сүйлөгөн.

"Саддам Хуссейн менин президентим жана жакын жолдошум болгон, -деп айткан Тарик Азиз ошол соттогу сөзүндө. – Аны менен 17-июлдагы окуяларга чейин эле таанышып, жакшы билгем".

1968-жылы 17-июлдагы төңкөрүштөн соң "Баас " партиясы бийликти басып алган. Көп өтпөй Саддам президент болуп шайланган. Саддам менен Тарик Азиз 1950-жылдары эле "Баас " партиясы жаңыдан түптөлүп, түзүлө баштаган маалдан тартып ийиндеше бирге иштеген.

Перси булуңундагы биринчи согуш маалында Саддамдын өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп турган. Өкмөттүн тышкы саясаттагы позициясын сырт дүйнөгө ташбыйкат кылган да негизинен Азиз болгон. Жаш кезинде ал Багдаддагы көркөм өнөр коллежинде англис адабиятын баса отуруп окуп-үйрөнгөн, "Баас" партиясынын борбордук органы - "Ал-Тавра" гезитинде адегенде кабарчы болуп иштеп, кийин башкы редакторлугуна дайындалган.

2000-жылдары Ирактын массалык кыргын куралдарына байланыштуу түзүлгөн эл аралык инспекциянын мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Багдаддын башкы өкүлү да Азиз болгон.

2009-жылы Азиз жыйырма жылдай мурда күрттөрдү күчкө салып көчүргөн иштерге катышкан деген айып менен жети жылга түрмөгө кесилген. Ага чейин ирак соодагерлерин кызыл кыргынга салган кыянаттарга тиешеси бар делинип, он беш жылга эркинен ажыратылган эле.

Таанымал тарса
Айрым маалыматтарда 74 жаштагы Тарик Азиз түрмөдө мээсине кан куюлуп, оорукчан болуп калганы айтылат.

Тарик Азиздин өз аты – Михаил Юханна. Баасчылардын өкмөтүндө ал ирактык тарсалардын – христиандардын – эң таанымал өкүлү болгон. Азиз - католик халдей чиркөөсүнө табынган ыкыласман. 2003-жылы – камалардан жуп эки айдай мурдараак - аны Ватиканда Рим папасы Иоанн Павел II өзү кабыл алган.

Жогорку кылмыш соту Тарик Азиз менен бирге дагы эки кишини – мурдагы ички иштер министри Саадун Шакер менен Саддамдын катчысы Абид Хамудду да өлүм жазасына өкүм кылды. Өкүмдү эми өлкөнүн президенттик кеңеши бекитиши керек, ошондон соң ал күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG