Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Иракта эки жаат эрегишкени турат


Багдад -- Ирактын борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Хамида ал-Хусейни 500дөй талапкер тизмеден мыйзамга ылайык чыгарылганын ырастады.
Багдад -- Ирактын борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Хамида ал-Хусейни 500дөй талапкер тизмеден мыйзамга ылайык чыгарылганын ырастады.

Ирактын борбордук шайлоо комиссиясы быйыл мартта депутаттыкка ат салышкысы келген жарым миңдей кишини жалпы талапкерлер тизмесинен алып салды. Бул чечим өлкөдөгү диний жамааттардын алакасын кайрадан саясий аразга айлантышы мүмкүн.

Иракта быйыл 7-мартта жалпы улуттук парламент шайланат. Бул саясий өнөктүк өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгаруу планында аныкталган башкы иш-чаралардын бирине кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Хамида ал-Хусейни талапкерлер мыйзамга ылайык тизмеден чыгарылганын кабарлады. Атап айтканда, маселе адегенде Адилет жана жоопкерчилик комиссиясында каралып, чечилди. Комиссияга Саддам Хусейндин мурдагы тарапкерлерин териштирип, алардын бийлик органдарына өтүп кетишине жол койбоо милдети табышталган.

Талапкерлердин көпчүлүгү мурдагы Баас партиясынын мүчөлөрү болгондуктан тизмеден алынды. Комиссия марттагы шайлоодон кийин жергиликтүү бийликтерди да баасчылардан тазалаганы жатат.

Ошол эле учурда тизмеден чыгарылгандар комиссияга даттанып, ишти кайра каратканга укуктуу. Айрымдар тийиштүү мекемелерге арыз беришти.

Ошентсе да бул чечим сүннүлөр менен шийиттер арасында саясий аразга тамызгы таштаганга үлгүрдү. Эн-Нажаф аймагынын бийликтери, маселен, баасчылар менен саддамчыларга 24 саат ичинде провинциядан чыгып кеткенге шарт коюп, болбосо алардын "орой төбөсүнө зылдай оор муштум ойноп калат" деп билдиришти.

Өткөн аптада бул аймакта үч жерде удаама-удаа бомба жарылып, бир нече киши жер жазданды. Жергиликтүү бийликтер муну баасчылардан көрүп, аларды "Ал-Каида" менен байланышы бар деп айыпташты.

Тизмеден чыгарылган 500гө чукул талапкерлер арасында көрүнүктүү саясатчылар, атап айтканда, азыркы коргоо министри Абдулкадир Обейди, улутчулдар кыймылынын лидери Салех Мутлак жана башкалар бар.

Обейди премьер-министр Нури ал-Малики жетектеген "Мыйзамдуулук" коалициясынан депутаттыкка талапкерлигин койгону жаткан. Мутлак - азыркы парламенттин мүчөсү, Улуттук биримдик кыймылынын лидери. Өткөн шайлоодо улутчулдар уюму сүннүлөрдөн кеңири колдоо тапкан.

Мутлак учурунда Баас партиясынын мүчөсү болгон, кийин сүннүлөрдүн өкүлү, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Айад Аллави менен бирге саясий бирикме түзгөн.

Эл аралык өкүлдөр бийликтердин бул чечими сүннүлөр арасында нааразылыкты күчөтүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Улуттар Уюмунун атайын өкүлү өткөн жумада шайлоо комиссиясынын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар кандай бүтүмгө келишкени тууралуу эчтеме айтылган жок. Ал эми Адилет жана жоопкерчилик комитети эл аралык өкүлдөн "Ирактын ички иштерине кийлигишкенин токтотууну" талап кылды жана "эгемен өлкөдө бардык маселе эл өкүлдөрү кабыл алган мыйзамдарга ылайык чечиле турганын" эскертишти.

XS
SM
MD
LG