Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

А.Жавади: Иран Иракта башкы оюнчу бойдон калат


Ирак -- Шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кыска танапис маалында. Комиссия добуштардын жыйынтыктарын дагы бир нече күндөн кийин жарыялайт. Ага чейинки ар кандай булактардан чыккан кабарлар же маалыматтар таанылбайт.
Ирак -- Шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кыска танапис маалында. Комиссия добуштардын жыйынтыктарын дагы бир нече күндөн кийин жарыялайт. Ага чейинки ар кандай булактардан чыккан кабарлар же маалыматтар таанылбайт.

Иракта жекшемби күнкү шайлоодогу добуштар саналып жатат. Бул учурда көпчүлүк байкоочулар эки ири саясий бирикме – азыркы премьер-министр Нури ал-Маликинин коалициясы менен Ирак улуттук алянсы – добуштардын көбүн алат деп божомол кылып жатышат.

Кептин баары аталган эки бирикме добуштардын саны жагынан алдыга чыккан күндө деле жарнакташып өкмөт курай алабы – мына ушунда турат.

"Бул эки бирикме биргелешип коалиция түзөбү (бул бир топ күмөндүү жосмол) же башка эки союз – күрттөр жана динаятсыз "ал-Иракия" менен өнөктөш болобу, кандай болгон күндө да коңшулаш Иран мурдагыдай эле Иракта чоң таасирин сактап калат, эмдиги жылдын этегинде америкалык аскерлер чыгарылып кетсе, таасирин дагы күчөтө алат",- деп белгилейт өз комментариясында "Азаттыктын" аналитиги Аббас Жавади.

Премьер ал-Маликинин алянсына анын "Мыйзамчыл мамлекет" бирикмесинен тышкары шийиттердин, сүннүлөрдүн,күрттөрдүн жана түркмөндөрдүн он чакты партиялары кирет. Өкмөт башчылык кезинде ал-Малики өзү иран өкүлдөрү, анын ичинде жогорку лидер аятолла Али Хаменеи менен жакшы ымалада болду. Тегеран аны шийиттерден куралган Ирак улуттук алянсына кошулганга бир нече ирет "түрткүлөп" көрдү. Бирок ал-Малики буга барган жок.

Ирак улуттук алянсында Жогорку Ислам Ирак Кеңеши (ЖИИК) жетектөөчү күч саналат, аны болсо иранчыл жана имам Хакимдин оолатынан чыккан Аммар Хаким башкарат дешет. ЖИИКтин Бадр милициясы 80-жылдардагы сегиз жылдык согушта Саддам Хуссейнге каршы күрөшүп, кийин анын базасында Ирандагы азыркы ислам революциясынын сакчылар корпусу куралган.

Учурунда ЖИИКтин айныбас душманы болуп жүргөн радикал имам Моктада ас-Садр да Тегерандын кеп-кеңеши менен Ирак улуттук алянсына кирди.

Үчүнчү ири күч эсептелинген күрттөрдүн каолициясында эки партия – Масуд Барзани жетектеген Күрстан демократиялык партиясы менен ирак президенти Жалал Талабани лидерлик кылган Күртстан патриоттук союзу бар. Алар да Иран менен жакшы ымалада болгонго кызыкдар. Төртүнчү ири коалиция – мурдагы премьер-министр Аяд Аллавинин "ал-Иракия" бирикмеси гана Тегеран менен анчейин алакасы жок.

Мындан тышкары дагы бир фактор бар: Иракта да Ирандагыдай эле калктын көпчүлүгүн шийиттер түзөт. Ал-Нажаф менен Кербала - бардык шийиттердин ыйык, жыл сайын зыярат кылып турган жерлери эсептелет. Ал-Нажафта улуу аятолла Али ал-Систани жетектеген диний мектептерде миллиондогон ирандыктар таалим-тарбия алат.

2012-жылдын этегине барып америкалык аскерлер толук чыгарылып кеткен соң Ирактын коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү кырдаалга кадимкидей көзөмөлдүк кыла алары арсар. Ошол эле учурда Ирак бүт бойдон будуң-чаң түшүп, бөлчөктөнүп бөлүнүп кетет дегенге да негиз жок. Бул жерде АКШдан калган ар кандай жылчыктын көзүн бүтөгөнгө жана өз таасирин арттырганга Иран умтулбай койбойт.

Аббас Жавадинин пикиринде, Иракта акыры америкалыктар менен ирандыктар бир мунаса табышат деген жосмол да кадиктүү көрүнөт. Анткени Тегеран Вашингтонго чоң кусамат менен карайт, Обаманын администрациясына да улам куйкасы курушуп баратат.

"7-марттагы шайлоо Ирактагы иштерди тигил же бул таризде оңдогонго Ирансыз кыйын болорун дагы бир жолу ырастады",-дейт Жавади.

XS
SM
MD
LG