Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Ирак: Шайлоого жол ачылды, Киркук чатагы дагы “көмүлдү”


Ирак. 2010-жылдын январында болчу жалпы элдик шайлоону утурлай сунни араптардын төрт партиясы Ирак элдешүү майданынан бирикти.Багдад.
Ирак. 2010-жылдын январында болчу жалпы элдик шайлоону утурлай сунни араптардын төрт партиясы Ирак элдешүү майданынан бирикти.Багдад.

Ирак парламенти эчендеген жумалар созулган талаш-тартыштан соң Шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алды.

Бул саамалык келерки жылдын башында жалпы элдик шайлоону өткөрүүгө жол ачты. Бирок Ирак парламентинин мүчөлөрү өтө

Күрттөр Киркук шаарыны жарым-автономиялуу өз регионуна кошуп алууну каалайт.

талаштуу Киркук шаарынын макамына бир жылдан соң кайрылмак болушту. Серепчилер Киркук маселеси келечекте коомду бөлүп-жарчу бомба болот деп боолгошот.

Түндүк Ирак. Киркук шаарынын четиндеги газ кени.
Шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамды Ирак парламенти 8-ноябрда көпчүлүк добуш менен жактырды: маанилүү мыйзам үчүн 196 депутаттын 141 добуш берди.

Премьер-министр Нури Маликинин сөзүнчө, көптөн күтүлгөн мыйзам Ирактын өнүгүүсүнө бөгөт койгон террорчулар менен башкесерлерге урулган сокку болду.

Иракта январда өтчү жалпы элдик шайлоо жаңы мыйзам боюнча өтөт. Бул шайлоо өлкөдө демократия кубаттанып баратканын эларалык коомчулукка шарданалаш керек.

Шайлоо боюнча мыйзамдын кабыл алынганы карапайым ирактыктарды да кубандырды. Багдаттык Дахил Сахиб "Ройтерс" телеканалына берген интервьюда өз сүйүнүчү тууралуу мындай деди:

-Кечээ Шайлоо жөнүндөгү мыйзам үчүн добуш берүүгө бардык партиялар катышканын көрүп абдан сүйүндүм. Буга Ирак эли да курсант.

Ал эми байкоочулар башка пикирде. Ирактык саясый серепчи Хазим Нуями Киркук шаарынын макамы такталбай калган жаңы мыйзамды “болочокто жарылчу бомба” деп сыпаттайт.
Ирак түркмөн майданы(Ирак Түркмөн Чефеси) былтыр жайда күрттөргө автономиялык укук берилишине каршы чыккан.


Түндүк Ирактын мунай өнөр жайы топтолгон Киркук көп улуттуу шаар. Күрттөр шаарды жарым-автономиялуу өз регионуна кошуп алууну каалайт. Араптар менен түрктөр буга каршы жана шаарды өз башкаруусунда кармоого ынтызар.

Жаңы мыйзамга ылайык январда Киркукта да шайлоо өткөнү менен, анын жыйынтыгы алдын ала
Ирактык күрттөрдүн "Файли Күрт" саясый тобу. Багдад.
маалымат катары бааланат. Анткени кайсы бир эл көп добуш алуу үчүн сырттан кандаштарын алып келгени атайын комиссия тарабынан текшерилет. Эгер андай фактылар табылса, кандай чара көрүлөрү белгисиз.

БУУнун башкатчысы Пан Гимун Ирак парламентин жаңы шайлоо мыйзамын кабыл алуусу өлкө калкын элдештирүү үчүн жасалган чоң кадам деп баалады.

Президент Обама саамалык Ирандагы тынчтыкка салым кошот деп ишенгенин билдирди:

- Кошмо Штаттар Ирактын өнөктөшү жана досу бойдон кала берет. Чоң проблемалар күтүүдө жана алдыда катаал күндөр болорунан күмөн жок. Бирок бул келишим Ирактагы саясый прогрессти алгалатып, бекем тынчтыкты жана биримдикти алып келиши, ошондой эле келерки сентябрда Америка аскерлери Ирактан чыгып кеткенден кийин тартиптин жана жоопкерчиликтин сакталышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Вашингтондо Шайлоо жөнүндөгү мыйзам кечиге берсе, Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү планы бузулат деп тынчсызданып жаткан.

XS
SM
MD
LG