Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Евробиримдик Беларуска санкцияны дагы бир жылга узартты


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Санкция боюнча, өлкөгө курал сатууга тыюу салынган, беларустук төрт кишинин банк эсептери токтотулуп, Евробиримдик аймагына кирүүсүнө тыюу салынган. Алар эки оппозиционердин: ишкер менен журналисттин дайынсыз жоголуусуна себепкер деп эсептелет.

Өткөн жылы Евробиримдик Беларустун 170 аткаминерине карата киргизилген санкцияларды артка алган, алардын ичинде президент Александр Лукашенко да бар.

AFP маалымат агенттиги Брюсселдеги булактарына таянып билдиргендей, Лукашенко украин кризисин жоюу үчүн Евробиримдик менен тыгыз кызматташууда. Тагыраак айтканда, беларус президенти Минскиде сүйлөшүүлөрдү уюштурду.

XS
SM
MD
LG