Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Багдаддагы катар жардыруулар 127 кишинин өмүрүн алды


Багдаддагы 8-декабрдагы жардыруулардын бири орун алган жай.
Багдаддагы 8-декабрдагы жардыруулардын бири орун алган жай.

Ирактын баш калаасында кан кайра суудай төгүлдү. Бүгүн 8-декабрда катар-катар жардырууларда кеминде 127 кишинин өмүрү кыйылды. Жараат алгандардын саны 400дөн ашты.

Чабуулдардын биринде жан-кечтинин машинасы Багдаддын түштүгүндөгү Дора ооданында полиция бекетин бутага алды. Мындан көп өтпөй, шаардын чок ортосунда өкмөттүк имараттардын жанында аз дегенде эле үч машина жарылды.

Азаттыктын Ирак кызматынын кабарчысы Халид Валед чабуулдарды мындайча сүрөттөдү:

Мен азыр Жумуш жана Социалдык иштер министрлигинин жанында турам. Беш жардыруу болду. Бул министрликтин жанындагы жардыруу баарынан катуу болду. Дагы бир бомба Ички иштер министрлигинин жанында жарылды. Мен турган жерде өлгөндөр, жарадарлар бар. Аларды тез жардам алып кетип жатат. Коопсуздук күчтөрү бизди Жумуш жана Социалдык иштер министрлигине киргизбей койду. Бул жарылуу машинадагы бомбадан болду. Ишки иштер министрлигинин жана Багдаддын борборундагы киши көп каттаган Шория базарында да машина бомбасы колдонулду.

Түштүктөгү Дора дубанындагы жардырууда каза тапкан 15 кишинин 12си бул жерде жайгашкан техникалык колеждин студенттери болгондугу кабарланууда. Калган үчөө текшерип өткөрүү бекетинде турган полициячылар экен.

Теледен жардыруу болгон жерлерди кою түтүн каптап турганын көрсөтүштү.

Бул - эки жүк ташуучу машина жарылганда 155 киши курман болгон 25-октябрдагы чабуулдан кийинки эң каргашалуу чабуул болуп калды. Ал жолу финансы, тышкы иштер жана акыйкаттык министрликтеринин сыртында бомба жардырылган. "Азаттыктын" Ирак кызматына ылайык, андан бери бийликтери өкмөттүк имараттардын сыртында коопсуздук чараларын күчөтүшкөн.

Иракта акыркы бир жарым жылда согуштук аракеттер басаңдады. Өткөн айда өлкө боюнча бардыгы болуп 122 киши өлтүрүлдү, бул акыркы алты жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Бул бирок Ирак бийликтери жана АКШнын армиясы жалпы шайлоолордун алдында кан төгүү кайра күч ала тургандыгын эскертип келишүүдө.

Анын аралыгында, Иракта парламенттик шайлоо март айында өтө тургандыгын жарыяланды. Президент Жалал Талабанинин администрация башчысы Насел ал-Анинин билдиришинче, бул мөөнөт президенттик кеңеш менен шайлоо бийликтеринин жолугушуусунда макулдашылды. Ирактын кийинки жалпы шайлоосу баш мыйзамга ылайык, келерки айда өтүшү керек эле, бирок саясий талаштардан улам, шайлоо мыйзамы күчүнө кирбей калган.

XS
SM
MD
LG