Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Ирак: "Шайлоонун эртеси", элдин маанайы


Багдаддын четиндеги шиилердин жөлөгү эсептелген Садр шаарчасында шайлоо комиссиясынын сүчөлөрү бюллетендерди ташчырактын жарыгында санашууда. 7-март 2010
Багдаддын четиндеги шиилердин жөлөгү эсептелген Садр шаарчасында шайлоо комиссиясынын сүчөлөрү бюллетендерди ташчырактын жарыгында санашууда. 7-март 2010

Көпчүлүк ирактыктар жекшемби,7- марттагы парламенттик шайлоо өкүмзордугу жок өткөнүнө ыраазы.

Ирак калкы өкмөт эми коопсуздукту камсыздоо, экономиканы реконструкциялоо жана жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча мурда берген убадаларын аткарат деген үмүттө.

Шайлоонун жыйынтыгы 11-марттан кечикпей жарыяланат деп күтүлүүдө. Бул АКШ башындагы эл аралык күчтөр 2003-жылы Иракка басып кирип, Саддам Хусейндин өкмөтүн кулаткандан берки экинчи жалпы элдик шайлоо.

Мен өзүм каалагандай добуш бердим. М. Бани



Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендер салынган үкөктөрдүн номурларын текшеришүүдө. Багдад. 8-март
Дүйшөмбү күнү Иракта өкмөттүк мекемелер жабык. Ал эми шайлоочулар өкмөт эми мурда берген убадаларынын өтөсүнө чыгып, урушту токтотот, жаңы ишканаларды ачат деген тилекте экенин “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысы Лейф Ахмед ордолуу Багдаддын туругундары менен өткөргөн баарлашуу көрсөттү.

Мисалы, Саад Абтен шайлоо күнкү чабуулдарга карабай, элдин түп көтөрө добуш бергенине курсан экенин айтат:

-Кудайга шүгүр, бомба жана ракета чабуулдарына карабай, ирактыктар коркпой добуш берүүгө барышты. Мен жаңы өкмөттү талапкерлер өнөктүк маалында берген убадаларын аткарууга көмөктөшүүгө чакырам. Биз коопсуздукту жана экономиканы калыбына келтирүүнү каалайбыз.


Жекшемби күнү түрдүү чабуулдардан 38 кишинин каны төгүлдү.

Дүйшөмбү күнү Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарынын көчөлөрү шаңга бөлөнгөн. Жасанып кийинген адамдар бийлеп, машинелер папылдатып сигнал берип, майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Көптүн катарында жүргөн теги күрт Абдур Рахман:
Жрегиликтүү күрттөр шайлоо жөнүндөгү гезиттердин маалыматтары менен таанышууда. Ирбил шаары. 8-март


- Быйылкы шайлоо мурдакы шайлоолордон жакшы өттү. Кудайга тобо, шайлоо таза жана тынч өттү.
Жаңылыктарга караганда, жаңы премьер-министр Аяд Аллави болот. Мен өзүм Күртыстан коалициясы үчүн добуш бердим.


Түштүктөгү Басра шаарынын тургуну Мухаммед Бани да шайлоо калыс өттү деген пикирин айтты:

- Мен өзүм каалагандай добуш бердим. Эч ким мага мына бул тизме боюнча добуш бер деп айткан жок. Биз колдогон талапкерлер өлкөнү жаман кырдаалдан алып чыгышын каалайбыз.

7-март шайлоо күнү Багдаддагы бомба чабуулунан береги имарат кулап, жардыруудан 24 киши набыт болгон.
Шайлоодо 325 депутаттык мандат үчүн 6200дөй талапкер таймашты. Айрым бейөкмөттүк уюмдар шайлооканаларда жүргүзгөн сурамжылоолорго караганда, премьер-министр Нури Малики жеңиши ыктымал.

Мурдакы премьер-министр Аяд Аллави башындагы дуниябий топтор экинчи көп мандатка ээ болот деп болжолдонууда.

Жекшемби күнү АКШ президенти Барак Обама парламенттик шайлоо ирактыктар үчүн бурулуш учур экенин белгилеп, 2011-жылдын аягына америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү планы өзгөрбөгөнүн билдирген эле

- Кошмо Штаттар ирактыктарга өлкөнү кайра курууга жардамдашууну токтотпойт. Себеби, биз согушту бүткөрүүгө жооптуубуз жана Ирак элинин өз келечеги үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алуусун колдойбуз.

НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен 8-марттагы билдирүүсүндө шайлоону Иракта демократияны куруу жолундагы “зор жетишкендик” деп атады.

Борборшайлоокомдун маалымдашынча, добуштар 11-мартка карай саналып бүтөт.

XS
SM
MD
LG