Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Фархуд Ирактан жөөттөрдүн кетишине алып барган


Багдаддын жабык турган синагогасы. 2003-жылы тартылган сүрөт.
Багдаддын жабык турган синагогасы. 2003-жылы тартылган сүрөт.

Иракта Фархуд деп аталып калган окуяларга ушул аптада туура 69 жыл толду. Багдадда 1941-жылы июнда, Экинчи дүйнөлүк согуш кызуу жүрүп жаткан учурдагы кол салуудан жөөт улутундагы 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган эле.

Ал окуя учурда көп деле эскерилбейт, бирок ошол кезде жаралган идея террорчулардын ой жүгүртүүсүн азыркыга чейин азыктандырып келүүдө.

Фархуд арабчадан кыргызчага которгондо талоон деген маанини түшүндүрөт. 1941-жылдын 1-2-июнь күндөрү ал кезде британ өкмөтү мандаты астында башкарылып жаткан Ирактын борбору Багдадда орун алган тополоң мына ушул жүйөөдөн улам Фархуд деп аталып калган. Анда шаардын байгер жана таасирлүү жөөт жаматы жашаган районуна адамдар тобунун кол салуусунан 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылып, үй-жайлары, мүлкү талоонго алынган. Нацисттик Германиянын Европада жөөттөргө жасаган мамилеси менен салыштырганда, бул албетте масштабы жагынан кичинекей эле. Бирок 69 жыл мурдагы ушул окуянын таасири эле иш жүзүндө жөөттөрдүн Ирактагы жашоосунун акыр-аягында бүтүшүнө алып барган.

Ошондо аман калгандардын бири, азыр Израилдин жашаган Нассим ал -Каззаз башынан өткөн окуяларды мындайча эскерет:

- Ал түнү биз жөөт улутундагылардын үйлөрүнүн кире бериштеринен кыйкырыктарды угуп жаттык. Алар талап-тоноого эле эмес, өлтүрүүгө да кабылды. Мындай көрүнүш 24 саатка созулду. Кийинки күнү болжол менен түш ченде гана Ирактын башкаруучусу кол салгандарды атуу буйругун чыгарды. Кырдаал курчубашын күтпөстөн ал муну мурдараак эле жасай алмак. Бирок ал үймөлөктөшүп жүргөндөр жөөттөрдүн жинин чыгарып алганга чейин кийлигишпей турууга артыкчылык берген.

Жөөт талоону жөнүндө Ирактын өзүнөн чыккан тарыхый китептерде дээрлик жазылган эмес. Кокус жазып чыккандар же эстегендер болсо дароо эле “сионист ишмерлер” деген жарлык тагылчу.

Расмий эсептер боюнча, 1940-жылдары жөөттөр Ирактын ошол кездеги калкынын 3 пайызын түзүүчү, алардын 90 миңдейи борбор калаа - Багдаддын тургундары эле. Көпчүлүгү ити чөп турган ишкерлер, бир даары илим менен маданияттын, Британиянын мандаты астындагы өкмөттүн өкүлдөрү болчу. Бирок 1941-жылкы кайгылуу окуядан кийинки он жылдыкта жөөттөрдүн басымдуу бөлүгү Иракты таштап кетишкен.

Ниссам ал - Каззаз мындай дейт:

-Биз мисалы ошондон бери менин атамдын жана анын ишкер өнөктөшүнүн тагдыры жөнүндө эч нерсе уга элекпиз. Бул кандуу булоондо 180дей жөөт кырылган. Ондогон үйлөр, дүкөндөр таланып, тонолгон. Кол салгандар аялдарды да аяган эмес. Менимче ушул окуя жөөттөрдүн Ирактан кетүүсүнүн негизги себеби болгон.

Массалык түрдө жер которгондордун көбү 1950-жылдарга, жөөттөр менен арабдардын 1948-жылкы согушунан кийинки учурга туш келди. Ирак өкмөтү анда кете тургандардын баары үчүн жол ачык деп жарыялаган болчу. Ошондо 100 миңдеген адамдар Израилдин аймагына көчкөн.

Азыр эми тарыхка айланып кеткен Фархуд окуясы, айрым серепчилердин пикиринде, фашизм менен радикал исламдын жактоочулары бириккенде алар канчалык кубаттуу болорун да көргөзгөн жана Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда ушул эки күчтүн шериктештигинен калыптанган идеологиянын күүсү али кете элек. Ошондо нацисттик Германия жана анын лидери Адольф Гитлер менен жигердүү кызматташкан мусулман динаятчысы, Иерусалимдин мурдагы муфтийи Амин Мухаммад ал –Хусеини Жакынкы Чыгыш суни араб мусулмандарынын гана жери жана башка элементтерден зордук-зомбулук менен болсо да тазалануусу керек деген ойду каңкуулаган эле.

Бирок чөлкөм тарыхта көптөгөн диндер менен улуттук тайпалардын мекени болуп келгендигин эске алганда, бул аргумент түккө арзыбай калат. Анткен менен фундаменталисттик топтордун токтобой жаткан жардыруулары менен коркутууларын актоо үчүн кызмат кылуусун улантууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG