Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Ирак: Мунайдын кирешеси жана "кермек даамы"


Ирак өкмөтү үчүн мунай бийлик да, киреше да

Ирак өкмөтү үчүн мунай бийлик да, киреше да

Ирак өкмөтү менен Күрт автономиясынын чатагы өлкө түндүгүндөгү мунай кендерине инвестиция салган четэлдик ишкерлердин тынчын алууда. Күрт аймактарынан тышка сатылган мунайдын кирешеси кандай бөлүштүрүлөт? Борбордук өкмөттүн шартына Күрт жетекчилиги көнөбү?

Бир апта илгери ырасмий Багдад менен Күрт регионалдык өкмөтү күрттөрдүн бийлиги астындагы түндүк аймактарда өндүрүлгөн кара май Ирактын өкмөттүк боросу аркылуу Түркиянын Жейхан портуна жөнөтүлсүн деп макулдашкан. Ошону менен 2003-жылы Саддам Хусейндин өкмөтү кулатылгандан бери келаткан талаш жөндөлгөндөй көрүнгөн. Бирок, күрт аймактарда мунай өндүргөн четжерлик компаниялардын чыгымын ким кайтарат деген суроо чечилбей калганы бүгүн айкын болууда.
Ирак өкмөтү төрт-беш жылда күнүмдүк мунай өндүрүүнү Саддам тушундагы
6 миллион баррелге жеткирмекчи. Азыр өлкөдө күнүнө 2, 4 миллион баррель мунай өндүрүлөт.

Талаш Ирактын мунай министри Хусейн Шарестанинин улуттук боро менен тышка сатылган мунай улуттук экспортко кирет же анын акчасы мамлекеттик казынага түшөт деген сөзүнөн чыкты. Министр ошондой эле Күрт регионалдык өкмөтү четэлдик компаниялар менен түзгөн келишимдердин 25 процентин Ирак өкмөтү тааныбасын, бул компаниялардын чыгымдарын күрт бийлиги төлөөгө тийиш экенин эскерткен. Күрт администрациясы Ирактын мунай бюджетинен кирешесинин 17 процентин алат.

Күрт тарап европалык фирмалардын чыгымын төлөп беребиз деп жоошутту. Анткен менен, Ирактын түндүгүндөгү мунай кендерине жергиликтүү бийлик ээби же борбордук өкмөт ээби деген суроо туулууда инвесторлор арасында. Бул маселе боюнча Ирак өкмөтү менен Күрт регионалдык өкмөтү жакын арада мунасага келерине лондондук эксперт Манучир Такин ишене бербейт:

- Маселенин баары-мунай боюнча мыйзамдын парламентте бекитилбегенинде болууда. Конституция да эки түрдүүчө чечмеленип жатат. Күрт региону эларалык юристтерге шилтеп, Конституция боюнча биз четэлдик компаниялар менен келишим түзө алабыз дешүүдө. Мунай министрлигинин айтышынча, андай укукук күрттөрдө жок.

Маучер Такин- Лондондогу Глобалдык энергия маселесин изилдөө борборунун талдоочусу.

Багдад менен Күрт регионалдык өкмөтү арасындагы талашты жөндөө үчүн Ирак парламентинин конституцияга түзөтүү киргизсе жетиштүү болчудай. Бирок конституцияга өзгөртүү жалпы элдик референдум аркылуу киргизилүүгө тийиш. Бул татаал жараян. Себеби Ирактын түндүгүндөгү мунайга бай көп улуттуу Киркукта бекем тынчтык орномоюн, референдум өткөрүлөрү күмөндүү. Катаал кырдаалдан улам январда Киркукта провинциалдык шайлоо өткөрүлгөн эмес.

Ошон үчүн, серепчилердин айтышынча, Мунай кендерин иштетүү боюнча мыйзам кабыл алынса, маселе чечилмек.

Эксперттер Ирак өкмөтү талашты тынчтык орнотулган башка региондордо мунай өндүрүүнү көбөйтүү аркылуу жөндөсө болорун да айтышат. Ошондо күрттөрдүн аймактык өкмөтүнүн кирешеси азайып, Багдаддын сөзүн мажбур укмак.

Ирак келерки төрт-беш жылда күнүмдүк мунай өндүрүүнү Саддам тушундагы 6 миллион баррелге чыгарууну каалайт. Азыр өлкөдө күнүнө 2, 4 миллион баррель мунай өндүрүлөт.
XS
SM
MD
LG