Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

КҮРТТӨРДҮН МУНАЙЫ – ИРАКТАГЫ АРАЗДЫН БУЛАГЫ


Ушул айдын башталышында АКШнын Техастагы “Хант ойл” компаниясы Ирактын түндүгүндөгү мунай кендерин иштетүүгө уруксат алган эле. Келишимге Багдад өкмөтү эмес, жергиликтүү күрт бийликтери кол коюшкан. “Хант ойл” компаниясы АКШ президентинин жакын тарапкерлерине карайт. Жорж Буш бул келишимге камтамачылык билдирип, иштин чоо-жайы териштириле турганына ишендирди.

Мунай сатыгынан түшкөн кирешелерди тең бөлүштүрүү маселеси - Ирактагы диний жана улуттук тайпалар арасындагы араз-талашка тамызгы болгон факторлордун бири. Ошол себептүү Вашингтон бул проблеманы жөнгө салган мыйзам кабыл алууну Багдад өкмөтүнөн такай талап кылып келатат. Өткөн аптадагы маалымат жыйынында президент Буш муну кайрадан эске салып, эгер кеп болуп жаткан мыйзам кабыл алынса, анда сүннүлөр, шейиттер менен күрттөр жалпы улуттук мунасага жетишүү жолунда өкмөт маанилүү кадам жасаганын көрүшөт эле деп билдирди.

Мыйзам долбоорун Багдад өкмөтү быйыл февралда талкуулап, бир пикирге келе албай койгон. Өзгөчө күрт фракциясы кара май кендерине ээлик кылганга Улуттук мунай компаниясына укук берүүгө катуу каршы чыгып, бу маселени тескөө милдетин аймактагы өкмөттөргө калтырууну талап кылган. Акыры мунай экспортунан түшкөн кирешенин 17 процентин алганга күрттөр июлда макул болушуп, мыйзам долбоору августта парламентке жөнөтүлгөн. Документ депутаттар арасында да араз-талаш чыгарып, азырынча каралбай, кармалып жатат.

Аңгыча сентябрдын башталышында Техастагы “Хант ойл” компаниясы Түндүк Ирактагы мунай кендерин иштетүү үчүн жергиликтүү күрт бийликтери менен келишим түзгөнгө жетишти. Тараптар кандай шарттарда макулдашканы, контракттын жалпы наркы тууралуу эч кандай маалымат айтылбады. Болгону “Хант ойл” алдыдагы жылдан тартып геологиялык чалгындоо жумуштарын,бир катар жерлерде бургулоо иштерин баштай турганы гана маалым.

Жең ичинен түзүлгөн бул келишим Багдад өкмөтүнүн нааразылыгын пайда кылды. Анын үстүнө “Хант ойл” президент Буштун жакын санаалаш адамдарына караган компания болуп чыкты.
Өткөн аптадагы маалымат жыйынында бул тууралуу журналисттер Буштун өзүнө суроо беришти эле, ал да буга бушайман болуп жатканын моюнга алды. Келишим тууралуу мен эчтеме билген эмесмин, деп айтты Буш. Иштин чоо-жайынан так маалымат алганга Буш убада берди. Эгер бул контракт Иракты бириктирүү процессине кедергисин тийгизсе,анда бул аны, албетте, катуу камтамага салмакчы.

Буштан мурда “Хант ойл” менен күрт тарабы түзгөн мунай келишимине АКШнын Багдаддагы элчилиги да тынчсыздануу билдирген.
Эксперттик болжолдуу эсептерде Ирактагы мунайдын запасы 116 миллиард баррелге жетет деп айтылат.Бу жагынан Ирак дүйнөдө үчүнчү орунда турат.Кара май сатыгынан түшкөн киреше өкмөттүк бюджеттин негизги бөлүгүн түзөт.

XS
SM
MD
LG