Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

7-мартта Иракта өткөн шайлоодо мурунку-кийинки өкмөт башчылар жетектеген саясий күчтөрдүн мөрөйү үстөм чыгары анын жыйынтыгы чыга электе эле айтыла баштады. Ушуну менен экинчи ирет өтүп жаткан парламенттик шайлоо өлкөнүн саясий турук алышына өбөлгө түзө алабы?

Баары тынч эмес

Шайлоо учурунда Ирактын биртоп шаарларындагы атышуу, жарылуулардан 38 адам набыт болгону, жанкечтилердин добуш берүүнү үгүлтүккө учуратуу аракети оңунан чыкпаганы ушу тапта маалымдоо каражаттарынан түшпөгөн темага айланууда. Анткен менен бул ирет шайлоочулардын активдүүлүгү мындан беш жыл илгерки иш-чарадан кыйла пас болду. Өлкөнүн түндүк тарабында басымдуулукту түзгөн күрттөр аймагында гана шайлоочулардын 80% добуш берүүгө катышса, жалпы өлкө боюнча ал көрсөткүч 61% араң чыкты. Быйылкы шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү катары мындан беш жыл илгерки парламент шайлоого келбей койгон сүннилердин бул ирет добуш берүүгө катышканы айтылууда.

Мындан эки жыл илгери Кошмо Штаттар быйыл күзгө чейин урушту токтотуп, эмдиги жылга куралдуу күчтөрүн толугу менен алып чыгып кете тургандыгын ырастаган. Сырт аскер күчтөрү чыгып кеткенден кийин диний-этникалык проблемалардын төөбастысында калчу өлкөнүн болочогу кандай болот, анын бүтүндүгүнө доо кетпейби суроосу анда деле кала бермекчи.

Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун ырасташынча, Ирактын азыркыдай абалга келишине ириде араб өлкөлөрүнүн ичара ынтымагынын жоктугу, мунайзатын сыртка чыгаруучу өлкөлөр уюмунун (ОPEC) олку-солку саясаты себепкер болду.

- Орто жолдо нефтини – мунайды байлооч каражат кылып Американын бийлигинин үстүнөн караган, дүйнөнү башкарып турган төбөлдөрү мунайды каражат кылып жатышпайбы. Анын баасын бир көтөрүп, бир түшүрүп орто жолдо оюн кылып, орто жолдо согуштарды жүргүзүп. Булар эми кеткенден кийин Иракта сөзсүз түрдө граждандык согуш болбой койбойт. Себеби эки тараптын байыртан келаткан кландары өчүгүшүп калды.

Алдагыдай экономикалык кызыкчылыктын артында Иракта кыйладан бери чечилбей келаткан этникалык проблема - күрттөр маселеси турат.

Кыл учундагы биримдик

Профессор Жамгырбек Бөкөшевдин айтуусунда, өлкө сырткы аскер күчтөрдүн кол алдында турган чакта анын ички саясий чалкеш маселелеринин чечилиши кыйын.

- Ирак дагы жакын арада тынчыбайт. Себеби ал жердеги ар түрдүү саясий топтор биригип же алардын ичинен айрымдары өлкөнүн ички маселелерин өз алдынча өз күчтөрү менен чечүү мүмкүнчүлүгүнө, менимче, жетише элек.

Кезектеги парламенттик шайлоодо Ирактагы утурумдук өкмөттү жетектеген Айяд Аллауи баштаган “Иракия” блогу менен учурдагы өкмөт башчы Нури аль-Маликинин “Мыйзам мамлекети” коалициясынын мөрөйү үстөм чыгарын добуш берүүдөн чыгып бараткандарды сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөттү. А бирок жаңы өкмөт түзүүгө шайлоого катышкан саясий партиялар менен бирикмелердин бир да бирөө жетиштүү добуш ала алышпасы, жеңишке жетишкен шиилер ичара мурнасага келишке мажбур болушары эмитен эле айтылууда. Профессор Анвар Мокеевдин пикиринде, шиилердин парламенттик шайлоодо жеңишке жетиши ансыз деле бул жерде таасири күчтүү Ирандын кадырын арттырат.

- Диний-маданий, руханий биримдик деген абдан күчтүү нерсе да. Ошондуктан Иран Иракта кандай шартта болбосун чоң роль ойнойт. Американын кетиш-кетпеши буга таасир көрсөтө албайт.

Иракта 19 миллионго жакын шайлоочулар катталган. Өлкөдө 50 миң ашуун шайлоо участоктору уюшулду. Шайлоого 80 ашуун партия, бирикмелерден 6 миң талапкер ат салышты.
XS
SM
MD
LG