Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Ирак: 8 айдан кийин өкмөт түзүлүүдө


Күрт президенти Масуд Барзани маалымат жыйынында.
Күрт президенти Масуд Барзани маалымат жыйынында.

Сегиз ай деген Иракта саясатчылар жаңы өкмөт куроо боюнча макулдаша алышты. Март айында өткөн парламенттик шайлоодон бери өлкө өкмөтсүз жашап келатат.

Ушул мүнөттөрдө парламенттин спикери тандала турган жыйын өтүп жатат. 325 орундуу парламент ушул тапта 7-марттагы шайлоодон кийин бүгүн ушул тапта экинчи жолу жыйын өткөрүп жатат.

Иракта ири партиялар жаңы өкмөт түзүү боюнча келишимге жетишип, ошону менен сегиз айдан берки туңгуюктан жол ачылды көрүнөт.

Багдадда кабарчылар менен жолугушканда Ирак автономиялык жумуриятынын президенти Масуд Барзани билдиргендей, улуттук кызматташттык өкмөтүн түзүүнүн чегинде, премьер-министр, президент жана парламенттин төрагасы боюнча макулдашууларга жетишилди.

Бул жылышка биримдик өкмөтүн түзүүнү колдоп келген Кошмо Штаттары жогорку баа берди. Соңку маалымат коңшулаш Иранга да жагат болуш керек, анткени бул өлкө премьер-министр Нури ал-Маликинин дагы бир мөөнөт иштешин колдоп келген эле.

Макулдашууга ылайык, ал-Маликинин шийит коалициясы премьердин кызматын алат. Ал эми күрд фракциясы президенттик орунду сактап калат.

Сунилер колдогон бирок кайсы бир сектаны карманбаган мурдагы өкмөт башчысы Ияд Аллавинин Иракия блогу парламентте спикердин кызматын алмакчы. Ал эми Алави өзү айрым коопсуздук милдеттери болгон жаңы кеңешти жетектей турган болду.

Макулдашуу жетишилгенин премер-министр Нури ал-Маликинин блогуна мүчө болгон Абдул Хади ал-Хассани "Азаттыктын" Ирак кызматына сүйлөгөн сөзүндө бышыктады:

- Жалал Талабани өлкөнүн президенти болот. Биздин блок Нури ал-Маликини өкмөт башчысынын талапкердигине сунуш эткен. Ал эми Иракия эки орунду, парламенттин төрагасынын жана Улуттук коопсуздук боюнча саясий кеңештин жетекчисинин кызматтарын алат.

Ирактын Баш мыйзамы боюнча парламент спикерди, анын орун басарларын, президентти дайындайт. Президент өз кезегинде парламентте эң көп орун алган коалициянын жетекчисине өкмөт куроону тапшырат.

Ал-Малики буга чейин эле өзүнүн шийит биримдиги, азчылыктагы күрттөр жана майда суни топтору менен макулдашып алган. Бирок Аллави өңдөнгөн башка саясатчылар менен бир топ соодалашууга туура келди.

АКШнын вице-президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Энтони Блинкен ар кыл фракциялар кирген өкмөт түзүү тууралуу макулдашууну "ири жылыш" катары баалады.

"Ирактык лидерлер ары кетип, бери кетип жатып, акыры тигил же бул тарап өз көмөчүнө күл тарта албай тургандай көзөмөл системасын тактап, бийлик бөлүшө алышкан шекилдүү" деди Блинкен.

Вашингтон Иракты бардык этникалык жана диний топтордун үлүшү боло турган биримдик өкмөтү менен куттуктады. Америкалык өкүлдөр эгер Иракия бийликтен четте калса, сунилердин нааразылыгы күчөп, суни исламчылдар баштаган козголоң дагы күчөйт деп кооптонуп жатышкан.

XS
SM
MD
LG