Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Багдадда миллиондогон добуш кайра саналат


Аллавинин блогу эң көп добуш алган менен, коалиция түзө алган жок
Аллавинин блогу эң көп добуш алган менен, коалиция түзө алган жок

Иракта юридикалык комиссия өткөн айдагы парламенттик шайлоодо Багдадда берилген добуштарды кайра санап чыгууга өкүм чыгарды. Эки жарым миллоиондон ашык бюллетендердин кол менен кайра саналышы жаңы өкмөт түзүү жарышындагы күчтөрдүн күрөшүн жаңы, балким кооптуу нукка салышы ыктымал.

7-марттагы шайлоонун жыйынтыгында Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин блогу да, экс-премьер Аяд Аллави да парламентте жаңы өкмөт түзүү үчүн зарыл болгон коалиция курай алышкан эмес эле.

Бул эки саясатчы баштаган шайлоо блоктору дээрлик бирдей санда добуш алышкан. Аллавинин Иракия блогу парламенттеги 325 мандаттын 91ин алса, ал-Маликинин Мыйзамдуу Мамлекет блогу 89 мандатка ээ болгон.

Баш калаа Багдадда берилген добуштарды кайра саноо чечими жалпы жыйынтыкты өзгөртүп, коалиция түзүү аракеттерин бөлөк нукка салышы мүмкүн. Айрымдар кайра саноонун жыйынтыгында ал-Маликинин блогуна берилген добуштар көбөйүп кетсе, секталар аралык тиреш кайра дүрт этеби деп чочулашууда.

Ал-Малики да, Алави да шийиттер, бирок Аллавинин шайлоо тизмесине сунни талапкерлер да кригендиктен, анын блогу Иракта азчылыкты түзгөн сунни жамаатынын кеңири колдоосуна ээ болгон.

Баяндамачылардын айтымында, кайра саноодо суннилердин добушу уурдалды деген шектенүү болсо, шийиттер менен суннилердин тирешүүсү кайра күчөшү ажеп эмес.

Шайлоо бурмаланды деп чатак салган ал-Маликинин Мыйзамдуу Мамлекет блогу болгон эле. Блок беш дубанда, анын ичинде Багдадда добуштарды кайра саноону талап кылып жаткан. Ирактын баш калаасына парламенттик орундардын бештен бири туура келет.

Азаттыктын ирак кызматы менен маектешкенде, Мыйзамдуу Мамлекет блогунун мүчөсү Абдул Хади ал-Хассани Багдадда добуштарды кайра саноо чечими анын купулуна толгондугун жашырган жок:

– Комиссия аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринен көз карандысыз болуп, мыйзам бузулган деп ырастагандардын (талабына) шайкеш чечим кабыл алгандыгы бизди кубандырды. Шайлоо жыйынтыгы Мыйзамдуу Мамлекет блогунун пайдасына туураланат деп ишенем, биз балким дагы эки мандатка ээ болобуз.

Бирок Аллавинин Иракия блогуна кирген Мохаммад Тауфик шайлоодон берки бир жарым айга чукул мезгил аралыгында бюллетендер бурмаланып калган болушу мүмкүн деген шектенүүсүн билдирди:

Биз да бул кайра саноону колдойбуз, бирок көңүл тынч эмес. Бүлетен салынган үкөктөр кароосуз, көзөмөлсүз калган. Биз ушундан коркобуз. Болбосо биз кайра саноону колдойбуз, анткени бизге карата акыйкатсыздык болгон болушу да мүмкүн.

Ирактын суни вице-президенти Тарек ал-Хашеми бардык саясий партиялар жана талапкерлер соттун кайра саноо чечимин колдоого тийиш экендигин эскертти. Бирок ал санак иши ачык жүрүшү керектигин баса белгиледи:

– Биз мындай чеимге каршы эмеспиз. Бир гана жери кайра саноо кандайча көзөмөлдөнөт? Бул өтө талаштуу маселе.
Кайра саноо кандайча көзөмөлдөнөт? Бул өтө талаштуу маселе.
Ирак президенти
Көзөмөлдөөчүлөр Бириккен Улуттар уюму өңдөңгөн бейтарап орган тарабынан дароо көргөзүлүшү керек. Кайра санай тургандардын кесипкөйлүгү да чоң мааниге ээ. Бир гана ушул маселеге көңүл буруу зарыл.

Кайра саноону Ирактын Көз карандысыз Жогорку Шайлоо комиссиясы жүргүзмөкчү. Комиссиянын өкүлү Хамдия ал-Хуссаини кайра саноо кандайча жана качан болоорун шайлоо комиссиясы чече тургандыгын маалымдады.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү Аяд ал-Кинани Азаттыкка кайра саноо Багдаддагы эки борбордо өтөөрүн билдирди:

– Кайра саноо Русага жана Карх деген добуш саноочу борборлордо орун алат, бюллетендер салынган үкөктөр ошол жерде. Санактын жыйынтыгы атайын формулярларга толтурулуп, Шайлоо комиссиясынын борбордук бөлүмүнө жиберилет. Бул ишке жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар, саясий блоктордун өкүлдөрү байкоо жүргүзүшөт.

Айрым байкоочулар Багдадда берилген добуштарды кайра саноо чечими келерки өкмөттүн ишке киришин кечеңдете тургандыгын, саясий фракциялардын кармашын эске алганда, мындай кырдаал Ирактагы туруктуулукка шек келтириши мүмкүн экендигине кабатыр болушууда.

XS
SM
MD
LG