Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

АКШ Ирактагы аскерий операцияларын бүгүн расмий аяктоодо. Бул окуя Саддам Хусеиндин режимин кулатуу үчүн АКШ күчтөрү Иракка басып киргенден жети жарым жылдан кийин орун алууда. Бирок Ирактын карапайым тургундары арасында коопсуздукка тынчызданган маанай азыр деле өкүм сүрүүдө.

АКШ президенти Барак Обама Ирактагы аскерий операциялар аяктагандыгы тууралуу Вашингтон убактысы боюнча бүгүн кечки саат сегизде, ал эми Бишкек убактысы боюнча таңкы алтыда Ак үйдөн жасоочу телекайрылуусунда расмий жарыялаган жатат.

Бул окуяга байланыштуу америкалык президентке чейин Ирактын премьер-министри Нури Ал Малики сыналгыдан сүйлөдү. Ирак премьер-министри өз сөзүндө АКШнын аскерий операциясынан аякташынан улам өлкөсү “көз карандысыздык жана суверенитет” алганын, эми ички терроризм же сырттан коркунуч болобу өлкөнүн өзүнүн коопсуздук күчтөрү алектенерин белгиледи.

Барак Обама бул жердеги согушту аягына чыгарарын алгач 2008-жылкы шайлоо өнөктүгү учурунда, андан кийин аскерий миссияны 2010-жылдын 31-августунда бүткөрүү жөнүндө кызматына расмий киришкенден көп өтпөй эле убада кылган. Ошентип Ирактагы аскерий операциялар АКШнын күчтөрү Саддам Хусеиндин режимин кулатуу үчүн Иракка басып киргенден жети жарым жылдан кийин аяктап отурат. Соңку бир нече айдан бери Ирактагы америкалык аскерлер саны акырындык менен азайтылып келди, коопсуздук үчүн жоопкерчилик болсо ирактыктардын өзүнө 7-августта эле өткөрүлүп берилген.

Операция аяктайт, бирок аскерлер калат

Аскерий операциялар расмий бүткөндүгүнө карабай, АКШ Иракта 50 миңдей жоокерин кармай бермекчи. Бул Иракта диний негизде шийиттер менен суниттердин бири-бирине кыянатчылыктары күчөгөн 2007-жылы америкалык аскерлер саны 170 миңге чейин жеткенин эске алганда, ошондогу күчтөрдүн үчтөн бир бөлүгүнөн азырагы. Алар ирактык жоокерлерди машыктырат, өлкөдөгү кайра куруу иштерине кол кабыш кылат, ага катар коопсуздук жагынан кандайдыр бир олуттуу көйгөйлөр чыгып калса Ирактын күчтөрүнө жардам берет. Иракта калган америкалык аскерлердин өлкөдөн кетүүсү азырынча 2011-жылдын соңуна белгиленген.

Коопсуздукка тынчыздануу


2007-жылдан бери өлкөдөгү кыянатчылыктардын жалпы саны азайды. Бирок деңгээли азыр деле жогору бойдон калууда, атүгүл АКШ аскерлеринин саны кыскара баштагандан бери кыянатчылыктар капыстан күчөп да кетти.

Багдаддын Нури Ал-Марсуми ысымдуу тургуну Ирактын өзүнүн күчтөрү коопсуздукту камсыздай албай калабы деп тынчызданат:

- Жаран катары айтсам, Иракта согуш али аяктай элек. Терроризмге каршы согуш уланууда. АКШнын баскыч-баскыч менен эмес, тез чыгып кетүүсү Ирак армиясына бул боштукту өз учурунда толтуруусуна мүмкүндүк бербеди. Америкалыктар Ирактын армиясын ыңгайсыз абалга калтырып жатат. Ирак армиясынын түрдүү бөлүктөрү азырынча даяр эмес. Аларда унаа жана ок атуучу курал гана бар. Бул терроризмге каршы күрөш үчүн жетишсиз.

Ирактык журналист Хассан ал-Тиммиминин көз карашында, эгер өлкөнүн парламентке шайланган саясатчылары өкмөт түзүү боюнча ич ара пикир-келишпестиктерин четтете албаса, элдин коопсуздук боюнча камтамачылыгы улана берет. Мурдагы премьер-министр Ияд Аллавинин ал-Иракия блогунан парламентке шайланган Аяз ил-Дин Даула “Азаттык” радиосунун Ирак кызматы менен маегинде белгилегендей, АКШнын чыгып кетүүсү Багдаддагы саясатчыларды ортодогу пикир-келишпестиктерин жеңүүгө түртүүсү керек:

- Менимче, АКШнын чыгып кетүүсү Ирактагы бардык саясатчыларга алар жоопкерчиликти көбүрөөк сезүүсү керектигин каңкуулоодо. Себеби коопсуздук жагдайы саясий жагдай менен тыгыз байланышкан, Иракта кан төгүү уланууда. Андыктан АКШнын кадамы эл добушун берген саясий блоктордун, саясий күчтөрдүн калк камын көбүрөөк ойлоп, өкмөттү мүмкүн болушунча тезирээк куруусуна жүйө болушу керек.

Ирактагы акыркы шайлоо быйыл мартта өткөн. Бирок жаңы өкмөт саясий күчтөрдүн пикир келишпестиктеринен улам азыркыга чейин курула элек. Жергиликтүү саясатчылардын мунаса табуусуна жардам кылуу үчүн АКШ вице-президенти Жон Байден Багдадга 30-августта кайрадан барды. Ал ошондой эле шаршемби күнү АКШнын Ирактагы жаңы миссиясынын башталышына арналган салтанатка катышат.

Согуштун кыйыр кесепеттери

Улуттар уюмунун Качкындар боюнча мекемесинин эсептерине караганда, Ирактагы согуш Жакынкы Чыгышта 1948-жылдан берки эң ири гуманитардык кризисти жаратты. Анда Израиль мамлекети уюшулганда Палестинадан араб тектүү калктын жарымынан көбү көчүүгө аргасыз болгон. БУУнун Качкындар боюнча мекемесинин маалыматы боюнча согуштан улам өлкөнүн ичинде 1,5 миллиондой адам жер которду. Алардын 500 миңдейи азыр лагерлерде же коомдук жайларда баш калкалоодо. Борбор Багдаддын өзүндө 120дай лагерде 200 миңдей адам жашайт. Согуштан улам дагы жүз миңдеген ирактыктар чет өлкөлөргө, көбүнесе коңшу Иордания менен Сирияга чыгып кеткен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG