Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Ирак: Эл каттоо башталбай жатып, чыр чыгууда


Иракта этникалык жана саясый тирешүү чыгып кетет деген кооптонуудан улам октябрда эл каттоо болбой калышы мүмкүн.

Ирак өкмөтү эл каттоо өлкө түндүгүндөгү араптар, күрттөр жана ирактык түркмөндөр арасындагы чатакка алып барат деп, маанилүү өнөктүк кийинге калтырылышы этимал экенин билдирди. Саясый таймаштын башкы жүйөсү - борбордук өкмөт менен күрт
Ирактык күрт күрт регионунун президенти, Күртистан демократтык партиясынын төрагасы Масуд Барзанинин сүрөтү түшүрүлгөн килемчени илүүдө. 27-июль. Ирбил.
Саясатты эл каттоого аралыштыруу өнүгүүнү аксатат...
Лөйү Шабани
лидерлеринин мунайга мол түндүктү контролдоо аракети болууда. Эгер эл каттоо октябрдан кийинге калтырылса, сунуш кылынган Шайлоо мыйзамына катар түндүктөгү жарым автономиялуу күрт региону Багдаддан алчу бюджеттик пулга да таасир этет.

Лөйү Шабани Ирактагы эл катоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун башкеңешчиси. Шабани мырза эл катоону келерки жылдын апрель-октябрь айларынын ортолугунда өткөрсө болорун айтып, бирок саясый тирешүүлөр эл катоону дагы кечеңдетиши мүмкүн деп кооптонот:

-Эл каттоого таразалап карашыбыз абзел. Эл катоо күрттөр жана араптар ортосунда саясый-финансылык бийликти бөлүшүү гана эмес. Эң негизгиси: саясатчыларга эл каттоону саясатташтырбагыла, антсеңер, алдыдагы проблемаларды чече албайсыңар деп түшүндүрүүбүз зарыл. Саясый маселелер элдин санына таянып эмес, сүйлөшүү аркылуу чечилет. Саясатты эл каттоого аралыштыруу өнүгүүнү аксатып, элдин жашоосуна зыяны тиет.

1997-жылы Саддам Хусейн тушунда болгон акыркы эл каттоо Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн бийлиги астындагы аймакта жүргүзүлгөн эмес. Бул региондогу көпчүлүк түркмөндөр менен араптар күрттөрдүн бийлигин каалашпайт.

Йуст Хилтерманн - Эларалык кризистик группасынын Жакынкы Чыгыш программасынын орун басар директору. Хилтерман эл каттоодо көп катталган этнос мунайга бай Киркукту башкарып калат, ошон үчүн өнөктүктөн бир партия утса, экинчиси уткурары күмөнсүз экенин айтат:

- Партиялар эл каттодон пайда табышы мүмкүн. Киркукта бийликте турган партиялар эл каттоону кечеңдетүүнү каалашпайт. Алар күрт жетекчилигин демографиялык абалды бурмалоо үчүн 2003-жылдан бери Киркукка тыштан күрттөрдү алып келди, алар эл катоодо киркуктук деп катталат деп күнөөлөп жүрүшөт. Ушундай эле жагдай башка да талаштуу аймактарда, анын ичинде Мосулда болушу ыктымал.

Эл каттоо күрт регионалдык өкмөтүнө Багдаддан бөлүнгөн каражаттын өлчөмүн өзгөртөөрү да айтылууда. Араб депутаттардын сөзүнчө, демографиялык кырдаалды электен өткөргөн жараяндан кийин күрт автономиясы борбордон алган каражат азыркы 17 проценттен 12 процентке түшөт.

Азыр талкуудагы Шайлоо кодекси боюнча эл катоонун натыйжасына жараша региондордун бийлик укугу аныкталат. Шайлоочулар депуттарды мурдакыдай партиялык жабык тизме менен эмес, тизмеде аты аталган талапкерлердин ичинен тандап, добуш беришет. Эл каттоону кийинге калтырууга жабык тизме системасын колдогон Жогорку Ислам Ирак Кеңеши жана күрт партиялары үчүн пайдалуу. Премьер-министр Малики ачык тизме системасынын демилгечиси.

XS
SM
MD
LG