Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Түштүк-Кытай деңизинде жоголгон учакты издөө токтотулду


Издөө ишине катышкан кемелердин бири.
Издөө ишине катышкан кемелердин бири.

Түштүк-Кытай деңизинде жоголгон Боинг 777 учагын издөө токтотулду.

Австралия, Малайзия жана Кытай 17-январда билдиргендей, мындай чечим 120 миң чарчы чакырым аралыктагы үч жылдык издөө иши жыйынтык бербегенинен улам кабыл алынды.

Ошого карабастан, аталган өлкөлөр келечекте жоголгон учакты табууга көмөктөшкөн жаңы маалыматтар чыгып каларына үмүт артышууда.

Малайзиялык компанияга таандык МН 370 каттамы 2014-жылдын 8-мартында радардан жоголгон. Бээжинден Куала-Лумпурга багыт алып бараткан учактын бортунда 239 киши болгон.

Издөө ишине 160 млн доллар сарпталган. Үч жыл ичинде Инд океанынын ар жеринен учактын айрым бөлүктөрү табылган. Эксперттер алардын үчөө жоголгон учакка тиешелүү болушу мүмкүндүгүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG