Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Ирак жергиликтүү кеңештерин шайлайт


IБагдатта бул жолку шайлоо өнөктүгүндө коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы айтылууда

IБагдатта бул жолку шайлоо өнөктүгүндө коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы айтылууда

Иракта 31-январда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. 2005-жылдан бери экинчи ирет өтүп жаткан шайлоо күрддөр жайгашкан регион менен талаш-тартыштуу Киркуктан сырткары, өлкөнүн баардык аймактарында болмокчу.

Ишембиде 14 провинцияда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого жалпысынан 14 жарым миңдей талапкер аттанууда.

2005-жылдагы шайлоолордо коопсуздук чараларынын айынан шайлоо өнөктүгү чектөөлөргө алынып, добуш берүүгө сунни шайлоочулары катышуудан такыр эле баш тартышкан. Бул жолу талапкерлердин шайлоо өнөктүгү кеңири өтүп жатканы кабарланууда.

Шайлоого аттангандардын арасында саясий сахнага кайра кирип жаткандар да бар. Алардын бири Хаятем ал-Жебури “Азаттыкка” буларды айтты: “Азыр бийликте турган талапкерлер шайлоо өнөктүгүндө алда канча алдыга кете алышат, - дейт Хаятем ал-Жебури. - Бизге окшогон бийлиги жоктор болсо, Кудаа кааласа, аларга жеткенге аракет кылабыз. Баарына ийгилик каалайм! Эң эле тынчсыздандырып жатканы – иш жасайм деп жаткандар мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн шайлоодо утушса эле болду».

Талапкерлер менен жолугушууларда азыр шайлоочулар жергиликтүү кызматтардын ишин жакшыртууну жана коопсуздукту күчөтүүнү негизги талап катары коюшууда. Алар жанындагы эле кошуналары, мисалы, таза сууга жетип, мыкты медициналык кызматка ээ болуп жатышканын, электр жарыгы да көп аймактарга берилгенин айтып жатышат. Шаарларда инфраструктураны курууга АКШ менен Ирак өкмөтү бөлгөн акча көп учурда бийликтерилердин чөнтөгүнө кетип жатканына көпчүлүк нааразы экенин билдирген.

Мына ушундай нааразылык шайлоо алдында жаңыланган сурамжылоонун да таң калаарлык өңүттөрүн түшүндүрөт. Айталы, 2005-жылы шайлоочулардын көбүнүн добушун алып, азыркы өкмөттө басымдуулук кылган диний партияларга азыр эл далысын салып калганы кабарланды. Улуттук Медия борбору уюму тарабынан өткөрүлгөн сурамжылоого 4,5 миң адам катышкан. Суралгандардын 41% секулярдуу көз-караштагы адамдар бийликке келишсе дешет. Ал эми диний партиялардын адамдарын сурамжылоого катышкандардын 31% колдогон.

Ирактын борбордук бөлүгүндөгү суннилер төрт жыл мурдагы шайлоолорго бойкот жарыялашкан болсо, бул ирээт жигердүү катышат деп күтүлүүдө. Мунун өзү бир топ жылдан берки зомбулуктун тезирээк токтотулушуна болгон күчтүү каалоо дешет байкоочулар.

Анбар провинциясынын баш калаасы Рамадиде жашаган Абдулсаттар Абдулраззак Reuters агенттигине буларды айтты. «Өзүңүздөр билгендей, буга чейинки шайлоодо шаарда террористтер басымдуулук кылышканынан биз добуш берүүгө катышкан эмеспиз. Кудаага шүгүр, шаар алардан бошоп, эми рамадиликтер алдыдагы шайлоого катышканга даяр турабыз. Биз бул шайлоо ачык жана акыйкат өтөт жана жергиликтүү кеңештерге депутаттар эл мүдөөсүн аткара алышат го деп үмүттөнөбүз», - деди Абдулсаттар Абдулраззак.

Ирактагы шайлоонун айланасында кызуу талаш-тартышты жаратып жаткан дагы бир маселе – аял талапкерлер аларга Ирактын шайлоо кодекси тарабынан бөлүнгөн 25% квотаны толуктай алышабы?

Ушул ишембидеги шайлоого даярдык иретинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо тууралуу мыйзам бир топ өзгөртүлдү. Шайлоо комиссиясынын айтымында, эми ар бир партиянын тизмесинин үчүнчү сабында аял-талапкер болушу зарыл. Анткен менен талапкер-айым Хамдия ал-Хуссейни «Азаттыкка» айтканына караганда, бул алардын укугун кемсинтет: «Аялдар үчүн бөлүнгөн квотага макул эмесмин, - дейт ал-Хуссейни. - А эгерде шайлоого үч эмес, бир эле адам аттанса кандай болот? Же шайлоодо бир партия эки гана орун утуп калса, үчүнчү болуп турган аял киши өтпөй калат экен да!».

Шайлоо Ирактын эки гана регионунда болбойт. Курддөр жашаган региондо, мисалы, жергиликтүү кеңешке депутаттарды башка учурда шайлашат. Мындан сырткары, мунайга бай Киркукта да шайлоо өтпөйт. Анткени ал жакта шайлоо кан төгүлүүлөргө алып келиши мүмкүн деген кооптонуу бар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG