Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Иракта жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүп жатат


Добуш берип чыккан ирактыктар, Нажаф шаары, 31-январь, 2009
Добуш берип чыккан ирактыктар, Нажаф шаары, 31-январь, 2009

Бүгүн Иракта жергиилктүү кеңештерге 2005-жылдан бери алгачкы шайлоо өтүп жатат. Шайлоо азыр өлкө канчалык стабилдешип, коопсуздукту камсыздоо канчалык ийгиликке жетип жатканын көрсөтөт деп айтылууда.

Добуш берүүгө 15 миллиндой ирактык жаран укуктуу. Шайлоо Бишкек убактысы менен 20:00 аяктайт. Багдатта добуш берип бүткөндөн кийин, өлкөнүн премьер-министри Нури ал-Малики адамдар бүгүн шайлоого активдүү катышып жатканына сүйүнүп жатканын билдирди.

Өкмөт башчы Нури ал-Малики шайлоого эл жакшы катышып жатканына ыраазы
“Шайлоого адамдар жигердүү катышып жатканы кубандырат. Анткени мунун өзү “ирактыктар канчалык деңгээлде өз өкмөтүнө жана өздөрүнүн эркин тандоосуна ишене турганын” көрсөтөт. Жергиликтүү кеңештер аймактарда элдин жашоосун жакшыртууда үлкөн иштерди жасай алышат деп үмүттөнөбүз, анткени жеригиликтүү кеңештерге бул жаатта чоң милдеттер, жоопкерчилик жүктөлөт”, - деди өкмөт башчы Нури ал-Малики.

Чынында эле жергиликтүү кеңештерге, мындан төрт жыл мурдагыга караганда, алда канча кеңири мүмкүнчүлүктөр берилет деп айтылуууда. Буга чейинки шайлоолорго мамлекеттеги сунни мусулмандары бойкот жарыялашкан эле.

Бүгүн шайлоо учурунда коопсуздук чаралары да күчөтүлдү. Ирактын башка мамлекеттер менен чекаралары бүт жабылды, Багдатта жана ири шаарларда болсо бир топ көчөлөр да жабык.

Азырынча Тикритте гана (Саддам Хуссейндин туулган жеринде) үч майда жарылуулар болгону кабарланып жатат. Алардан эч ким жабыркаган эмес.

Багдаттагы шайлоочулардын бири бул жолку дробуш берүүнү алар үчүн “жакшы мүмкүнчүлүк” деп атады. “Бул – биз үчүн эч кандай басымсыз жана кийлигишүүсүз эркин добушка берилген мүмкүнчүлүк, улуу күн. Мен азыр эркин адаммын жана менин кызыкчылыктарымды коргой турган адамга добуш бере алам”, - дейт шайлоочу.

Бүгүн Багдатта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көптөгөн көчөлөр жабык
Добуш берүү кандай жүрүп жатканына жүздөгөн эларалык жана жергиликтүү саясий партиялардан миңдеген байкоочулар көз салып турушат.

Шайлоодо талапкердигин койгон 14 миңден ашуун адамдын кеминде сегизи киши колдуу болду. Сунни араптардан көрсөтүлгөн үч талапкерди бейшембиде өлтүрүп кетишти.

Кандай болсо да, бул жолку шайлоо ушул жылдын этегинде өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык катары каралууда.

Бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыктары келерки аптадан тарта айтыла баштайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG