Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Баткенде кыргыз-тажик жаштарынын достук фестивалы өттү


Кыргызстандык жана тажикстандык жаштардын катышуусундагы “Кербен-шоу” деп аталган фестиваль эки өлкө ортосундагы алты чектеш аймакта өттү. Жаңы-Жер, Кулунду, Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай жана Кара-Бак айылдарында өткөн иш-чарага 600дөн ашуун өспүрүмдөр, жаштар жана жергиликтүү башка тургундар катышты.

Фестивалды Youth of Osh уюму өкмөт менен бирге 9-14–январь күндөрү уюштурду. “Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн чек арадагы кызматташтык” деп аталган долбоорду Швейцариянын өнөктөштүк агенттиги, БУУнун тынчтык орнотуу фонду жана ЮНИСЕФ каржылаган. (SE)

XS
SM
MD
LG