Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

Ирактагы жардыруулардан шийилер жабыр тартышты


Ал-Хазна айылы жардыруудан кийин, Ирак, 10-август 2009-жыл

Ал-Хазна айылы жардыруудан кийин, Ирак, 10-август 2009-жыл

Шийилер жашаган чөлкөмдөрдөгү жардыруулар Иракта мазапаралык тирешүү кайра күчөп жатабы деген кооптонууларды жаратты. Шийилердин лидерлери өз тарапкерлерин өч алууга барбоого чакырууда.

2008-жылдын этегинен быйылкы жылдын алгачкы айлары аралыгында Иракта кол салуулардын саны кескин азайып, АКШ аскерлери чоң шаарлардан чыгарылды. Коопсуздукту камсыздоо вазийпасы болсо жергиликтүү күчтөргө өткөрүлүп берген.

Бирок жайдын келиши менен координацияланган теракттар көбөйө баштады. Алардын басымдуу бөлүгү шийилерге каршы багытталган. Зомбулуктун күчөшү менен Ал-Кайида же башка согушкер топтор Иракты кайрадан мазапаралык уруштун кучагына түртүшүүдө деген кооптонуулар пайда боло баштады. 2006-2007-жылдары шийилер менен сунилердин ортосундагы кандуу жаңжал 10 миңдеген адамдын өмүрүн алып кеткен.

Жогоруда айтылгандай, кол салуулардын акыркы толкунунан негизинен шийилер жабыр тартышты. Алсак, Багдаддын жанындагы шийилер жашаган райондо жума намазынан кийин мечиттин жанында, андан кийин элге жыш толгон базарда бир катар жардыруулар болду. Бир нече жумушсуз шийилер иш издеп, кезекте турган жеринен кол салуудан мерт кетишти.

Эң кандуу кол салуу ушул дүйшөмбүдө шийилердин Ал-Хазна кыштагында орун алды. Бомбага толтурулган жүк ташыган эки машина биринин аркасынан бири жардырылып, 40 тан ашуун киши каза тапты, 155 тейи жарадар болду. Алардын көбү жардыруу болгон чакта уктап жатышкан.

Премьер-министр Нури ал Малики чабуулдарды жемиш бере баштаган саясий процессти үзгүлтүккө учуратуу аракети катары сыпаттап, өлкөнүн куралдуу күчтөрүн кол салууларга даяр турууга үндөдү:

- Улуттук коопсуздукка залака келтирүү аракеттери улантылат деп күтсө болот. Алар саясий жараян туруктуу эмес деген ой-пикирдин орношун каалашат. Бул же тигил жакта акылга сыйбас, карасанатай чабуулдарга күбө болуп келатасыңар. Бирок, кудай буюрса, сиздердин аракеттериңер, чечкиндүүлүгүңөрдүн жардамы менен, колубуздагы бар мүмкүнчүлүктөрдү, чалгынчылардын маалыматын пайдаланып жаңы теракттарды пландап, ишке ашырууга жол бербейбиз.

Аналитиктердин бир тобу шийилер азыр борбордук өкмөттө үстөмдүк кылгандыктан, өч алуу акцияларынан өздөрүн карманып жатышат дешет. Эксперттер суннилер менен шийилер ортосундагы мазапаралык жаңжал демократия орнотуу аракеттерине чоң тоскоол болот, шийилердин жетишкендиктерине көлөккө түшүрөт деп эскертишет.

Шийилердин руханий лидери Аятолла Али-ал-Систани жолдоочуларын зомбулукка жооп кайтаруу акцияларына барбоого чакырды.

Лондондо жайгашкан “Жакынкы Чыгыш” журналынын редактору Адел Дарвиш теракттардын толкуну атаандаш куралдуу топтордун ортосундагы күрөштүн башталышы болушу мүмкүн деп боолголойт.

- Кээ бир согушкер топтор, маселен Муктада ал-Садрдын адамдары же башкалар азырынча үн чыгарбай, акырын жатышат. Алар ыңгайлуу учур келгенде өз бийлигин орнотуу аракетин көрүшү мүмкүн. Же болбосо азыркы окуялар атаандаш топтордун өз ара урушу болушу ыктымал. Согушчандар тигил же бул аймакта кожоюн ким экенин көргөзүү үчүн жайкын тургундарды коркутуп-үркүтүүгө киришти. Бул - абдан кооптуу. Ушундай эле кырдаалга 1970-жылдары Ливанда жарандык согуштун башында күбө болгонбуз.

Дарвиш зомбулуктун күчөшү үчүн суннилерди айыптоодон алыс экенин да кошумчалайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG