Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

1-сентябрдан тартып Тажикстан Борбор Азияда секулярдык билим берүүдөн кол үзүп, окуу программасына ислам таануу сабагын киргизген биринчи өлкө болуп калууда.

Өкмөттүн мындай кадамын айрымдар динди көзөмөлдөп, мыйзамдан сырткары иштеп жаткан диний мектеп-мадрасалардын таасирин төмөндөтүү далалаты деп баалашууда. Айрым динаятчылар бирок «сабакты молдолор өтүшсүн, куран, хадистерди да окутуш керек» деп жатышат.

Сегизинчи класстын окуучуларына жумасына бир саат өтүлүүчү сабактар үчүн атайын жаңы китеп жазылды. Анда негизинен төрт багыт: Ислам дининин тарыхы, исламдык жоболор, Исламдын илимге карата мамлеси жана исламдын СССР кулагандан берки тажик коомунда ойногон ролу үйрөтүлөт.

Жаңы сабакты окутууга апрель айынан бери 400дөй тарых жана адабият мугалимдери атайын даярдыктан өткөрүлдү. Айрым динаятчылар бул мугалимдер исламды жеткиликтүү окута албайт, бул сабактарды молдолор жана Исламдык университеттин бүтүрүүчүлөрү өтсүн деп талап кылышууда.

Саид Ахмадов - Тажикстандын Диний иштер боюнча комитетинин мурдагы жетекчиси. Ал Билим берүү министрлиги акыры эки тарапка тең жарамдуу чечимге келет деп ишенет:

– Экөө тең болуу керек. Буга динге, исламга адистешкен секуляр мугалимдер тартылууда. Алар менен катар өздөрүн экстремизмден оолак туткан динаятчылар да мугалим болууга укуктуу. Бирок бул кызматты окуучулардын арасында экстремисттик, фанатикалык түшүнүктөрдү жайылтуу үчүн пайдаланышпасын, анда эле жаңы чатак, кармаш башталат.

Бийликтер ислам сабагын мусулман жаштардын өз дини тууралуу маалыматты башка жактан издебеси үчүн киргизип жаткандыгын жашырбайт. Өлкөдө көз карандысыздыктын жылдарында көптөгөн катталбаган диний мектептер, медреселер пайда болду, жүздөгөн мечиттер курулду.

Акыркы жылдары тажик бийликтерин радикал исламдын таасирин тизгиндөө маселеси айрыкча түйшөлтүүдө. Ондогон жашыруун медреселер текшерилип, исламдык жоолук «бөтөн элдин маданияты» деп четке кагылды. Жүздөгөн катталбаган мечиттер жабылды. Бул чаралар ислам динаятчыларын катуу нааразы кылды. Ислам таануу сабагы киргизилгенден кийин да, алардын айрымдары бул чараны жетишсиз деп санашууда.

Таанымал динаятчы жана саясатчы Акбар Туражанзаде ажы өткөн жылы Тажикстандагы тарых китептеринде ислам динине кастарын тиккен, аны бурмалаган фактылар бар экенин сынга алган.

Ал эми түштүктөгү Хатлон дубанындагы Исламдык Кайра Жаралуу партиясынын жетекчиси Каландар Садриддинзода ажы алтургай өкмөт эки жүздөнүп жатат деп эсептейт:

– Бийликтер бизге, мусулмандарга, жакшылык кылып жаткандай сүйлөшөт. «Мына биздин динди мектептерде окута баштадык» дешет. Бирок исламды окутуу үчүн атайын окуу куралдын кереги жок. Эгер алар исламды чындап окуткусу келсе, окуу программасына куран менен хадистерди киргизишсин. Бул жөнөкөй эле нерсе да.


Исламды үйрөнүү жалпы улуттук окуу программасына киргендиктен, аны мусулман эмес балдар да окууга тийиш болот. Ошол эле убакта башка диндер боюнча сабак өтүү каралган эмес. Тажикстанда калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар болуп саналат.
XS
SM
MD
LG