Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Россиялык мыкаачы немецтин соту башталды


Россиялык келгин немец Дрезден сотунда сурак бере баштады. Быйыл жайда ал мисирлик аялды түз эле сот залында бычактап салган эле.
Россиялык келгин немец Дрезден сотунда сурак бере баштады. Быйыл жайда ал мисирлик аялды түз эле сот залында бычактап салган эле.

Быйыл июлда Германияда түз эле сот залында мисирлик мусулман аялды бычактап салган россиялык келгин немецтин соту бүгүн Дрезденде башталды. Процесске немец жериндеги, арап өлкөлөрүндөгү мусулман коомчулугу агылгалап назар салууда.

Мисирлик отуз эки жаштагы Марва ал-Ширбини менен Россияда төрөлүп, 2003-жылы Германияга жер которуп келген 28 жаштагы немец Алекс Виенстин чатагы Дрезден шаарында үй алдындагы короодо башталган. Балдар ойногон селкинчекке үч жашар уулун жетелеп келген Марва отургучтан орун берүүнү өтүнгөндө Алекс атырылып бир тийип, аны "ислам террорчусу", "сойку" деп атап, сөгүп-тилдеп кирген. Марва полицияга арызданып, Алексти 480 доллар өлчөмүндө айыпка жыгат. Бул чечимге даттанып Алекс сотко кайрылат.

1-июлда тараптардын доомат-догун териштирип жаткан сот залында Алекс капыстан эле атырылып келип: "Сендей мусулман салбарга бу жашоодо орун жок!",- деп кыйкырып, мисирлик аялга алеки мүнөттө он сегиз ирет бычак сайганга үлгүрөт. Аялын арачылаганы Элви Али Оказ атып туруп, ортого түшөт. Күтүүсүз иштен алдастап калганбы, же чын эле "өңү ийгиге" жан тартып кеткенби, айтор, залдагы полицменди бири Марванын күйөөсүн атып жиберет. Оказ жарадар болуп, ооруканада жатып чыгат. Марваны болсо дарыгерлер аман алып кала алышкан жок. Болгону анын үч айлык боюнда бар экенин айтышты.

Бүгүн Дрезденде сот башталар алдында Германиядагы мусулмандардын диний башкармалыгынын башчысы Айюб Аксел Келер процесске көңкү ислам жамаатынын көңүлү бурулуп турганын, бул окуядан улам бир катар өлкөлөрдө тополоңдор чыкканын журналисттердин эсине салды. "Андыктан бу сот бизге, немецтерге да улуттук ар-намысыбызды сактап калуунун мүмкүндүгү болот",-деп айтты ал Reutersтин кабарчысына.

Ислам динине өткөн Келер "тополоң" деп быйыл жайда Египетте, Иранда жана башка жерлерде болуп өткөн аламан жыйындарды, Марванын өлүмүн териштирүүнү Улуттар Уюмунан талап кылган массалык демонстрацияларды айтып жатат.

Германиядагы мусулман жамааты Европада Франциядан кийинки эң ири коом. "Бу сотту алар чыдамсыздык менен күтүп келишти",-деп айтты Келер. Анын айтымында, ушул окуядан улам мусулман аялдар менен келин-кыздар үрпөйүп үрөйү учуп калышты. Аларды немец жеринде басмырлаган учурлар дале уланып жатканын ырастап, Келер исламга итиркейи келген маанайды, анын коомдогу салакаларын саясий ишмерлер баштагыдай эле этибар албай жатканына атайы назар бурду.

Мамлекеттик айыптоочу соттогу сөзүндө Виенсти тейи бөлөктөргө жүнү тетири айланган фанатиктердин бири катары мүнөздөдү. Tagesspiegel басылмасы учурунда өз булактарына таянып, россиялык бул келгин немец мурдатан эле Германиядагы "неонацисттерге" шүйшүнүп жүргөнүн кабарлаган болчу.

Канцлер Меркелдин башкы кеңешчилеринин бири Мария Бемер процесс ачылардан бир күн мурда коомчулукту токтоолукка чакырып, немецтер расизмге каршы "күн сайын күрөшүшү керектигин" эскертти.

Процесстин коопсуздугун камсыз кылганы сот имаратын эки жүздөн ашуун полицмен күзөтүүдө.

Египеттин Берлиндеги элчиси Рамзи Эззелдин "немец сотунун адилеттигине ишенгени" процесстин ачылышына атайын келип катышты.

XS
SM
MD
LG