Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Израил Газаны чала-чарпыт ачмай болду


Израил -- Төртиликтин өкүлү Тони Блэр Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху (оңдо) менен мындан бир нече күн мурда жолугушкан эле.
Израил -- Төртиликтин өкүлү Тони Блэр Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху (оңдо) менен мындан бир нече күн мурда жолугушкан эле.

Израил өкмөтү Газаны камалоо режимин жеңилдетмей болду. "Хамас" кыймылы көзөмөлдөп турган анклавга мындан ары гуманитардык жүктөрдү жөнөтсө болот. 31-майдагы окуядан кийин Израил эл аралык кескин сынга кабылган эле.

Газа тилкесин Израил төрт жылдан бери экономикалык камоолдо кармап турган. Режимди жеңилдетүүгө премьер-министр Бинямин Нетаняхуну Жакынкы Чыгыштагы төртилтиктин өкүлү Тони Блэр мындан бир нече күн мурда макул кылганы кабарланды.

"Израил өкмөтү бүгүн эрте менен бир катар чечимдерди кабыл алды, - деп айтты кабинет өкүлү Марк Регев. – Газага өнөр жай товарларын, эл аралык көзөмөлдө турган жарандык долбоорлор үчүн керектүү материалдарды өткөргөнгө уруксат берилет. Ал эми курал-жаракка жана аскер товарларына байланыштуу азыркы эрежелер өзгөрүүсүз калат".

Азыркы тушта курулуш материалдарынан, алардын ичинде металл түтүктөрүнөн, цементтен тартып ажаткана кагаздарына чейинки миңдей товар Газага киргизилбейт. Уруксат берилген товарлардын арасында азык-түлүк, оюнчуктар, тиричилик жана кеңсе товарлары, айрым курулуш материалдары бар. Булардын баары кургак жер аркылуу гана өткөрүлөт, чечимде аларды деңиз аркылуу ташып келүү тууралуу сөз жок.

Израил өкмөтүнүн чечимине мамилесин билдирип, АКШнын региондогу атайын өкүлү Жорж Митчелл алдыдагы аралыкта бардык тараптарды токтоолук көрсөтүп, тирешүүдөн оолак болууга, мындан ары илгерилөө, акыры барып жалпы тынчтыкка жетүү үчүн умтулууга чакырды. Муну Митчелл президент Обаманын регион үчүн белгилеген саясаты, АКШнын концепциясы деп атады.

"Хамастын" өкүлү Израил болгону жүзгө жакын товарга гана уруксат бергенин айтып, өкмөттүн чечимин пропаганда катары баалады. "Бизге чипс же майонез керек эмес, бизге курулуш материалдары керек",- деп айтты ал.

Палестин автономиясынын өкүлү Саэб Эрекат да израил өкмөтүнүн чечимин сынга алды. "Эл аралык мыйзамдарда камалоо режимин жеңилдетүү деген түшүнүк жок",- деп айтты ал жана блокаданы толугу менен токтотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG