Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Кезектеги кеме да Газага жеткен жок


Газага гуманитардык жүк алып, "Амалфея" кемеси өткөн ишемби күнү грек портунан чыккан эле.

Газага гуманитардык жүк алып, "Амалфея" кемеси өткөн ишемби күнү грек портунан чыккан эле.

Газага Ливиядан гуманитардык жүк алып бараткан кеме жээкке жетпей багытын өзгөрттү. Израил өкүлдөрү аны Египеттин Ал-Ариш портуна көздөй бет алды деп ырасташты.

"Амалфея" кемеси соңку бир нече айдан бери молдован желеги менен сүзүп жүрөт, бирок гректерге карайт. Аны жакында Ливиянын лидери Муамар Каддафинин уулу Саид ал-Ислам Каддафи жалдап алып, үч жылдан бери израилдиктердин камоолунда отурган Газадагы калкка эки миң тонна гуманитардык жардам жеткирмек болду.

Кеме өткөн ишемби күнү грек портунан чыккан эле. Анын бортунда экипаждан тышкары палестиначыл он беш активист бар.

Жекшемби күнү Израилдин илим министри Даниэл Хершковиц өкмөт мурдагыдай эле өз саясатын өзгөртпөгөндүгүн, кемелерге Газанын жээктерине киргенге уруксат жоктугун эскерткен.

"Кааласа гуманитардык жардамдын баарын Ашдод портуна жеткиришсин, ошо жерден газалыктарга жөнөтүлөт",- деп айткан эле израил министри.

Шаршемби күнү жээкке 120 чакырымдай аралыкта Израилдин төрт аскер-деңиз кемеси "Амалфеянын" жолун тосуп, багытын өзгөртүүнү талап кылды. Ырасмий өкүлдөр ырасташкандай, "Амалфея" Египеттин Ал-Ариш портун көздөй сүзүп баратат. Ал жерден жардамдын баары Газага автокербендер менен жеткирилет.

Быйыл майда ушундай эле озуйпа менен Газага келаткан "Эркиндик флотилиясын" Израил жээкке жеткирбей тосуп, кагылыш маалында түркиялык тогуз активист набыт болгон эле. Ошондон бери Израил менен Түркиянын мамилеси кескин бузулду.

Бул окуяны Израил иликтеп чыгып, операция маалында айрым каталыктар кетирилгенин моюнга алды, бирок флотилияны күч колдонуп гана токтотуп калууга болот эле деген тыянак жасады.
XS
SM
MD
LG