Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Израилдеги ит жыгылыш


Израил -- "Кадиманын" лидери Ципи Ливни өз партиясын жеңүүчү деп жарыялады.
Израил -- "Кадиманын" лидери Ципи Ливни өз партиясын жеңүүчү деп жарыялады.

Израилдеги парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды. Башкаруучу “Кадима” партиясы башкы атаандашы “Ликуддан” бир мандат көп алды. Эки партия тең өкмөт түзгөнгө талаптанып жатат.

Бүллүтөндөрдүн дээрлик баары саналып бүтүп калды. Тышкы иштер министри Ципи Ливни жетектеген башкаруучу “Кадима” партиясына кнессеттен 28 орун тийди, ал эми мурдагы премьер-министр Бенямин Нетаняхунун оңчул “Ликуд” партиясы 27 мандат алды. Үчүнчү орунга улутчулдардын “Биздин үй – Израил” партиясы чыкты, парламентке анын 15 өкүлү өтмөй болду. Эмгек партиясына,сыягы,13 мандат тиет шекилди.

Шайлоонун мындай натыйжаларын байкоочулар Израилдеги демократиянын кезектеги ит жыгылыш абалы катары баалашты. Кнессетте баары болуп 120 орун бар. Өкмөт түзүү үчүн 61 добуш керек болот. Өздөрүн жеңүүчү деп жарыялаган эки партиянын биринде да мындай мүмкүнчүлүк жок.

Улутчулдардын лидери Авигдор Либерман солчулдар жана оңчулдар менен коалициялык сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди.

“Израил мамлекетинде биз маанилүү, ортон колдой үч партиянын бири болгонубузга бактылуумун”,-деп айтты Либерман.

“Кадима” менен “Ликуддун” лидерлери болсо өкмөт түзүү озуйпасын талаша башташты.

“Кудайдын колдоосу менен жаңы өкмөттү биз жетектейбиз”,-деп айтты “Ликуддун” лидери Нетаняху. Ал коопсуздук маселесин да, экономикалык кризис проблемасын да чече ала турган мыкты жана стабилдүү өкмөт түзө аларына ишендирди. Бул үчүн Нетаняху “Ликуддун” союздаштарына,алардын ичинде улутчулдарга да кайрыларын ырастады.

“Кадиманын” лидери Ципи Ливни атаандашы Нетаняхуга кайрылып: “Шайлоого чейин эле мен жетектеген өкмөткө кошулууну сизге сунуш кылган элем. Бирок сиз эл чечсин деп баш тартып койгон болчусуз. Мына эми эл чечти: ал “Кадиманы” колдоду”,-деп билдирди.

Парламенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыктары ушул жумада чыгарылат. Андан соң президент Шимон Перес партиялар менен консультацияларды өткөрүп, курама өкмөт түзүү милдети кимге тапшырыла турганын чечет. Өкмөт түзгөнгө 42 күн берилет, эгер ушул мөөнөт ичинде кабинет куралбаса, бул милдет экинчи партиянын лидерине жүктөлөт.

Байкоочулар Израилдеги парламенттик шайлоодон кийинки ит жыгылыш абал узакка созулуп кетиши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG