Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Мурдагы Адилет министри Марат Кайыпов “Азаттыктагы” маегинде Газа тилкесиндеги согушту айыптап, Палестинага жан тарткан билдирүүлөргө тилектештик билдирди.

- Ушул жума башынан бери Кыргызстандагы Мусулмандар биримдиги Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу Израиль чабуулун токтотсун деген акцияларын өткөрүп жатат. Шаршемби күнү ушундай аракети үчүн экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев кармалып айып пулга жыгылышты. Кыргыз атуулдары мындай эл аралык жаңжал боюнча өз оюн эркин билдирүүгө укуктары жокпу?

- Эмнеге жок, ар бир Кыргызстан эле жашаган жаран гана эмес, адамдар дагы бул маселе боюнча өзүнүн оюн эркин билдирүүгө укуктуу, тынчтык гана жолу менен оюн билдирүүгө укуктуу.

Дегеле Газа тилкеси жөнүндө айта турган болсок? бүт мусулман өлкөлөрү бул маселе боюнча Израилди сындап, аларды ок атууну токтотууга чакырышып, өзүлөрүнүн акцияларын өткөрүштү. Баса белгилеп кетишибиз керек, бир эле мусулман өлкөлөрү эмес, мусулман эмес христиан өлкөлөрүнүн бардыгы дагы мындай акцияларды өткөрүштү. Ал тургай Боливия менен Венесуэла ушул Израилдин жасаган иши үчүн жаңы жылдын алдынан баштап кол салып, тынч адамдарды өлтүрүп, Газа тилкесинда согуш ачканы үчүн дипломатиялык карым-катышты Израиль менен токтотуп салды.

- Азыр коомдо ушундай аракеттерден улам мусулмандар Палестинадагы мусулмандарга тилектеш болуш керек деген көз караш күчөп жатат. Кыргызстан болсо динден тышкары мамлекет Конституция боюнча. Мына ушул жагдайдан алып караганда, ушундай карама-каршы ойлор динге байланыштуу кырдаалды Кыргызстанда күчөтүп жибербейби?

- Дин менен байланыштырган болбойт. Анткени мусулман өлкөсү мусулмандарды колдосун деген жолдон чыккан жок да. Бул Газа тилкесинде жашаган араб тынч элин өлтүрүп, согуш ачканы үчүн маселе козголуп атат. Бизде кээ бир саясатчылар муну мусулмандардын биримдиги, же мусулмандарды колдош керек деп алып чыгып атат.

Ооба, туура каалайбызбы, каалабайбызбы биз динден тышкары ылайык мамлекет деп жарыя салганыбыз менен Кыргызстандын дээрлик элинин көпчүлүгү мусулман калкын түзөт. Каалайбызбы каалабайбызбы жүрөк ооруп, жүрөгүбүз канап турат, минтип 50 жылдан ашык убактан бери Израиль эл аралык каракчы болуп каалаган убагында каалаган мамлекетерге, кошуналарына согуш ачып атканы.

Мисалы, Голанд бийиктигинин чокусун алып алган Сириядан, ушул убака чейин бере элек. Кечээ жакында эле эки жыл өтө элек, Ливанга кол салды. Мына ушинтип келишим түзүп алышып, өткөн кылымда АКШ, Израиль жана Египет, ушул убакка чейин АКШнын колдоосуна таянып алып туруп Израиль кол салып келатат. Эмне себептен жаңы жылдын алдында шашылып, жанталашып, Газа тилкесине кол сала койду Израиль?

Анткени Барак Обама бийликке келип атып дүйнө жүзүнө, элине убада берген - эл аралык саясатты кескин түрдө өзгөртүш керек, эл аралык уюмдарды өзгөртүш керек, мындай окуя боло бербейт деп. Себеби эл аралык уюмдар, ЕККУ же БУУнун алдында ар дайым туруктуу иштеп жаткан уюмдар Израилге келгенде эле адилеттик саясатка таянып алышат да, адилеттик саясатты колдоп коюшат. Анткени мусулман мамлекеттери көбөйүп атат да. Мен бала болуп башыма жүн чыккандан бери - 48 жылдан бери - ар дайым Израиль өзүнүн кошуналары менен согушуп келет.

- Бул маселеге Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ кайрылышты. Палестинадагы кыргын боюнча билдирүү жасоону сунушташты. Израилдин Кыргызстан менен Казакстандагы элчилиги чабуул палестиндиктерге эмес, "Хамас" уюмуна каршы жасалып жатат деп билдирди. Эл аралык укук мамилелеринин чегинде Кыргызстан кандай турумда болуш керек ушундай жагдайда?

- Эл аралык деңгээлде Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзүнүн көз карашын коркпой-үркпөй так айтышы керек. Израиль алдап атат, азыр миңден ашык киши өлдү, анын үчтөн биринен ашыгы балдар өлүп атса, анан кантип балдардын баары "Хамас" уюмунун мүчөлөрү болуп калабы. Бул көз боемочулук болуп атпайбы. Биз так өзүбүздүн көз карашыбызды айтышыбыз керек. Болгондо дагы сындап айтышыбыз керек. Бул адилетсиз согуш болуп атат.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG