Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Израилдин чечими АКШ менен БУУнун сынына кабылды


Талаштуу аймактардагы курулуштар - жөөт-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрү кайра жандануусуна каскак болгон негизги маселе.
Талаштуу аймактардагы курулуштар - жөөт-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрү кайра жандануусуна каскак болгон негизги маселе.

Израилдин Иерусалим шаарынын чыгышында жаңы үйлөрдү куруу боюнча планы АКШ менен Улуттар уюмунун сынына кабылды. Израиль тарап ал аймакта жаңы 900 үйдү курганы жатат.

Иерусалим шаарынын талашка түшүп келе жаткан чыгыш бөлүгүндө жаңы 900 үйдү курууга уруксат берген чечимди Израилдин Ички иштер министрлиги 17-ноябрда жактырды. Расмий Тель-Авивдин мындай аракети дароо эле АКШ менен БУУнун сынына кабылды.

Израилдин чечими АКШ өкмөтүн камтамага салганын оболу Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс билдирген эле. Анын артынан чечимди учурда Азияда иш сапарда жүргөн жеринен президент Барак Обаманын өзү да сынга алды.

Обама Fox News телеканалына берген интервьюсунда белгилегендей, Чыгыш Иерусалимде жаңы үйлөрдүн түшүүсү анын администрациясынын тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу аракетин татаалдаштырат. АКШ президенти ошондой эле жаңы конуштун курулушу палестиналыктарды ачуулантып, аларды кооптуу кадамдарга түртүүсү мүмкүн экенин да кошумчалады.

Израилдин дарегине ачуу сөздөрүн БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да жолдоду. Анын пикиринде, Израилдин жогорудагыдай чечими жөөт- палестин чатагын Палестин мамлекетин түзүү аркылуу чечүү идеясынын турмушка жарамдуулугунан шек санатууда.

Палестин лидерлери буга чейин билдирип келгендей, азыр токтоп турган тынчтык жараянынын кайра жанданышы Израиль Иордандын батыш жээгинде конуштарды курууну токтотуусуна көз каранды.

Палестиналык сүйлөшүүчүлөрдүн бири Саеб Эрекат алардын мындай турумун шейшембиде, Иорданиянын борбору Амманда француз тышкы иштер министри Бернард Кушнер менен бирге өткөргөн маалымат жыйында дагы бир ирээт кайталады:

-Биз Израиль өкмөтүнүн Чыгыш Иерусалимдин оккупацияланган Гило районунда жаңы 900 үйдү куруу жөнүндөгү чечимин айыптайбыз. Жаңы конуштардын курулушу акыркы чечим боюнча сүйлөшүүгө кедергисин тийгизет жана эки мамлекет деген багытты талкалайт. Биз Жакынкы Чыгыш жаңжаалын жөнгө салуу боюнча төртилик топтун мүчөсү катары Европа жана башка мүчөлөр Израиль өкмөтүнөн конуш салуу ишин токтотууну сурануусун өтүнөбүз.

Израиль болсо өз планынын тууралыгын коргоп, Чыгыш Иерусалимге түшүүчү жаңы үйлөрдүн конуштарга эч тиешеси жок экенин айтууда. Премьер- министри Беньямин Нетаньяхунун кеңсеси тараткан билдирүүдө, конуштар түшүүчү Гило району Чыгыш Иерусалимдин ажырагыс бөлүгү экени белгиленет.

Израил өз тарабынан Иерусалим шаарынын бүткүл аймагын, анын ичинде 1967-жылкы согушта аннекцияланган Чыгыш Иерусалимди да өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Чыгыш Иерусалимдин айланасына түшкөн райондордо азыр жөөттөрдүн 180 миңдейи жашат.

Ал эми палестиндер Чыгыш Иерусалимди алардын болочок мамлекетинин борбору катары көрөт жана анын тегерегиндеги райондордун баарын конуш деп санайт.

Айтор конуштар менен байланышкан соңку чатак АКШ президенти Барак Обаманын администрациясынын тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу боюнча тынымсыз аракетине карабай орун алып олтурат.

Сүйлөшүүнү жандандыруу максатында АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун аймакка ай башында жасаган сапары да ийгиликсиз аяктады.

Ошол эле учурда палестин президенти Махмуд Аббас Израилдин сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруунун мунаса шарты катары жаңы конуштардын курулушун бир аз чектөө жөнүндөгү сунушун четке каккан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG