Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Палестинадагы кыргын токтобосо, Кыргызстандагы мусулмандар козголот


Израилдин Палестинага каршы жүргүзгөн согушун айыптаган каршылык жыйыны. Польша, 10-январь.2009-ж.
Израилдин Палестинага каршы жүргүзгөн согушун айыптаган каршылык жыйыны. Польша, 10-январь.2009-ж.

"ЭРК" партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкта” курган маегинде Кыргызстан Мусулмандар биримдиги Израилден Палестина жериндеги согушту токтотууну талап кылган акцияларды кеңири коомчулукка жайылтып өткөрө бере турганын билдирди.

- Сиз жетектеген Мусулмандар биримдиги бүгүн Газ тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрүп, коомчулукту Израилдин чабуулун токтотууга чакырган жатыпсыздар. Ал дүйнө коомчулугуна таасир көрсөтө алат деген ишеним барбы?

-Биз 4-январда Израил Газа секторуна аскерин киргизгенде эле, биринчи өлүмдөр башталганда эле өзүбүздүн каршылык пикирибизди айтып, Орто Азиянын бийликтерин каршы чыгууга үндөдүк эле. Кудайга шүгүр, мына биз чыккандан кийин Кыргызстандын муфтийи да жума күнү Израилдин чабуулуна каршы өзүнүн пикирин айтты. Тажикстандын президенти да каршы пикирин айтты. Өкүнүчтүүсү - башка өлкөлөрдүн президенттери унчукпай жатат, анын ичинде Кыргызстандын президенти дагы. Ошондуктан биз өз акциябызды улантабыз, кеңири коомчулукка жеткирели деп жатабыз өз ойлорубузду.

- Сиздер өзүңүз айткандай Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу пикетке чыгабыз деп жарыя кылган элеңиздер. Ал ишке ашабы, же эскертүү эле болду беле?

-Албетте, ишке ашат . Эгерде Израилдин аскерлери Газа тилкесинен чыккпаса. Биз кайрылууну БУУга, АКШнын президентине, Россиянын президентине, премьер-министрине, Кытайдын жетекчилигине жана Германия менен Евросоюздун жетекчилерине, ошонун ичинде ОБСЕге да жөнөткөн элек. Ошондо биз эскерткен элек : Эгерде БУУ, Европа өлкөлөрү, АКШ, Россия, Кытай Израилдин Газа секторундагы согушун токтоттурбаса, аскерин чыгарбаса, Палестина элине салынган кыргынды токтотпосо, анда биз дагы - Кыргызстандагы мусулмандар - көтөрүлөбүз деп. Бул оюбуз күчүндө.

- Азыр Кыргызстанда диний кырдаал кыйын абалда курчуп турган кезде мындай чакырыкты жасоо опурталдуу го деген ой бар да. Сиз кандай ойдосуз? Мындай жоопкерчиликти ала аласыздарбы?

-Мындай суроого Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы да жооп берди. Биз Кыргызстандагы мусулмандар унчукпай тура албайбыз, өзүбүз үнүбүздү кошуп, Израилдин аскеринин чыгышын тез талап кылабыз деп Кыргызстандын мусулмандарынын атынан да айтты. Биз да ушундай пикирди айттык эле, кудайга шүгүр, бул жерде пикирибиз бир болуп жатат. Экинчиден, мунун Кыргызстандагы диний кырдаалга тиешеси жок. Себеби Куранда да жазылган: “Эгерде башка бир мусулмандарга күч колдонсо, согуш ачса колуңардан келишинче жардам бергиле” деген. Эми Палестина Кыргызстандан алыс экен, бара албайбыз, ошондуктан ушул жерден өзүбүздүн каршы пикирлерибизди жана талаптарыбызды айтып турушубуз керек.

- Ушул акциянын алкагында кандай дагы башка иш-чаралар болот?

-Эртең-бүрсүгүнү Тарых музейинде эртеден кечке чейин Палестина элине кыргын салынып жатканы жөнүндө сүрөттөрдү эки күн көрсөтөбүз. Андан тышкары 15-январда Горький эстелигинин жанында да сүрөт көргөзмө өткөрөбүз. Шейит болгондорго көңүл айтуу китебин ачабыз. Согушка каршы болгондор дагы өздөрүнүн пикирлерин айтса болот. Бул чаралар Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда өтөт. Андан тышкары биз акча чогултабыз, чогулган акчанын баарын Палестинага Газа тилкесине жөнөткөнгө аракет кылабыз. Башка аркеттер да бар. Мисалы, Израил менен АКШнын тууларын өрттөйбүз.

- Конституциялык Сотко берген арызыңыз арызыңды кароо эмне үчүн 8-январдан 15- январга жылып кетти?

-Себеби Конститутциялык Соттон кошумча өтүнүч барбы дегенде, мен эки өтүнүчүмдү айттым. Биринчиден, эмне үчүн, биз Конституцияга карама каршы келген мыйзамды жокко чыгарууга аракет кылып атсак, Жогорку Кеңештен же төрөгасы келген жок же төраганын үч орун басарынын бири да келген жок.

Же болбосо, ошол мыйзамды демилгечи болуп кабыл алдырган Исхак Масалиев баш болгон депутаттар келген жок. Болгону катардагы бир кызматкерди жөнөтүшүптүр. Биз билебиз Жогорку Кеңеште депутаттар добуш берет, депутаттар чечим кабыл алат. Ошол биринчи өтүнүчүм болчу Конституциялык Сотко - төрага же төраганын орун басарлары же демилгечи депутаттар келсин деген.

Экинчи өтүнүчүм, мына биз былтыр 16-декабрдан баштап Кыргызстан боюнча каршылык акцияларды өткөрөлүк десек, Конституцияга карама каршы келген мыйзамга таянып туруп, Бишкек шаарынан баштап Талас шаарына чейин мэрлер, соттор бизге уруксат бербей коюшту. Ошол жооптордун баардыгын сиздерге чогултуп келем, андан тышкары Нурлан Мотуев экөөбүзгө прокуратура эскертүү берди эле, ошол эскертүүлөрдү кошуп беребиз десек, Конституциялык Сот макул болду да бир жумага созду.
XS
SM
MD
LG