Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:15

Италияда америкалык тыңчылар соттолду


Милан -- Судья Оскар Мажжи ЦРУнун тыңчыларына чыгарылган өкүмдү окуп жатат.4-ноябрь 2009-жыл.
Милан -- Судья Оскар Мажжи ЦРУнун тыңчыларына чыгарылган өкүмдү окуп жатат.4-ноябрь 2009-жыл.

Италияда Милан соту АКШнын 23 жаранын сыртынан түрмөгө кести. Алардын баары мусулман динаятчысын уурдап кеткени үчүн күнөөлүү деп табылды.

Бул сот 2007-жылы жайда башталган. Миландык мусулман динаятчысы Хассан Мустафа Осама Насрды – ылакап аты Абу Омар – уурдап кеткендер делинип адегенде 26 адамга айып коюлган. Алардан үчөө дипломатиялык укуктарынан улам жоопкерчиликтен бошотулган. Калган 22 кишини сот 4-ноябрда беш жылга түрмөгө кести, баары АКШнын борбордук чалгындоо башкармасынын тыңчылары болгон. ЦРУнун Миландагы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Роберт Селдон Леди сегиз жылга соттолду.

Айыпкерлердин баарына сот сыртынан өкүм чыгарды, АКШ аларды Италияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Бул ишке байланыштуу мурда Италиянын өзүнөн эки киши үч жылга соттолгон. Беш киши акталган.

Соттолгондордун баары Абу Омарга жана анын аялына 1,5 миллион евро төлөп берүүгө тийиш. Абу Омар аялы менен быйыл августта айыпкерлердин үстүнөн адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданган эле.

Милан сотунун чечими АКШ өкмөтүн өкүттө калтырганын мамлекеттик департаменттин өкүлү Иан Келли ырастады. Бирок ал сот өз өкүмүн али кат жүзүндө бышыктай электигине шылтоолоп, бу чечимге байланыштуу кошумча кандайдыр бир пикир айткандан баш тартты.

Соттолгон америкалык жарандардын адвокаттары соттун өкүмүн жогорку инстанцияларга берип, даттана тургандыгын айтышты.

Соттун өкүмүн Human Rights Watch уюму кубаттады. Уюмдун терроризм жана террорго каршы күрөш программасынын директору Жоан Маринер Милан соту "ЦРУнун кызматкерлери Европада жасаган кылмыштарды так көрсөтүп бергенин" белгиледи. "Биздин пикирибизде, бул процессте террорго каршы согуш биринчи мерте сот жообуна тартылды",-деп айтты ал.

АКШда бийликке президент Барак Обама келген соң кыйноо ыкмаларын колдонуп суракка алуу тарыйкасына тыюу салынып, ЦРУнун жашыруун түрмөлөрүн жабуу тууралуу чечим кабыл алынган. "Мыйзамды бузганга эч кимдин акысы да, укугу да жок",- деп көрсөткөн Обама өзү.

Абу Омарды террорчулукка тиешеси бар деп эсептеп, Миланда 2003-жылы тымызын кармап кетишкен. Адегенде аны АКШнын Италиядагы базасында кармашкан, кийин Германиядагы базага которушкан. Андан соң Египетке алып барып, ал жерде кыйнап суракка алышкан.

2007-жылы Human Rights Watchтун өкүлдөрү менен жолукканда Абу Омар Египетте аны "бутунан шыпка асып коюп, денесине ток жүгүртүп суракка алышканын" айтып берген.

XS
SM
MD
LG