Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Toyotaны эми тормоз көйгөйү тооруду


Акио Тойода кардарлардан жапондордун салты менен кечирим сурады.
Акио Тойода кардарлардан жапондордун салты менен кечирим сурады.

Дүйнөнүн автоунаа жасоочу эң ири компаниясы - Toyota эң акыркы моделдеринин сатылып кеткен жарым миллионго жакын даанасын кайра артка кайтарып аларын кечээ жарыялады. Муну менен компания өткөн айдан бери эле чакыртып аларын айткан автоунаалар саны сегиз жарым миллионго чыгып олтурат.

Жапондордун Toyotaсы - Кыргызстанда көптөр айдаган унаа. Бирок компания кептелген азыркы көйгөйлөр анын эң соңку продукциялары менен байланыштуу. Сапат жана ишенимдүүлүк жагынан репутациясын компания өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан тарта кура баштаган эле.

Рыноктогу үлүшү жагынан болсо америкалык “General Motors” компаниясын 2008- жылы басып өтүп, дүйнөнүн автоунаа чыгаруучу эң ири компаниясына айланган. Бирок дүйнөлүк биринчилик менен бирге “Toyotaны” бир нече жыл кашыктап чогулткан кадыр-баркын бир заматта чөмүчтөп төкчүдөй болгон көрүнүштөр да коштоду. Анын акыркы мисалы - компаниянын кечээги чечими.

Шейшемби күнү жарыялангандай Toyotaны былтыр дүйнөдө арбын сатылган, кыймылдаткычы гибрид же бензин менен да, ток менен да иштеген “Prius” жана ушундай эле кыймылдаткычтуу дагы үч маркасынын 436 миң даанасын кайра чакыртып алмакчы. Мындай кадамдын башкы себеби унаалардын тормоздук системасында чыккан деффект. Компаниянын негиздөөчүсү, Toyotaнын азыркы президенти Акио Тойода 9-февралда Токиодогу басма сөз жыйында эки тилде: жапон жана англис тилдеринде сүйлөгөн учурунда кардарлардан кечирим суроо менен алардын ишенимин калыбына келтирүүнү убада кылды:

- Биз,Toyota компаниясындагылардын баары, бул маселени диллерлер жана жабдуучулар менен тыгыз кызматташтыкта чечебиз. Баарыбыз, чогуу-чаран керектөөчүлөрдүн ишенимине арзыш үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

Буга чейин Toyota өткөн айда эле кадимки эле кыймылдаткычтуу унааларынын АКШ, Европа, Кытайда сатылган 8 миллиондой даанасын кайра чакыртып аларын жарыялаган. Анда чакыртуунун жүйөөсү катары газдын педалынын басылгандан кийин тыгылып калуусу аталган.

Компания учурда АКШда жана башка жерлерде да проблема бар экендиги байкалгандыгына карабай, унааларды пайдалануудан алуу боюнча жарыясын кечеңдеткени үчүн сынга алынып жатат. Маселен АКШда деффектиси бар автоунааны айдагандар өлүмгө кириптер болгон учурлар катталып, Toyotaга каршы сотко доо арыздар да берилген. Ушундан уламбы акыркы кездери компаниянын рекламаларында түзүлгөн жагдайга өкүнүч айтыла баштаган:

- Соңку күндөрү биздин компания силер бизден же биз өзүбүздөн күткөн стандарттарды орундата алган жок. Мындан улам, Toyotaнын жана диллердик тармактын 172 миң кызматкери баарын ордуна коюу үчүн жан үрөп жатат.

Айтор мотору гибрид “Prius” жана башка моделдерден брак чыгышы айрым адистердин көз карашында эң акыркы үлгүдөгү автоунаалар компьютердик технологияга канчалык көз каранды экенин көргөзгөндөй болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG