Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Орусиялык активист Ильдар Дадин абактан бошотулду


Ильдар Дадин абактан чыккан учурда.
Ильдар Дадин абактан чыккан учурда.

Орусиялык активист Ильдар Дадин Алтай крайындагы Рубцовтогу №5 түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун орус кызматы кабарлады.

Саясий активист Ильдар Дадин массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам талаптарын бир нече жолу бузган деп табылып, 2015-жылы Москванын Басман райондук соту тарабынан үч жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык арыздануулардан кийин анын абак мөөнөтү алты айга кыскартылып, 2,5 жыл деп белгиленген. Орусиянын Жогорку Соту 22-февралдагы чечиминде Ильдар Дадинге чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, ал абактан чыгууга жана акталууга укуктуу экенин белгилеген. Жогорку Соттун чечими акыркы чечим, ал өзгөртүлбөйт. Дадин алгач Карелия аймагындагы абакта кармалып, бирок ал уруп-сабоо боюнча арызданып, өткөн жылы Алтай аймагындагы колонияга которулган эле.

XS
SM
MD
LG