Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Жекшенкуловдун тапанчасы боюнча талаштар уланууда


Мурдагы тышкы иштер министри жана БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча талаш-тартыштар уланууда. Бүгүн анын адвокаттары билдирүү менен чыгышып, айыпталуучуга тагылган кинелер жасалма болгонун айтууга толук негиз бардыгын жарыялашты.

Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн жүргүзүлгөн тергөө-иликтөө иштеринин соңуна чыкканына байланыштуу айыпталуучунун адвокаттары Нина Зотова менен Асель Аргынбаева атайын билдирүү менен чыгышты. Алардын айтымында, мурда тергөө жүрүп жатканына байланыштуу бул иш боюнча маалыматтарды ачык-айрым айтууга мүмкүн болбой келген. Эми тергөө иштери бүткөнүнө байланыштуу, А.Жекшенкуловго карата козголгон кылмыш иштери негизсиз деп айтканга болот дешет.

А.Жекшенкулов үстүбүздөгү жылдын 9-майында кармалып, анын “Макаров” үлгүсүндөгү жеке тапанчасынан түркиялык ишкер Сервет Четин өлтүрүлгөн деген айып тагылган.

Сервет Четин 2007-жылдын 9-декабрында Талас шаарында өлтүрүлгөн эле. Белгисиз бирөөлөр аны тапанча менен эки жолу атышкан. Окуя болгон жерден бир ок, эки гильза табылып, кийинчерээк жүргүзүлгөн экспертиза - табылган ок Аликбек Жекшенкуловго таандык тапанчадан чыгарылган деген жыйынтык чыгарган.

Жекшенкуловдун адвокаттары бүгүн - ал экспертиза кылмыш иштерине байланыштуу мыйзамды олуттуу бузуу аркылуу жүргүзүлгөнүн айтышты.

Адвокат Асель Аргынбаева мындай дейт:

- Бүгүн тергөө иштери аяктаганына байланыштуу, кардарыбыз жапа чегип каларынан коркпой туруп биз “экспертиза олуттуу каталар менен жүргүзүлгөн” деп айта алабыз. Бул жерде атайылап жасалган жерлер да бар.

Адвокат Нина Зотованын айтымында, Жекшенкуловдун ишине келгенде күч органдары адвокаттардын ишине кыйла тоскоол кылышты. Жекшенкуловго карата козголгон кылмыш ишин “күлкү келтирерлик” деп баалаган адвокат Зотова, айыптоочу тарап тапанча боюнча экспертизанын жыйынтыгынан башка эч нерсе таба албаганын, ал эми адвокаттардын көз карандысыз экспертиза жүргүзүү талабы эске алынбай келатканын билдирди.

- Биз Москвада жүргүзүлө турган көз карандысыз экспертизаны төлөп берүүгө даярбыз. Тергөөчүнүн жол киресин, экспертизанын акысын толук мойнубузга алабыз. Мындай суроо туулат да. Мисалы, сиз мени адам өлтүрдү деп айыптап жатасыз дейли. Мындай айып менен адам бери дегенде 12 жыл түрмөгө отурушу мүмкүн. Эгер сиз мени ушунча көп мөөнөткө абакка отургузгуңуз келсе, жок дегенде туура айтып атканыңызды далилдеп, элге көргөзүшүңүз керек да.

Эми Жекшенкуловдун бул кылмыш иши боюнча соту 26-майда болмокчу. Сот процесси учурунда адвокаттар айыпталуучунун сыйлыкка алган тапанчасы боюнча көз карандысыз экспертиза жүргүзүү талабын коюшмакчы.

Буга чейин күч органдарынын өкүлдөрү Адилет министрлиги менен Ички иштер министрлигинин атайын кызматтары жүргүзгөн экспертиза туура экенине ишендирүүгө аракет кылып келишкен.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Жекшенкулов кармалган соң буларды айткан:

- 2007-жылдын 9-декабрында Талас шаарында Түркиянын жараны Четин Сервет деген адамды кечки саат 8:45 чамасында белгисиз бирөөлөр “Макаров” маркасындагы тапанча менен атып өлтүрүшкөн. Ушул боюнча үч бөлүктөн турган кылмыш иши башталган. Анан биз Аликбек Жекшенкуловдун сыйлыкка тапшырылган куралын экспертизадан өткөргөнбүз. Ошонун жыйынтыгында Четин Сервет өлтүрүлгөн тапанча Жекшенкуловдуку болуп чыкты.

Мындан тышкары Башкы прокуратура А.Жекшенкуловго карата “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон. Ал кылмыш ишинде Жекшенкулов тышкы иштер министри болуп турган маалда министрликтин имаратын оңдоо үчүн кытайдан грант түрүндө келген каражаттарды туура эмес пайдаланган деп айтылат. Жекшенкуловдун адвокаттары бул кылмыш ишин да негизсиз деп санап, баары мыйзам чегинде жүрсө сотто жеңип чыгарына ишенишерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG