Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Христиандарда чоң майрам, айрымдар аны кейип-кепчип тосууда


Прага Рождество майрамында кулпуруп калат
Прага Рождество майрамында кулпуруп калат

Батышта Крисмас, орустарда Рождество деп аталган Иисус Христостун туулган күнү христиан динзарлары үчүн үмүттүн учуру. Бирок быйыл ал бир катар жерлерде куугунтуктоонун мезгили болуп калды.

Москванын кар баскан жака-белиндеги чатырда пастор Бакур Азарян Крисмасты Эммануэл Пентакост чиркөөсүндө майрамдоого даярданып жатат. Анын колунда Инжил, чиркөө гимдеринин топтому бар, ушул эле жерде 700 чакты динзарга жылынууга электр генератору турат.

Азаряндын жолдоочулары үчүн быйылкы кыш өтө каардуу убакыт болуп калат шекилдүү. Анын Батыш протестантизмине кирген чиркөөсүнө дүйнө боюнча 130 миллион киши мүчө. Бирок алардын мындагы өнөктөрү чиркөөдө эмес, анын жанындагы чатырда кудайга сыйынууга мажбур. Мындай абалдын себебин Норвегияда жайгашкан Форум 18 уюмунун жаңылыктар редактору Феликс Корлей түшүндүрөт:

– Канча жылдардан бери алар өздөрүнө тийешелүү болгон жерде тигилген чатырда сыйынышат, анткени алар сатып алган имаратты колдоно алышпайт. Себеби бюрократтар аны пайдаланууга уруксат берүүчү кагаздарды бүтүрө албай келатышат. Бийликтер алардын чатырда сыйынганын да жактырбайт. Алар ар жума сайын отургучтарды алып келип, чатыр тигип, ошондой эле ысыткычдарды жана генераторлорду ташып жүрүшөт. Бул албетте арзанга турбайт. Көп кишилер сууктан улам келгилери келбейт.

Иисус Христос кыйноодо көз жумган, бирок укук коргоочулар христиандардын бюрократтардын колунан азап тартканын укук бузуу деп эсептешет.

Иракта өткөн күздө Мосул шаарында христиандар кыргынга учураган. Жүздөгөн түтүн христиан башка айылдарга же чет өлкөлөргө качышты.

Мосулдагы чиркөөнүн пастору Закария Ивас Эркин Ирак радиосуна Крисмас майрамында быйыл шаан-шөкөтсүз өтөөрүн билдирди:

– Өздүк салттар менен эле белгилейбиз. Бирок шаан-шөкөт болбойт, ага шарт жол бербейт. Болгону таат окулат, Жаратканга сыйынабыз.

Индияда август айындагы кан төгүү христиан жамаатынын турмушуна бүлгүн салды. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Орисса штатында жергиликтүү индус жетекчилеринин бири киши колдуу болгон эле. Аны христиандар өлтүргөн деп чыгышкан, арийне кийин маоисттерден шекшинип калышкан.

Бирок анын кесепетинен башталган кол салууларда 59 кишинин өмүрү кыйылып, 50 миңдей христиандар үй-жайсыз калды. Индияда 24 миллиондой христиан бар, бул калктын 2.3 пайызын түзөт.

Батышта айрыкча Мумбаидеги террордук чабуулдардан кийин бул кан төгүү тууралуу дээрлик маалымат болгон жок. Марта Нуссбаум – Чикаго Университетинин профессору жана "Өз ичинен кагылыш, Демократия, диний зордукчулук, жана Индия" деген китептин автору:

– Ориссада христиандарды өлтүрүү токтогон жок, бирок ал тууралуу америкалык гезиттердин биринчи беттеринде жазылган жок.

Борбор Азияда бардык өлкөлөр айрыкча мусулман жана православ эмес диндердин жолдоочуларына куугунтук күч алды. Казакстанда жакында диний мыйзамга катаң өзгөртүүлөр киргизилди. Өлкөдө баптисттер жана Иегованын күбөлөрү айрыкча мамлекет тарабынан көп бутага алынат. Түндүк Казакстандагы баптисттердин башчысы Александр Керкедин айтымында, бийликтер ага 10 баласын баккан эки саан уюн жана башка оокаттарын конфискациялай тургандыгын эскертишкен.

Беларуста төрт католик чиркөөсүнүн жети кызматкеринин өз динин үйрөтүү лицензиясынан ажырап калышты. Аларга мамлекеттик тилде сүйлөбөйт деген кине коюлган, бирок чиркөө кызматкерлери бул жалган экендигин айтышууда.

Түркияда Варфоломей Биринчи дүйнөдөгү бардык православ чиркөөлөрүнүн башчысы саналат. Түрк бийликтери анын Чалки аралындагы семинариясын кайра ачууга уруксат бербей койгон. Бул семинарияда кылымдардан бери православ чиркөөсүнүн жетекчилери таалим алып келген.

XS
SM
MD
LG