Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

ИРАКТЫН КЕРБАЛА ШААРЫНДА БОМБА ЧАБУУЛУНАН 68 АДАМ ӨЛДҮ


3-апрелде Мисирде Ирактагы жагдайга арналган эларалык конференция ачылат. Иран Мисирдеги жыйынга катышууга акыр соңунда макулдук берди. Ирактын өзүндө абал татаал. Ишемби күнү шииттердин ыйык шаары Кербалада террордук чабуулдан кеминде 68 кишинин каны төгүлдү, 180ге жакын адам жарадар болду. Бул чабуул шииттер менен сунниттер ортосундагы жаатташууну дагы курчутат деген кооптонуулар айтылууда. Ал эми түштүктөгү Басра шаарында автомобилге коюлган бомбадан 5 киши набыт болуп, 10 киши жараат алды.

Кербала шаарында 28- апрелде болгон жардырууну жакындан туруп көргөн Хайдер деген кишинин кеби:

- “Chevrolet” деген автомобиль көчө менен бараткан. Полиция айдоочудан машинени токтот дегенде, ал укпастан кете берди. Андан бир мүнөт өтпөй “Chevrolet” жарылып, катуу өрт чыкты жана адамдардын денелери жайнап калды.

Бул чабуулду “ал- Каида” менен байланыштагы суннит террорчулары уюштурганы айтылууда. Аларды АКШ жана Ирак бийликтери өлкөнү жарандык согушка түртүү үчүн шиит көпчүлүгү менен суннит азчылыктары ортосуна чок таштоодо деп күнөөлөп келет.

Кербала- өз статусуна ылайык Багдаддын жашыл тилкесиндей эле мыктылап күзөтүлгөнүнө карбай, 14- апрелде да 40 адамдын өмүрүн алган террордук жардыруу болгон.

Ишемби күнкү жанкечтинин чабуулун шиитердин радикал лидери Муктада ас- Садр сындады. Анын Кошмо Штаттардын президенти Жорж Бушка жазган катын ишемби күнү Ирак парламентинде Лика Ясин айым окуп берди:

- Мен Бушка кайрылып, ыйык шаар Нажафка жүрүш жасаган бардык ирактыктар (АКШлык) аскерлердин чыгып кетүүсүн талап кылышканын айткан элем. Бирок, сиз жооп берген жоксуз. Сиздин букараларыңыз да аскерлерди чыгарып кетүүнү жабыла талап кылышты. Бирок, сиз андан сабак албадыңыз. Улуттар Уюму да сизге кайрылып, Иракты басып алууга акыңыз жок экенин айткан. Сиз аны уккан жоксуз. Демокарттар да сизди аскерлерди чакырып алууну талап кылышты, атүгүл анын мөөнөтүн орнотту. Бирок, сиз каршы туруудасыз.

Багдаддын түндүгүндө жана батышында өткөрүлгөн түнкү рейд учурунда козголоңчу деп шектелген 72 киши кармалганы, бомба жасоочу материалдар колго түшүрүлгөнүн АКШлык аскерлер маалымдашты. Ал эми жекшемби күнү таңга жуук АКШлык күчтөр Багдаддын түштүк ыптасындагы шектүү жайларга артиллериядан катуу сокку урду.

XS
SM
MD
LG