Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Абдилатип Жураев – Түркиядагы кыргыз ишкери. Убагында кыргыз студенттеринин арасында Түркияга барып окуган алгачкы жаштардан. Азыр ал Стамбул шаарында пластик эшик-тезерелерди жасоочу станокторду чыгарган ишкананын жетекчилеринин бири. Жакынкы 5 жылда аралыгында А.Жураев өз бизнесин Кыргызстанга көчүргөнгө аракет кылып жатканын билдирди.

Абдилатип Жураев: 2001-2002-жылдан баштап өзүмдүн кошумча билимим менен, болгон капиталым менен Түркиядагы өнөктөштөр менен биргеликте азыркы ишканаларды иштетип, экспорттун көлөмүн көбөйтүп жатабыз. 2001-жылы бул ишкананын продукциясынын 10% гана экспортко жөнөтүлүп келген болсо, бүгүнкү күндө анын көлөмүн 90% чыгардык. 50 чакты адамды иш менен камсыздадык. Аларды бештен деп эсептесек, 250 адамга тамак-аш, иш берип дегендей, кыйынчылыктар болсо да улантууга аракет кылып келе жатабыз.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда да ишканаларыңыздар барбы?

Абдилатип Жураев: Кыргызстанда биздин пластик, айнек, терезе чыгарган кичи ишканабыз бар. Азырынча Бишкекте, Ошто, буюрса, жакында Баткен калаасында да ачканга аракет кылып жатабыз.

Төрөкул Дооров: Пландарыңыздарда кайсы жактарга дагы ишкана ачалы деп жатасыздар?

Абдилатип Жураев: Биринчи кезекте өзүбүз кыргызстандык болгондон кийин Кыргызстанга инвестиция алып барганга көп аракет кылып жүрөбүз. Бизнестин каны, тамагы – акча, киреше. Акча таппаган бир ишкана бизнесте жашай албайт. Ошон үчүн чоң рыноктору, чоң базарлары болгон мамлекеттерде жакшы иштерди кылганга да пландарыбыз бар. Кыргызстанга сырттан карасаң жакшы көрүнөт. Кыргызстан, 15 жыл мурдагыга караганда, көп үлгүлөрдү көрсөтүп жатат. Бул мамлекеттин бизнес укугун жакшыртуудагы аракеттерине байланыштуу. Мурда бардыгы мамлекеттик болсо, азыр базар экономикасы деп жеке ишканаларга мүмкүнчүлүктөр бериле баштаган үчүн аракет кылып, ар бир адам көп өнүгүүлөрдү жасап жатканы байкалат.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанга эми качан биротоло барайын деп жатасыз?

Абдилатип Жураев: Мен Түркияда болгонума 16 жыл болду. Лицейди, университетти бул жерде окудум. Өмүрүмдүн жарымы Түркияда өттү деп айсам болот (А.Жураев азыр 32 жашта-ред.). Беш жыл ичинде Кыргызстанга кайтуу боюнча ойлорум бар. Иштин бул жерде калганын калтырып, көзөмөлдү Кыргызстандан жасап турганга жетишиш керек. Калган инвестицияны Кыргызстанга жасоого план бар. Кыргызстандан өкмөттүн ар дайым жеке иш кылган адамдарга мүмкүнчүлүк берип, жол көрсөтүп, укук, базар экономикасы боюнча алдын ачып, жардам кыла турган болсо, көптөгөн кыз-жигиттерибиз, чет жактагы ишкерлерибиз өзүбүздө иш таап, өзүбүздө калып калышмак, үй-бүлөлөрдүн бир-биринен ажыроосу, бири-бирин көрбөй, көп жылдар бою башка жерлерде болушу кыскармак.

Төрөкул Дооров: Сиз азыр четте көптөгөн кыргыз ишкерлери бар дедиңиз. Түркиянын, Стамбулдун өзүндө деле канчалаган чоң фирмаларда иштеген, өзүлөрүнүн ишин ачып, ийгиликке жетишкен кыргыздар бар экен деп уктук. Ошолор тууралуу айта кетсеңиз. Сиздер ич ара байланышып турасыздарбы? Өзүңүздөр Кыргызстандын келечеги жөнүндө талкуулайсыздарбы? Бизнес жөнүндө эмне ойлор айтылат?

Абдилатип Жураев: Менимче, 1992-жылдан бери Кыргызстандан Түркияга келип окуган 10 миң окуучудан көбү бул жерге келип окуп, кийин кеткендери да болду. Биз менен келип окугандар, бул жерди өздөштүрүп, өзүнүн иштерин ачкандар бар. Бул жерден жакшы колдоо көрүп, башка мамлекеттерге - Орусия болсун, Украина болсун, Европанын Балтика мамлекеттери болсун - ошол жактарга барып ийгиликтүү иштеп жаткан биздин кыргыз атуулдар бар. Стамбулда жашаган кыргыздар мезгил-мезгили менен жолугушуп турабыз. Жолугушканда биринчи эле саясаттан, Кыргызстанда эмне болуп жатат деген суроолор, андан кийин кайсы иштерди кылса болот, айтор, турмуштун канчалык жакшы жагы, акча таап, дагы жашоону жакшыртуу боюнча пикир алмашабыз.

Төрөкул Дооров: Бизнес кылуу үчүн Түркия канчалык ыңгайлуу мамлекет? Бул жерде бизнес кылган сизге жеңилби?

Абдилатип Жураев:
Түркия - 70 жылдан бери башка мамлекеттер менен алыш-бериш алакада жашап, бизнес кылып жүргөн мамлекет. Биздин Кыргызстан болсо 90-жылга чейин Союздун курамында болгон, башка мамлекеттер менен мунасасы болгон эмес. Ошол жагынан алганда, түрктөр көптү көрүп, геосаясат жактан Түркиянын деңиздерге жакын болушу, Европага чектеш болушу аябай көп пайдасы болгон.

Экономикасынын өнүгүшүнө, жаңылыктардын, жаңы өнүгүүлөрдүн, технологиянын тез жетиши көп жакшы шарттарды түздү. Ошондуктан бизге ишти бул жерде баштаган оңой болду. Кыргызстанда деле кылса болот. Бирок ишти бир адам жалгыз алып бара албагандай эле, өлкө да чоң иштерди жасашы үчүн географиялык ыңгайлуу шарт, өнүккөн коңшулаш мамлекеттер өңдүү кошуналары болушу керек. Бир нерсени жасап өнүктүрүш үчүн көп нерселерин башка өлкөлөрдөн алып келүү керек. Ошондуктан азырынча Кыргызстанда дагы глобалдуу керектүү нерселерди чыгарган кыйыныраак. Анын себеби деле темир, алюминий, буга керектүү бүт пластмасса, бүт бардык чөйрөдөгү фирмалардын жоктугу азырынча кээ бир нерселерди чыгарганга мүмкүнчүлүк бербейт.

Төрөкул Дооров: Сиз келечекте өзүңүздү саясатта көрбөйсүзбү?

Абдилатип Жураев: Саясат – оор иш, элдин сөзүн актоо кыйын. Бизге кызмат берилсе, биз аткарганга дайым даярбыз. Кызмат колубуздан келген учурларда элге кызмат кылууга даярбыз.

Төрөкул Дооров: Менин айтайын дегеним, азыркы сиздердин жаңы муундагы бизнесмендер, саясатчылар, илимпоздор чет мамлекетте жүргөн кыргыздар такыр башкача ойлонушат. Мен сыртта жүргөн көп адамдар менен сүйлөшөм. Алар менен сүйлөшүп калсам, кийин саясатка келем деген оюм бар деп айтышат. “5-10 жылда балким келебиз, толкун болуп келишибиз мүмкүн жаны саясатчылар”, - дешет...

Абдилатип Жураев: Бир жагынан караганда, сыртта, башка мамлекеттерде окуган студенттердин көз карашы аябай өзгөргөн. Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет. Алар кайсы мамлекетте кандай жакшы нерселер жасалып жатканын көрүп, өзүнүн мамлекетине үрп-адатты, биздин салтыбызды бузбай туруп, кандайча өздөштүрөбүз деген ойлор менен жүрүшөт. Аларга кезекти бере турган учур деле келди. Ал жаштардын билими, жергиликтүү элдин үрп-адат каада-салттары тууралуу түшүнүгү өздөрү жашаган мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди жакшыртууга да жардам бермек деп ойлойм. Саясатта деле бул жигиттер, кыздар, биздин жаштарыбыз мыкты иштерди кыла алышат.

Төрөкул Дооров: Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик.

Абдилатип Жураев: Силерге рахмат. “Азаттык” радиосу кайсы жерде болбосун кыргыз жаштарынын кыйынчылыгын, жакшылыгын элге угузуп турганыңарга биз да аябай ыраазычылык билдиребиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG