Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Убактылуу өкмөттүн маалымат саясаты боюнча координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязов учурдагы бийликтин маалымат саясаты жана маалымат менен камсыздоо системасы кандай иштеп жатканы тууралуу кеп салат.


- Фарид мырза, убактылуу өкмөттүн маалымат саясаты кандай негизде жүрүп жатат?

- Убактылуу өкмөттүн маалымат саясаты өлкөдө сөз эркиндигин камсыз кылуу жана өнүктүрүүгө негизделген. Демократизация процессинде сөз эркиндигин камсыз кылуу артка кайтарылгыс нерсе болуш керек. Ушул максатта Улуттук телерадио компанияны коомдук телерадиого айлантуу боюнча убактылуу өкмөттүн декрети чыкты.

Мына азыр эле Байкоочулар кеңешине мүчөлөрдү тандоо боюнча комиссия түзүү чечилди. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган Байкоочулар кеңеши түзүлөөрү менен Улуттук телерадио компанияны башкаруу алардын колуна өтөт. Өкмөт болсо каржылык көмөк гана көрсөтөт.

- Убактылуу өкмөт кайсы бир маалымат каражаттарынын ишине тескөө сала баштады дегенге кошуласызбы?

- Мен мындай сөзгө макул эмесмин. Биз маалымат каражаттары менен өз ара кызматташуу мүнөзүндө мамиле түзөбүз. Маселен, тигил же бул кишини, партияны, маалыматты жарыялаба деген көрсөтмөнү биз эч бир тарапка берген эмеспиз жана андай болбойт.

Ошол эле биз тараптан маалымат каражаттарына, анын ичинде өкмөттүк каражаттарга коомду тезирээк турукташтырууга багытталган маанайды кармануу тууралуу сунуш берилгени чын. Позитивдүү өнүттө көбүрөөк маалымат берип, аны менен катар 86 киши өлкөнү диктатордук режимден кутултууга өз жашоосун арнаганын эстен чыгарбоо зарыл.

Мына ушундай маалымат саясатын кармануу сунушу биздин телеканалдарга, маалымат каражаттарына айтылган. Ал эми кандай материал жана кимдерди тандоо бул ар бир медианын өз иши.

- Эмне үчүн чет өлкөлүк маалымат каражаттары Кыргызстандагы жаңылыктарды жергиликтүү медиадан мурда чагылдырып жатат? Маселен, К.Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу декрет биринчи орусиялык агенттикте жарыяланбадыбы?


- К.Бакиевдин кол тийбестигин алган декрет өкмөттүн жабык отурумунда талкууланган жана маалыматты өкмөт мүчөсү А.Бекназаров өзү жарыялаган. Ал маалымат биздин пресс-борбордон кеткен жок. Ал эми кол коюлган документти, менин оюмча, биринчи орусиялык эмес, “Рейтер” агенттиги жарыялады.

Мындай декрет даярдалып жатканын жана текст акыркы редакциялоодон өтүп жатканын мен билчүмүн. Ал эми кол коюлган документти мен жаңы көргөндө “Рейтер” агенттигинен телефон чалып, аларда бул документ бар экендигин айтышты.

- Алар даяр документти кантип алышты? Пресс кызмат бербесе, анда убактылуу өкмөт мүчөлөрү жең ичинен маалыматты чет элдик медиага өздөрү берип жибердиби?

- Азыр бизде иштөө системасы толугу менен калыбына келтирилсе, мындайга жол берилбейт. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Кол коюлган документтер биринчи биздин пресс кызматка келип түшүүсү керек. Ал эми талкууланып жаткан маселелерге мен катышып тура турган болдум, убактылуу өкмөт жетекчилиги тарабынан ушундай чечим кабыл алынды. Мен бардык отурумдарга, жашыруун маселелер талкууланган отурумдарга дагы катышам. Демек, убактылуу өкмөт кандай чечим кабыл алып жаткандыгы тууралуу биринчи маалыматты менден алууга болот.

- Убактылуу өкмөттөн бир эле факт боюнча эки түрлүү маалымат тараган учурлар бар. Эмне үчүн мындай нерселер орун алууда жана кимге ишенсек болот?

- Убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүн маалыматтык жактан координациялоо үчүн биздин борбор атайын түзүлгөн. Ал эми бул же тигил суроо боюнча убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баасы ар кандай болушу толук мүмкүн. Анткени убактылуу өкмөттө ошондой түрдүү көз караштагы адамдар чогулган.

Мен ал тургай муну убактылуу өкмөттүн артыкчылыгы катары баалайт элем. Ал эми фактылардын дал келбей калышы, маселен Гуревичтин кармалганы сыяктуу жана башка фактылар боюнча эки жактуу маалыматтын айтылганы - дагы деле болсо биздин иште толугу менен коммуникация жоктугунан кабар берет.

Кудай буюрса, коммуникация жагын системалаштырып жатабыз жана мындай дал келбей калуулар болбойт.

- Убактылуу өкмөт маалыматты таратууда бечелдигин көрсөтүп, маалымат айдыңында жалган ушак айың сөздөргө уттуруп жатат деген пикирге кошуласызбы?

- Биз өз ишибизди толугу менен аткара албай жатканыбызга кошулам. Анткени, бийлик системасында маалыматтык жабдуу сектору толугу менен иштен чыгып калды. Мурдагы бийликте маалыматтак камсыздоо президенттин катчылыгы жана премьер-министрдин маалымат кызматы тарабынан ишке ашырылчу.

Азыр өзүңөр билгендей, бул эки институт тең жок. Ага карабастан, өткөн жумадан тарта маалыматтык жактан камсыздоону биз толугу менен аткара баштадык. Андан бери өкмөттүн бир дагы токтому же декрети жарыяланбай калган учур жок. Дагы бир жолу айтаарым, система толугу менен ишке киргизиле элек болсо дагы маалыматты жайылтууда токтоп калуу жок.

- Рахмат, Фарид мырза!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG