Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Өткөн жумада Бишкекке келген АКШ президенти Обаманын улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол үч күн ичинде убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын, жаштардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Майкл Макфол “Азаттык” үналгысына маек куруп, анда Кыргызстандагы абалга кооптонууга негиз жок экендигин, бирок ошол эле мезгилде шашылыш чара көрүүнү талап кылган жагдайлар тууралуу сөз кылды.

- Доктор Макфол, эки күн мурун маалымат жыйынында АКШ-Кыргызстан ортосундагы “кызматташуу терезеси” тууралуу сөз козгодуңуз эле. Мындай кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, багыттары жана формасы тууралуу айтып бересеңиз?

- АКШ президенти Обаманын администрациясы, анын ичинде мен дагы Кыргызстанда апрелде болуп өткөн окуяларды аябагандай чоң трагедия деп эсептейбиз. Күнөөсүз адамдардын өмүрү кыйылды. Бул окуяларды ар тараптуу изилдөө үчүн убакыт жана мүмкүнчүлүк болот деп ишенем жана ал боюнча жоопкерчиликти алуу керек. Бирок бул трагедия ошол эле учурда мүмкүнчүлүктөрдү да жаратты.

Азыркы учурда Кыргызстандын эли жүргүзүп жаткан иш-аракеттер, бул жерде мен «Кыргызстандын утурумдук өкмөтү» эмес «Кыргызстандын эли» дегенди өзгөчө басым менен белгилеп өткүм келет, ошол элдин иш-аракеттери жана учурдагы мүмүкүнчүлүктөр Кыргызстанда чыныгы демократиялык башкаруу системасын орнотууга реалдуу өбөлгө түзөт деп терең ишенем. Президент Обаманын администрациясынын позициясы – ушул процессти ишке ашырууга колубуздан келишинче көмөк көрсөтүүгө даяр экендигибизде турат.

Учурдагы мүмкүнчүлүк – уникалдуу тарыхый, ошол эле учурда татаал жана көп тоскоолдуктардан турган мүмкүнчүлүк. Демократияны орнотуу эч качан оңой иш болгон эмес жана менин өз өлкөмдүн тарыхы демократияны орнотуу тынымсыз күрөш экендигин көрсөтөт. Азыркы учурда Кыргызстанда болуп жаткан окуялар биринчи иретте Кыргызстандын өзүнө таасирин тийгизет, бирок ошол эле учурда башка өлкөлөр үчүн демократияны кандай орнотуу керек экендигине үлгү боло алат.

Биз Кыргызстан үчүн, атайын бир лидер же саясий партияга эмес, Кыргызстандын элине өнөктөш болуп, өлкөдө демократиялык мыйзамдарды орнотууга жана ушул процесстерди ишке ашырууга колубуздан келишинче жардам бергибиз келет.

- Сиздин оюңузча АКШнын тышкы саясатындагы “жумшак күч” стратегиясы мурдагы советтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн эффективдүү деп ишенесизби?

- Сиз атаган «Жумшак күч» деген түшүнүктү президент Обама колдонбойт. Президент Обама өз өлкөбүздүн үлгүсүнүн негизинде башка өлкөлөргө таасир тийгизүү жана алар менен жакшы мамилелерди түзүү мүмкүн экендигине терең ишенет. Ал киши көп учурларда башка өлкөлөр жана адамдар менен мамиле түзүүдө, иш алып барууда «эки тараптуу урматтоо» түшүнүгүн колдонот.

Бул Президент Обама үчүн жана анын тышкы саясий маселелерине карата уникалдуу көз караштын түшүнүгү. Ошол эле учурда бул дагы башка уникалдуу аспектти жаратат. Ал башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен тыгыз байланыш түзүүгө чакырат жана байланыштарды бекемдейт. АКШ өкмөтү дүйнөлүк дипломатия процесстерине аралашуу аркылуу башка өкмөттөр менен тыгыз байланыштарды түзүү боюнча жигердүү иш алып бара жатат.

Обаманын администрациясы эки багыттуу иш алып барууну көздөйт. Бул түшүнүк дүйнө өлкөлөрүнүн элдери менен, анын ичинде Кыргызстан эли менен түздөн-түз, өкмөттөрдүн тиешеси жок байланыштарды түзүүнү көздөйт. Бул өз ичине АКШ-Кыргызстандын жарандык коомдору ортосунда, элдердин ортосунда эки тараптуу, түздөн-түз байланыш түзүп, аларга эки багыттуу мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү да камтыйт. Бул Обаманын колдонгон стратегиясы жана философиясы. Ал канчалык денгээлде позитивдүү натыйжа берээрин тарыхчылар изилдээр, бирок бул биздин тышкы саясатыбызда фундаменталдуу жаңы ыкма.

Тараптардын өйүз-бүйүзү

- Кыргызстандын башкы прокуратурасы “Манас” аба майданындагы Транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылган ишканаларга кылмыш ишин козгоду. Бул жаатта сиздер тараптан кандай аракеттерди күтүүгө болот?

- Бул маселе боюнча эки нерсени айтып өтөйүн. Биринчиси, Транзиттик борборго байланышкан бүт төлөмдөр, акча-каражаттары жана АКШ өкмөтү тарабынан, анын атынан Кыргызстанда жүргүзүлгөн иш-аракеттер мүмкүн болушунча ачык-айкын болушун камсыз кылууга аракеттенип жатабыз. Биз бул багытта ишти баштадык, бирок дагы да көп чара көрсөк болот.

Жакынкы убакыт аралыгында атайын интернет барактарын түзүп, анда ким эмне кызмат көрсөткөндүгү үчүн кандай төлөмдөрдү кабыл алып жаткандыгын камтыган маалыматты Кыргызстандын көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына жана элине түздөн-түз жетишин камсыз кылууну көздөп жатабыз. Биздин оюбузча бул биз үчүн, Кыргызстандын өкмөтү үчүн жана Кыргызстанды эли үчүн дагы пайдалуу болот.

Эми коррупцияга байланыштуу айыптоолор боюнча сөз кылайын. Мен Кыргызстандагы бул сапарым учурунда утурумдук өкмөт менен жолугушууларда бул каражаттардын кайда жана кандай жолдор менен жылып жаткандыгын изилдөө үчүн америкалык жана эл аралык ар түрдүү инструменттердин тизмесин бердим. Ал тизме азыр убактылуу өкмөттүн колунда жана кыргыз тараптан кандайдыр бир жооп болгондо колубуздан келишинче кызматташууга даярбыз.

- Бул маселе боюнча АКШ Конгресси атайын угуу өткөргөнү маалымдалган. Анын жыйынтыгы кандай болду?

Профессор Майкл Макфол "Азаттыктын" Бишкектеги офисинде
- Сиз айткан отурум Конгрессте чындыгында болуп өттү жана дагы бир канча отурумдар уюштурулат деп ойлойм. Биз андай отурумдарды кубаттайбыз. Бул демократияны жана ачыктыкты билдирет. АКШ Конгресси тарыхта болуп өткөн окуялардын такталышы үчүн позитивдүү роль ойной алат. Конгресстин мындан да маанилүү ролу бизге кандайча ачык-айкын иш алып баруу керектиги тууралуу багыт бере алат. Дагы бир маанилүү жагы – мындай саясат бир гана Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелер алкагында гана жүргүзүлбөйт. Өкмөттүн ачык, айкын иш алып баруу саясатын Обама бийликке келген биринчи күндөн тартып ишке ашыра баштады.

АКШ президенти мындай саясатты башка өлкөлөр менен болгон мамилелерде гана эмес, АКШнын ичинде да жүргүзүү зарылдыгына терең ишенет. Өкмөт элге алардын акчасы кандай максаттарга жумшалып жаткандыгы тууралуу мүмкүн болушунча толук маалымат берүүсү – бул демократиялык ар бир өкмөттүн милдети. Себеби ал каражат жеке менин же болбосо президент Обаманын акчасы эмес – элдин акчасы.

- 2005-жылы ал кездеги президент А.Акаев АКШ өкмөтү “Жоогазын ыңкылабын” колдоду деп күнөөлөгөн, ал эми учурдагы убактылуу бийлик сиздин өлкөнү демократиялык өзгөрүүлөргө жетиштүү көмөк көрсөтпөйт деп сындап жатышат. Сиздин оюңузча чындык, АКШнын орду кайда?

- АКШнын жана Обаманын администрациясынын позициясы аябагандай эле так. Демократиялык институттардын өркүндөөсүн колдоо боюнча стратегиялык приоритетибиз бар. Кыргызстанда бул тармакта ар түрдүү америкалык программалар жана мекемелер иш алып барып жатышат. Алар америкалык салык төлөөчүлөр тарабынан колдоо көрүшөт жана америкалык көз карандысыз мекемелер болуп эсептелишет. Бирок алардын каржы булактары америка эли тарабынан төлөнүп, америка өкмөту аркылуу келет. Мындай саясат Кыргызстанда узак убакыттан бери ишке ашырылууда. Жүздөгөн миллион доллар өлчөмдөгү каражат мындай программаларды колдоо үчүн жумшалган.

Обаманын администрациясында «эки багыттуу мамиле жүргүзүү» философиясы колдонуп, Кыргызстандын өкмөтү, азыркы учурда утурумдук өкмөт менен өлкөдө демократияны колдоо жана өркүндөтүү багытында кызматташууну уланта беребиз. Ошол эле учурда биз Кыргызстандын жарандык коому, көз карандысыз массалык маалымат каражаттары жана укук коргоочу мекемелер менен түздөн-түз мамиле куруп, өлкөдө демократиялык процесстердин жүрүшүнө жана өркүндөшүнө көмөк көрсөтөбүз. Мындай иш чаралар сөзсүз түрдө эки багыттуу болушу зарыл. Дагы бир маанилүү нерсе - биз бир жеке лидерди, бир партияны же болбосо бир саясий көз карашты колдобойбуз. Өзгөчө белгилеп өтчү нерсе, америка стилиндеги демократияны колдобойбуз жана андай саясатты жүргүзбөйбүз.

Дүйнө жүзүндө демократиянын көптөгөн түрлөрү бар, жалпыга адилет демократияны куруунун бир түрдүү жолу жок. Ошондуктан, кыргыз эли келечеги кандай болоорун, өлкөдө кандай демократияны орнотушу керектиги тууралуу өзү чечим кабыл алышы керек. Биз мындай процесстерди ишке ашырууда гана жардам бергибиз келет.

Коопсуздук же демократия?

- Борбор Азия мамлекеттерине карата АКШнын тышкы саясатындагы коопсуздукка коюлган басым адам укуктары жана демократиялык баалуулуктарга үстөмдүк кылбайбы?

- Жок. Бул туура эмес чечим. Элди демократияны колдоо жана коопсуздукту колдоо ортосунда бир тараптуу чечим кабыл алууга мажбурлоо туура эмес. Бул тарыхта да да туура эмес экендиги азыркы күндө белгилүү. Президент Обама Нобель сыйлыгын алып жаткан учурда сүйлөгөн сөзүндө бул түшүнүктү айкын жана так айтып өттү. Эл коопсуздук менен өздөрү ишенген баалуулуктар ортосунда бир тараптуу чечим кабыл алууга мажбурлоо түп-тамырынан туура эместигине ишенет.

Өзгөчө айтып өтүүчү нерсе, эл ишенген баалуулуктарды колдоо - ошол эле учурда улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын колдоо экендигине президент Обама терең ишенет. Эгерде ушул же башка регион жөнүндө сөз кылсак, анда демократиялык өкмөттөр Американын туруктуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштөрү болот деп эсептейбиз. Дүйнөдөгү, анын ичинде Европадагы, Жакынкы Чыгыштагы, Латын Америкасындагы демократиялык өлкөлөр гана Американын эң туруктуу жана чыныгы өнөктөштөрү экендигин бизге тарых өзү тастыктады.

- Сөзүңүзгө аралжы, Ооганстан факторун эске алгандачы?

- Ооганстан боюнча так айталы. Ооганстандагы максат деле өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү болуп эсептелинет. Бирок кээ бир учурларда биз башка тармактар аркылуу да иш алып барууга тийишпиз. Маселен, Ооганстанда аскердик күчтөрдү колдонуу. Азыркы учурда Ооганстанда аскердик күчтөр согушуп жатат, ошол эле кезде ооган элине демократияны кабыл алууну мажбурлап жаткан жерибиз жок.

Бирок өзгөчө басым менен белгилеп өтүүчү жагдай Ооганстандагы экстримисттик күчтөргө каршы күрөшүү бир гана Американын кызыкчылыгында эмес. Бул ошол эле учурда Кыргызстандын кызыкчылыгында, Орусиянын да кызыкчылыгында. Бул биздин жалпыбыздын кызыкчылыгыбыз. Ошондуктан биздин көз карашыбызда сиздердин өлкөңөр аркылуу Ооганстанга жөнөп жаткан күчтөрдү АКШ, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан элдери биздин жалпы душманыбызга каршы күрөшүп жатышат деп эсептейбиз.

Биз муну ушундой түрдө кабыл алышыбыз керек. Президент Обама бул маселе боюнча өзүнүн көз карашын так айтып өткөн. Ал «таасир тийгизүү сферасы», «чоң оюн» жана «терроризмге каршы согуш» түшүнүктөрүн четке кагат. Биз буларды XIX кылымдын идеялары катары санайбыз. Биз бул жалпыбыздын күрөш катары эсептейбиз.

- Доктор Макфол Кыргызстандагы сапарыңызга кандай баа бересиз?

- Мен мындан ары Казахстанга барам. Ал жакта талкуулануучу суроолордун бири Кыргызстан, Казахстан жана Америка ортосундагы мамилелер. Биз бул мамилелерди өркүндөтүү жана чек ара маселесинин тегерегинде сүйлөшүүлөрдү жөнгө салууда жардам көрсөткүбүз келет. Обама администрациясы маселени жөнгө салуу боюнча иш алып бара жатат. Бул маселе Кыргызстанда туруктуулукту орнотуу үчүн өтө маанилүү экендигин жакшы түшүнөт.

Кыргызстан мага жалпысынан жакшы таасир тийгизди. Алыстан туруп караганда, Кыргызстандагы кырдаал башаламандык, жарандык согуш, кризис катары көрүнөт. Бирок Кыргызстанга келип, өлкөнүн лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын башчылары менен жолугушкандан кийин жаңы референдум жана шайлоолорду өткөрүү аркылуу өлкөдө туруктуулукту орнотууга байланышкан эбегейсиз чоң кыйынчылыктар бар экендигине өз көзүм менен күбө болдум. Ал эми Кыргызстандын эли өлкөдө демократиялык коом курууга аябай катуу эрки бар экендиги мага терең таасир тийгизди. Обама администрациясы бул максатка жетүүдө өнөктөш болот.

- Рахмат, Доктор Макфол!

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG