Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

К.Өмүралиев: Парламенттен үмүт чоң


Бүгүн саясий партиялар парламентти көздөй чоң жарышты ырасмий башташты. “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.

- Мына бүгүн шайлоого аттанган, Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөн саясий партиялар үгүн иштерин башташты. Шайлоого жалпы 29 партия ат салышып атат. Айтсаныз, бул жолку шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде болууда?

- Биринчи өзгөчөлүгү, бул шайлоо биздин мамлекет үчүн өтө кыйын учурда өтүп атат. 7-апрелде кандуу бийлик алмашуу болду. Андан кийин июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө эң эле трагедиялуу окуялар орун алды. Бул шайлоо мына ушундай оор шартта болгон турат.

Экинчиси, мына шайлоого бет алышкан саясий партиялардын саны 29 болуп атканы өзүнчө эле чоң өзгөчөлүк. Бул өзүнчө эле Гиннес рекордуна кире тургандай окуя болуп калды. Жанагы башында катталган 57 партиянын баары тең шайлоого барышса андан да өзгөчөлүү болмок. Ушул жагдай да шайлоо алдында элди бөлүп-жарат. Элде эми кыйынчылык болот чынын айтканда. Ойлоп көрүңүз, жөнөкөй эле арифметика. 29 партиянын ар биринде 120 талапкер бар. Ошолордун ар бири эле өз туугандарын тартып кеткенде шайлоодо кандай кыйынчылык пайда болот...

- Жалпы 3000 чамалуу талапкер болуп атат...

- 3000 талапкер ошондо урук-тууганынан 200 адамдан тартсынчы. Ошондо эле абдан көп адам болуп атпайбы.

- Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу сизди чочулаткан жагдайлар жокпу? Анткени шайлоонун жыйынтыгында талаш-тартыш болот, чыр чыгат деген сыяктуу божомолдор көбөйүп кетти. Анын үстүнө кээ бир партиялар эмитен эле шайлоо жыйынтыктары бурмаланарын айтып атышат?

- Муну эки нерсе менен түшүндүрсө болот. Биздин өз элибизде мындай сөз бар, “Жыгылган күрөшкө тойбойт” деген. Бизде бул болуп эле келатат. Анча-мынча уттурган адамдар утулганын тааныбай, пикет-митингдерди уюштуруп келатышат. Бул эми турган нерсе. Менин оюмча эми ушинтип отуруп акырындап маданияттуу жолго өтүп, өзүнүн жеңгенин-жеңилгенин таанып, бири-биринин колун кыскан учурга жетет.

Экинчиден, мына жакында эле шайлоого байланыштуу жыйында президент Роза Отунбаева эскертип айтып өттү. Бул да шайлоонун кандай болсо да өтөрүн билдирген көрсөткүч. Ал айтып атат, “Кооптонуу бар, эгер чыр-чатакка айланып баратса өзгөчө кырдаал киргизебиз” дебедиби. Бизде өзгөчө мамлекеттик институттар бар, өкмөттүк түзүмдөр бар. Алар да өздөрүнүн анализин кылып атат да. Анын үстүнө эл арасына тарап кеткен курал-жарактардын дале чогула электиги, шайлоого бараткан партиялардын лидерлеринин айланасында куралчан топтордун жүргөнү ойлонууну, кооптонууну жаратпай койбойт.

- Негизги күчтөр парламентке оогон башкаруу системасынан үмүтүңүз кандай? Парламент тынч шайланып келип, туруктуулук, өнүгүү башталарына, парламентаризмдин бекемделишине ишенесизби?

- Эми биз акыркы 20 жылда президенттик башкарууну көрбөдүкпү. Улам эле бизге “бир кишинин алдындагы башкаруу жакшы болот, ошондо экономика өнүгөт” дегендин аркасы менен келип, жыйырма жылда жыйынтык болгон жок. Жанагы сиз айткан парламентаризм бир күндө, бир жылда же беш жылда эле курулуп калчу нерсе эмес. Бул деген убакыттын өтүшү менен кабылданчу нерсе. Себеби кыргыз элинин тарыхын, мүнөзүн алсак, бир киши өзү жалгыз башкарган эмес. Чогуу башкарып келишкен.

Менин оюмча ушул парламенттик шайлоо тынч, жакшы өтүп, иш башталганда талаш-тартыш болот. Анан кеминде бир жылдай өз нугуна келбей турат го. Бирок эмнеси болсо да ошо парламентте өтсүнчү талаш-тартыштын баары, көчөгө чыгып кетпей.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG