Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

К+ сыяктуулар Борбор Азиядагы бийлердин баш оорусу


K+ жетекчиси Бакытжан Кетебаев

K+ жетекчиси Бакытжан Кетебаев

“К+” сателлиттик теле каналы Борбор Азиядагы мамлекеттердин оппозиция жээгинде жүргөндөрүнө да ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берип келет.

Мындан мурдараак сателлиттик “К-плюс” телеканалы менен байланышы бар делген “stan.kg” медиа порталын жабууга аракет жасалууда деген маалымат тараган. Андай ишти “kg” домендик укугун өзүнө алып жаткан Кыргызпатент жасай алары да айтылган. Бирок Кыргызпатенттин жетекчилиги андай иштер колдорунан келбесин айтышат.

“К+” сателлиттик теле каналы Борбор Азиядагы мамлекеттердин оппозиция жээгинде жүргөндөрүнө да ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берип келет. Жакында эле алар Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чет жерде баш калкалап жүргөн мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев менен интервьюсун эфирден кетиришкен. Н.Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы менен катуу араздашып калган жайы бар.

Казакстандык жана Орусиялык бир катар маалымат булактары жазып чыгышкандай, казак премьер-министри Карим Масимов Кыргызстанга иш сапары менен келгенинде, “К+” теле каналын маалыматтык сюжеттер менен камсыз кылып аткан “stan.kg” медиа порталын теске салуу сунушун айткан. Ал арада kg домендик укугун өзүнө алып жаткан Кыргызпатент “stan.kg” сайтын оңой-олтоң жаап коюга алы келери айтыла баштаган.

“К+” теле каналынын жетекчиси Бакытжан Кетебаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алардын каналына кадайча чабуул күчөгөнүн, “К+” теле каналына байланыштуу өтүнүчтөр ырасмий Бишкекке да айтылганын билдирген:

- Биздин компанияга негизги кысым Рахат Алиевге сөз бергенибизден кийин башталды. Ал азыр Казакстандын биринчи душманы. Аны президентибиз Назарбаев мырзанын жеке душманы десе болот. Ошон үчүн кысымды Казакстандын аракети жана казак тараптын Бишкекке жасаган өтүнүчү менен байланыштырам. Менимче, Кыргызстан менен Тажикстандын бизге кысым жасоосуна жүйө жок эле.

“К+” сателлиттик теле каналы менен иштешип келаткан stan.kg медиа порталынын жетекчилиги, азырынча эч кандай бийлик тараптан кысымдар болбогонун, мурдагыдай эле режимде иштеп жатышканын айтышууда. Порталдын жетекчиси Илья Сивохин “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жок, жок. Биз бийлик тараптан эч кандай кысымдарды, басымдарды сезген жокпуз. Мурдагыдай эле иштеп атабыз, маселе жок.

- Сиздердин “К+” менен кандай байланышыңыздар бар?

- Жок. Биздин түз байланышыбыз деле жок. Алар менен тек гана иш боюнча байланышыбыз бар.

Кыргызпатенттин жетекчиси Улан Мелисбектин айтымында, ушул тапта коомчулук kg домендик укугун мамлекетке алуунун маңызын жакшы түшүнбөй келүүдө. “Ушуга байланыштуу Кыргызпатент аркылуу интернет сайттар көзөмөлдөнөт экен, ыңгайсыздары жабылат экен дегендей маалыматтар чыгып кетиптир”,- дейт ал.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Улан Мелисбек, алардын домен ээлерине кысым кылууга укуктары, күчтөрү жетпесин билдирди:
Улан Мелисбек

- Сайттардын ички мазмунун баалоо, көзөмөлдөө боюнча биздин эч кандай функциябыз жок. Биз жалгыз гана монополияны жоюп, атаандаштыкты орнотуп, домендик аталыштардын бааларын ылдый түшүрөлү деп жатабыз. Ал эми мазмунун көзөмөлдөп, ага баа берип, Кыргызстандын мыйзамдарына туура келеби же жокпу дегенди атайын кызматтар чечиши керек. Биздин андайга күчүбүз жетпейт, андай функциябыз эч качан болбойт...

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешованын айтымында, Борбор Азиядагы сөз эркиндигин чектөө саясатынын келечеги жок. “Бул аймактын башкаруучулары бири-бири менен байланышып, канчалык маалымат айдыңын көзөмөлдөйбүз деген сайын каршылык күчөй берет”,- дейт ал:

- Казакстан же бизде деле убактылуу гана кысымга ала алышат. Бирок алар жаңы жолдорду издей беришет. Маселен, алар kz аймагында сайттарын ачпай, башка домендик ат менен ача беришет. Серверлерин башка мамлекетке коюп алышат. Аны казакстандыктар ачып окуй беришет.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, элди ар кыл маалыматтан чектөө саясаты деградацияга, коомдун артка кетүүсүнө себепчи болот. Бирок “К+” сыяктуу маалымат булактары боло берет, анткени азыр СССР доорунан айырмаланып технология кыйла алдыга кеткен:

- “К+” сыяктуу саттелиттик же башка маалымат булактары келе беришсин. Алар жалпы элдин өсүшү үчүн жакшы нерсе. Аны токтотуп кереги жок. Мына караңыз, советтер союзу учурунда бизди изоляция кылып, маалыматтык жактан бөлүп салышты. Ошону 70 жыл ийгиликтүү кармап турушту. Эл ошончо артта калды. Социалдык, илимий дегеле көп жактан изоляциянын айынан артта калдык.
Аскарбек Мамбеталиев

Талдоочулардын айтымында, “К+” сыяктуу сателлиттик теле каналдар, интернеттеги ар кыл маалымат булактары Борбор Азиядагы башкаруучулардын баш оорусу бойдон кала бермекчи. Учурдагы абалдын бир жакшы жагы, космос, интернет менен чырмалышып калган маалымат булактарын толук көзөмөлдөө мүмкүн эмес.
XS
SM
MD
LG