Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

Орусиянын Түндүк Кавказындагы майда калктардын бири – балкалар Борбор Азияга айдалганынын кезектеги жылдыгын эскеришти. Күч менен көчүрүү 1944-жылдын 8- мартында ишке ашырылган эле. Балкар ишмерлери орду толгус жоготуу алып келген бул окуянын эл турмушундагы кесепеттери азыркыга чейин уланып жатат деп эсептешет.

Тарыхый жана архивдик маалыматтарга караганда, 1944- жылдын жаз күнү болсо да кыштын ызгаары кете элек 8- мартында Борбор Азияга, тагыраак айтканда Казакстан менен Кыргызстанга 37 миңден ашуун балкар депортацияланган. Алардын 10 миңдейи жолдогу азап- тозоктун же сүргүндөгү кыйынчылыктардын айынан көз жумган.

Кайгылуу окуянын кезектеги жылдыгына байланыштуу 8- март күнү азыркы Кабардин- Балкар республикасынын борбору Нальчикте депортациянын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү. Бул күнү депортация курмандыктарына арналган мемориалда молдолор 66 жыл мурда каза тапкандардын арбайына арнап куран окушту.

Ал эми Кабардин- Балкар республикасынын азыркы президенти Арсен Каноков ушул күнү тараткан билдирүүсүндө балкар элинин жана көп улуттуу республиканын бүткүл калкынын жаркын келечегине ишенерин белгиледи. Анткен менен балкарлардын коомдук уюмдарынын айрым лидерлери балкар калкынын Орусия курамында жок дегенде өзүнчө мамлекеттик түзүлүшкө алигиче ээ боло албагандыгы бүгүнкүгө чейин уланып жаткан көйгөйлөрдүн түпкү себеби деп эсептешет.

Алардын бири – аймактар аралык “Балкария” коомунун төрага орун басары, балкарлардын аксакалдар кеңешинин мүчөсү Руслан Бабаев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

-Келишим боюнча Кабардин-Балкар республикасы паритеттик башталышта жана тең укуктуу шартта биригүүсү керек эле. Бул орундалган жок жана алар азыркыга чейин көпчүлүк болгондон улам өздөрү белгилеп алган кыйыр артыкчылыктардан пайдаланып келишүүдө. Балкалар жана башка элдер республикада салыштырмалуу көпчүлүктү түзгөнүнө карабай, парламенттеги көпчүлүк кабардин элине да эмес, бийликти узурпациялап алган, ачык айтылбаган артыкчылыктарды пайдалануу менен аны
муундан – муунга өткөрүп келе жаткан адамдарга таандык. Мунун зыяны кабардин элине, андан көп эседе балкар элине тийүүдө. Орусия кандайдыр бир деңгээлде балкар элине да тиешелүү мыйзамдарды чыгарганы менен алар Кабардин-Балкар республикасынын аймагында аткарылбайт. Биз турмуштун көйгөйлүү маселелеринен бирден, экиден, үчтөн көтөрүүгө аракеттенип көрдүк. Бирок эми эң башкы нерсени- өзүбүздү-өзүбүз аныктамайынча, бир дагы маселени чече албай турганыбызды түшүнүп калдык. Ошол нерсеге жетишсек, калганы бир заматта чечилет.

Руслан Бабаев биз менен маегинде кошумчалагандай, советтик Жогорку кеңештин президиумунун 1957-жылдын мартында чыккан жардыгынын биринчи пункутунда эле балкарлардын улуттук автономиясын калыбына келтирүү жөнүндө айтылган болчу. Бирок ал жобо ушул күнгө чейин орундала элек.

Балкарлар түпкү журтуна кайтууга 57-жылкы чечимден кийин уруксат алган. Бирок алардын өкүлдөрү азыр да Кыргызстан менен Казакстан аймагында жашоодо.

“Мен өзүм Кыргызстандан тогуз жашымда кеттим, кийин чоңойгондо барып жүрдүм. Азыр да туугандарым, жакындарым Кыргызстанда турушат. Элибиздеги чоң көйгөйлөрдөн улам бул жакка кайтууну каалашпайт”- дейт балкар ишмери Руслан Бабаев.

Cогушкерлердин кол салууларынан соңку жылдары Кабардин-Балкар да сыртта калган жок. Нальчик 29-май, 2009-жыл.
Эң акыркы расмий статистика боюнча Орусия аймагындагы балкарлардын саны108 миңдин тегерегинде, алардын 105 миңдейи Кабардин –Балкар республикасынын өзүндө жашайт.

Бирок Руслан Бабаевдин айтымында, улутташтарынын чынында 130 миңге чейин жетет. Алардын үчтөн бир бөлүгү кезинде Кыргызстан менен Казакстан аймагында туулгандар. 1999- жылкы эл каттоонун жыйынтыгында Кыргызстандагы балкарлар саны 1501 экендиги көргөзүлгөн.

Оболу кайра куруу жылдары, кийин Орусияда коомдук –саясий түзүлүш өзгөргөн кезде, Кавказдын депортацияланган элдерин реаблитациялоо боюнча бир катар укуктук документтер кабыл алынган. Бирок бийликтер балкар калкына карата убадасын эмне үчүн унутуп коюшту? Орусиялык этнолог Сергей Арютунов “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

-Жагымсыз нерселерди эч кимдин эстегиси келбейт. Азыр аларды өчүрүүгө аракеттенишүүдө. Дегеле советтик бийлик учурунда орун алган баардык жаман иштерди азыр пост-советтик бийлик деп аталгандардын унутууга аракет жасаганы алар ошол адамдардын так өзү болбосо да, балким ал мектептен чыккандыгында. Күнөөсүн мойнуна алып, кечирим суроону эч ким каалабайт да.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG