Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Х.КАРЗАЙГА КОЛ САЛУУГА ТИЕШЕСИ БАР 2 ӨКМӨТТҮК КЫЗМАТКЕР КАМАККА АЛЫНДЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек 27-апрелдеги аскер парады учурунда ооган президенти Хамид Карзайга кол салуу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/FC8F1DA5-B8D7-4D6B-BD86-E80DEC49CDBA.asp болгон. Ага тиешеси бар деген айып менен өкмөттүн эки кызматкери кармалды. Ооганстандын чалгындоо кызматынын башчысынын пикиринде бул кол салуу “ал-Каида" уюмунун Пакистандагы өкүлдөрү тарабынан даярдалган.

Өткөн жумадагы кол салуудан Хамид Карзай аман калды, бирок аны коштогон үч киши набыт болду. Кол салууга тиешеси бар деп Коргоо жана Ички иштер министрликтеринде иштеген катардагы эки кызматкер айыпталышты.

Алардын бири, Жавед, министрликте иштегенинен пайдаланып, 3 согушчанды мылтык жана автоматтар менен камсыз кылган, дейт Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак.

Кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп шектелген дагы бир мамлекеттик кызматкер – Залмай аттуу полициячы. Ал уюштуруучулардын бири менен байланышта болчу деп айтылат.

Иликтөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу маалыматтын көпчүлүгү ачыкталган жок. Бирок Ооганстандын чалгындоо кызматынын башчысы Амрулла Салэнин айтымында, кол салуунун артында Пакистанда жайгашкан “ал-Каиданын” согушчандары турат. Пакистандагы согушчандарды кармоого ооган өкмөтүнүн укугу жок. Андыктан тиешелүү кишилер тиешелүү кадам жасайт деген ниет менен бул маалымат азыр ачыкталып жатат дейт Салэ:

- Ооганстандыктарга каршы жихад уюштуруу болот деп Пакистан бийлиги алар менен макул болгон. Андыктан биздин эл бул коркунучка каршы биригиш керек.

30-апрель күнү ооган коопсуздук кызматы Хумаюн деген согушкерди өлтүргөн. Хумаюн январ айында Кабулдагы Серена мейманканасындагы жардырууну пландаштырган деп эсептелет. Жардыруудан соң Хумаюн Пакистанга качып кеткен, бирок президентке кол салууну уюштурууга жардам берүү үчүн ал кайра Ооганстанга кайтып келиптир. Хумаюн жана Сираж Хаккани сыяктуу согушчандар Пакистандагы уруу башчыларынын колдоосуна ээ. Алар “ал-Каида” жана Талибан кыймылдарын колдоп, батышчыл келген Хамид Карзайдын өкмөтүнө каршы аракеттерди көрүп жатат, дейт Ооганстандын чалгындоо кызматынын башчысы Амрулла Салэ:

- Пакистан эки жүздүү саясат жүргүзүүдө. Алар террорчулук менен согушуп жатат. Бирок ошол эле маалда бийлик жергиликтүү согушчандар менен өз ара сүйлөшүп алган. Сүйлөшүүгө ылайык, согушчандар Пакистандын шаарларында жардыруу уюштурушпайт, ал эми бийлик аларга Ооганстанга каршы иш жүргүзүүгө бут тоспойт.

Пакистан бийлиги мындай айыптарды четке кагат. Алардын айтымында, “ал-Каида” жана Талибандын Пакистандагы баардык мүчөлөрү камакка алынган. Анткен менен, АКШ куралдуу күчтөрү “ал-Каида” жашынып жатат деп шектелген Пакистандагы жерлерди ракета менен атып чыкты. Расмий Исламабад мындай чараларды Пакистандын эгемендүүлүгүнө доо келтирүү деп баалады.

Ооган президентине кол салуу боюнча доо-арыздар тышкы душмандар менен чектелген жок. Ооганстан парламентинин мүчөсү Шукрия Баракзаинин айтымында, мындай кол салууну 2-3 киши гана пландаган эмес.

- Ооган өкмөтү эки түрдүү душманга ээ. Бири - Талибан сыяктуу ачык душман. Экинчиси – системанын ичинде жашынган эскичил саясатчылар. Алар системаны ичинен жок кылып жатышат. Эгер бул кол салууну тергеген атайын комиссия камакта отурган 2 катардагы кызматкерден башка эч кимди таппаса, анда мындай бийликке ишеним азаят.

Ооганстандагы коопсуздук үчүн жоопту болгон Вардак, Салэ жана ички иштер министри даярдалып жаткан кол салуу тууралуу алдын ала маалымат бар болгонун мойнуна алышты, бирок аны токтото алышкан жок. Өткөн аптада парламент бул үч министрге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды, бирок үчөө тең азырынча дагы эле өз кызматтарында иштейт.

XS
SM
MD
LG